Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:45

"Кемпир-Абад иши": Акталган активист кенемте талап кылат

Перизат Суранова "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу 2022-жылы октябрда камалып, 2023-жылы мартта үй камагына чыккан.
Перизат Суранова "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу 2022-жылы октябрда камалып, 2023-жылы мартта үй камагына чыккан.

мазмуну

  • “Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, кийин соттон акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Ал мындай жагдайга туш болгондор өтө көп экенин, бул ишке укуктук, саясий жана тарыхый баа берилиш керектигин айтты.
  • Ушул эле иш боюнча айыпталган Клара Сооронкулова буга чейин арыз тапшырган.
  • Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, соттук териштирүү узакка уланган. Өзүлөрү бул "токулган иш" экенин айтып, коюлган кинени четке кагып келишкен.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелеринин негизинде козголгон ишке кийин “жашыруун” деген гриф коюлган эле.

Райондук соттон 2024-жылы, ал эми быйыл УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин шаардык соттон да акталган саясатчы, активисттердин кенемте талап кылганына бийликтин реакциясы кандай болот? Соттон акталгандан кийин укугун коргоп кенемте талап кылуу эмне үчүн маанилүү?

Жарандык активист Перизат Суранова кенемте боюнча 7-октябрда сотко арыз тапшырганын "Азаттыкка" ырастап, бул ишке укуктук, саясий жана тарыхый баа берилиши керектигин белгиледи. Ал билдирүүсүндө мындай жагдайга туш болгон жарандар өтө көптүгүн жана бул мамлекеттин жоопкерчилигине байланыштуу маселе экенин белгилеген:

Перизат Суранова
Перизат Суранова

"3,5 жылдын ичинде мен убактымды, эркиндигимди, кесиптик жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүмдү, туруктуулугумду жоготтум. Албетте, эң негизгиси, менен ден соолугум. Анткени бир эмес, бир нече жолу операция жасатууга туура келди. Мунун баары менин жашоомо, келечегиме өтө олуттуу терс таасир этти десем адашпайм. Компенсация мен үчүн акчалай маселе эмес, бул мамлекеттин мага келтирилген зыянды таануусу. Бузулган укуктарым үчүн жоопкерчилик өтө маанилүү. Бул чоң, көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды. Албетте, келтирилген зыян, коротулган убакыт жана сарпталган мүмкүнчүлүктөрдү кайтарып бере албайт. Бирок адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө салымын кошот деп ойлойм. Ошондой эле мындай терс көрүнүштөрдүн кайталанбашына дагы салым болот деп эсептейм. Жабыр тарткандар арасында сүйлөшүүлөр болду, бирок беш айымдан сырткары дагы ким доо арыз менен кайрылары тууралуу менде маалымат жок".

Кенемтеге байланыштуу арыз берилгенин аталган соттон дагы "Азаттыкка" ырасташты.

Ушул эле иш боюнча айыпталган Клара Сооронкулова да кенемте маселесинен улам арыз тапшырганы белгилүү болду. Анын арызы 22-октябрда каралат.

“Кемпир-Абад иши” деп аталган жараян Кыргызстандын соңку жылдардагы эң чуулгандуу саясий процесстеринин бири болуп калды.

Бишкек шаардык соту да райондук соттун өкүмүн колдоп, “Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталгандарды актагандан кийин эле алардын айрымдары 3,5 жылга созулган “саясий иш үчүн ким жооп берет” деген суроо жаралган.

Айыпталгандар соттун чечими чыккандан кийин эле негизсиз иш козгоп, калпыстык кетирди деген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо үчүн арыз жазуу тууралуу сүйлөшүп жатканын билдиришкен эле. Алар мындан ары дагы адам укугунун, конституциялык укуктардын бузулушуна жол бербөө зарыл экенин белгилеп, кийинкилерге сабак болсун үчүн ушул кадамга барыш керек деп эсептей турганын айтышкан.

Соттун чечиминен алты ай өткөндөн кийин айыпталуучулардын алды эми кенемте маселесин козгоп жатат.

Бул иш боюнча айыпталгандардын арасында таанымал саясатчылар, журналисттер, активисттер баары тең 3,5 жылдан бери тергөөдө да, соттук териштирүүдө да күнөөсү жок экенин айтып келишкен. Бир нече жылдан бери ушул иш менен жүрүп, айрымдары анын көбүн камакта өткөрүшкөн. Соттук териштирүү айыпталуучулардын жашоосуна олуттуу таасир тийгизип, алар материалдык жана моралдык чыгым тартып, ден соолугуна доо кеткенин белгилешет.

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналып 2022-жылы октябрда кармалгандардын эң азы жарым жыл, көбү дээрлик 2 жыл абакта отурду.

Камалып чыккандардын арасында укук коргоочу Рита Карасартова да бар. Ал туура эмес камагандар "жооп бериши керек" деп эсептейт:

Рита Карасартова
Рита Карасартова

"Негизи жоопкерчилик маселеси абдан маанилүү. Эгер мыйзамсыз куугунтукталып, акталып чыкса реабилитацияга, компенсацияга укугу бар деп жазылган. Эгер муну кыймылдатпаса ал кагаз жүзүндө эле калып калат. Биз, саясатчылар, анын ичинде укук коргоочулар, муну өзүбүздүн аракетибиз менен жөнөкөй эле көрсөтүшүбүз керек. Экинчиден, биз арызданбасак, кенемте албасак анда милиция, тергөөчүлөр ушундай эле куугунтукту жасай беришет. Бизге алты айдын ичинде кайрылсаңар болот деп жазыптыр. Кээ бирөөлөр кайрылсам жогорку инстанцияга жазып, актоо өкүмдү бузуп салат деп коркушат. Унчукпай отура берсек дагы туура эмес болуп калат. Кандай болсо дагы айымдар жана эч саясатчыларга тиешеси жок куруучу Нурлан Асанбеков арыз берели деп кайрылып жатабыз. Бардык нерсени калыбына келтире албайсың, анткени бул бир эле адамга тиешелүу эмес да. Мисалы, менин балдарым азыр милицияны көргөндө травма алып калышкан, канча көз жашын төгүштү. Муну документтештирип өлчөп, сотко бере албайсың. Бирок бул мамлекеттик деңгээлде ар бир мыйзамсыз жасалган ишке жоопкерчилик болот деген маселе. Бул ошол тергөөчүгө дагы минус. Ушул система иштей баштаса ачык далил болмоюнча жөн эле экспертиза жасап коюп кылмыш ишин козгоодон баш тартып калышат".

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иш боюнча өкүмүн 2024-жылдын 14-июнунда жарыялаган. Анда айыпталган жалпы 27 кишинин 22сине актоо өкүмү чыккан.

Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.

Булардан Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов бир жыл сегиз ай дегенде райондук соттун өкүмүнөн соң сот залынан бошотулган.

Калган айыпталуучулар ага чейин ар кандай жагдайда, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Бул иш Бишкек шаардык сотунда эле 1 жыл 8 ай каралды. Жоон топ саясатчы, активисттер жумасына үч күн жумушка баргандай каттап турушкан.

Соттон акталгандан кийин укугун коргоп кенемте талап кылуу эмне үчүн маанилүү? Бул суроо менен адвокат Акынбек Ногоевге кайрылганыбызда ал моралдык жана материалдык кенемте өндүрүү, биринчиден, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп эсептелерине көңүл бурду:

Акынбек Ногоев
Акынбек Ногоев

"Анткени жарандардын коомдогу атын жана аброюн толугу менен калыбына келтириш керек. Экинчиден, келтирген зыяндын ордун толтуруу. Бул материалдык зыян, мыйзамсыз камакка алуу же тергөө учурунда жоготкон эмгек акы, жактоочуга кетирген акчаны мамлекеттин эмебинен кайтарып алуу. Моралдык зыян - мыйзамсыз куугунтуктоо, кайгы-кападан улам психологиялык абал, азап тартканы үчүн акчалай кенемте өндүрүү. Үчүнчү, эң маанилүүсү - мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу, тактап айтканда, тергөө, укук коргоо, прокуратуранын катасы, мыйзамсыз аракети үчүн мамлекеттик казынадан компенсация төлөнөт. Бул укук коргоо органдарынын жоопкерчиликтүү иш алып баруусуна түрткү берет. Төртүнчүсү, эмгек жана социалдык укуктарын калыбына келтирүү. Мамлекет өз казынасынан каражат төлөп бергенден кийин ката кетирген кызматкерлерди жоопкерчиликке тартышы керек. Бирок менин практикамда негизсиз иш козгоп, соттоп, камакка алган тергөөчү, прокурорлорду жоопко тарткан учурларды уга элекмин".

Ушул эле иш менен камалып, соттон акталган саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин “кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиевди, Курманкул Зулушевди жана Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду сотко берүүнү максат кылып, бирок аларды президент Садыр Жапаров токтотуп койгонун билдирген.

Айыпталгандардын дагы бири Жеңиш Молдокматов кенемте маселесин көтөрүү азырынча планда жок экенин билдирди:

Жеңиш Молдокматов
Жеңиш Молдокматов

"Жалпы отуруп талкуу деле болгон эмес. Берген менен деле кажет жок го дейм, менин башымдан өткөн. Октябрь окуясы боюнча айыптап камаганда Жогорку сотко чейин барып, утуп чыкканбыз. Ал жерде маселе каражатта эмес, утуп чыгыш керек болчу. Бул саясий прецедент болгон".

Молдокматовду 2021-жылы май айында Ички иштер министрлиги кармаган. Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган. 2022-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актаган. Бейкүнөө абакта отурганын айтып саясатчы бийликтен компенсация талап кылган.

Райондук сотто "кемпирабадчылар" боюнча алгачкы актоо өкүмү чыккандын эртеси, 2024-жылдын 15-июнунда президент Садыр Жапаров комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Азырынча прокуратура шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко даттанабы, жокпу, айтыла элек. Ошондон улам дагы "кемпирабадчылардын" ичинде арыз жазуу, жазбоо боюнча пикир бирдей эмес.

Экинчиден, үй-бүлөсү, балдары азап тарткандар кайрадан соттон сотко сүйрөлүп жүргүсү келбейт. Айыпталгандардын арасында бийлик менен кызматташып жаткандары дагы бар.

Буга чейин айыпталгандардын айрымдары бийлик аларга дале көз салып, ар бир кадамын карап турарын айтышкан.

"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталуучулардын арасынан Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши ага чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө каралып жатканы айтылган.

Дагы бир активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) иши ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө каралмай болгон.

Айыпталуучулардын арасынан азыркы тапта саясатчы Равшан Жээнбеков гана камакта, ал Кой-Таш окуясы боюнча өткөн жылдын июнь айында камакка алынган.

“Кемпир-Абад иши” деп аталып калган сот жараяны Кыргызстандын соңку тарыхындагы чуулгандуу саясий процесстердин бири.

Кыргызстан да, Өзбекстан да эгемендик алгандан берки жылдары ортодогу чек ара тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан түрдүү окуялар катталып келген.

2021-жылы 24-25-мартта УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев Ташкентке барып, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйынына катышып келгенден кийин президент Садыр Жапаровго маалымат берип, анда чек аранын калган тилкелери боюнча бардык маселелер жер тилкелерин айырбаштоо принциби менен каралып чыкканын айткан. Жапаров чек ара боюнча чечимди тарыхый кадам деп баалаган.

Бийликтин Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча билдирүүлөрүнөн кийин 2022-жылы бир катар нааразылык акциялары өткөн. Өзгөндө жергиликтүү активисттер суу сактагычтын жанына боз үй тигип, жыйын, жүрүштөр Бишкекте да уюштурулган. Милиция алардын айрымдарын суракка алган. Москвадагы кыргызстандык мигранттар да бийликтин чечимине каршылык билдиришкен. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. “Бириккен демократиялык кыймыл” (БДК) оппозициялык уюму нааразылыгын билдирген.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 2022-жылдын 15-октябрында бир катар оппозиционер саясатчы катышкан элдик курултай өтүп, резолюция кабыл алынган жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөнү маалым болгон. Бир апта соң алгачкылардан болуп саясатчы Азимбек Бекназаров атайын кызматка суракка чакырылган. 23-октябрда бул маселе тууралуу оюн ачык билдирген оппозиция өкүлдөрү, активисттер жапырт суракка чакырылып, үйлөрү тинтилип, камакка алына баштаган.

Кылмыш иши “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен козголуп, 2023-жылдын январында “жашыруун” деген гриф коюлган.

Ишти ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG