Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Президент Жетим-Тоо кенин иштетүүгө 9 млрд доллар каражат кетерин айтты

Жетим-Тоо кени жайгашкан жер. Иллюстрациялык сүрөт.
Жетим-Тоо кени жайгашкан жер. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нарындын Ат-Башы районунда эл менен жолугушуу учурунда Бейшен Момуналиев аттуу тургун өлкөдө курулуштар арбын жүрүп жатканына байланыштуу Жетим-Тоо кенин иштетип, темир өндүрүп баштоону сунуштады.

Президент Садыр Жапаров кенди иштетүүгө каражат изделип жатканын билдирди.

“Жетим-Тоону азыр изилдеп жатабыз, Кумтөр сыяктуу 100% өзүбүз иштетели деген аракет көрүүдөбүз. Бирок, өтө чоң каражат кетет экен. Болжол менен 9 млрд доллар каражат. Бирок, ошол салынса өзүн 5-10 жылда актайт экен. Азыр өзүбүз иштетебиз деп каражат издеп жатабыз. Күчүбүз жетип калса өзүбүз иштетебиз, болбосо 70-30 дейбизби, 60-40 дейбизби, инвестор тапсак кошо иштетебиз”, - деди президент.

2024-жылы 22-январда президент Садыр Жапаров “Кыргыз экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү жер элементтерин казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” жарлык чыгарган.

Анын негизинде 2024-жылы геология тармагын өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Өкмөт аны жаңы кендерди ачууга, геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, атайын техника сатып алууга, адистерди окутууга, пайдалуу минералдарды издөөгө, чалгындоого жана баалоого жумшай турганын билдирген. Өлкөдөгү кен байлыктарын иштетүүдө мамлекетке 30% кем эмес үлүштү камсыздоого милдеттендирилип “Кыргызалтын”, “Кыргызкөмүр” жана “Кыргызгеология” ишканаларына лицензиялар берилген.

2022-жылы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өзү иштетерин, башкаларга үлүш берилбей турганын жазган. Бул сөздү кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков да кайталап, кенди мамлекет 100% өзү иштетерин маалымдаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG