Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Банктардагы кызмат көрсөтүү төлөмдөрүн карап чыгуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 20-январда коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, банктарда акча алмаштыруу, накталай акча чыгаруудагы комиссия төлөмдөрүн кайра карап чыгуу жана негиздүү болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында кардарларга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталган. Көзөмөл банктын жетекчиси мыйзам бузуулар аныкталган учурда чара көрүлөрүн эскертти. Быйыл валюта базарындагы олку-солку кырдаалдан улам коммерциялык банктардын кирешеси өстү. Ар кандай операцияларга төлөмдөр киргизилген.

BNC Finance инвестициялык компаниясынын талдоосуна ылайык, жалпысынан кыргыз банктарынын 2022-жылдын январь-сентябрь айларындагы валюталык операциялардан тапкан кирешеси былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 539% өскөн.

Тагыраагы, банктар 2021-жылдын тогуз айында валюталык операциялардан 11 млрд. 11 млн. сом таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын ошол мезгилиндеги пайдасы 59 млрд. 302 млн. сомго жеткен. Валюталык операцияларга акча которуулар, чет өлкө валютасын накталоодон комиссия алуу жана акча алмаштыруу өңдүү иштер кирет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG