Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Медресеге ыктаган өспүрүмдөр


Кыргызстанда балдардын мектепке эмес, мечитке барган учурлары көп каттала баштады.
Кыргызстанда балдардын мектепке эмес, мечитке барган учурлары көп каттала баштады.

Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.

Жер-жерлерде балдарын медреселерде окутууга ынтызар ата-энелердин катары өсүп жаткандыгы айтылууда. Бул аралыкта Ички иштер министрлиги ата-энеси бар балдардын мечиттерде конуп-түнөп калышы экстремисттик-радикалдык идеологиянын таасирине кирип кетпес бекен деген чочулоосун билгизди. “Азаттыктын” кабарчылары балдардын диний таалим алуусунун ушул өңүттөрүнө кайрылышты.

Баткендин Тажикстан менен чектеш Кара-Бак деген айылында жалпыга билим берүүчү мамлекеттик бир толук, бир толук эмес мектеп, ондон ашык мечит-намазкана, бир медресе бар. Орто мектепте билим алып жаткан эки бала Куран жаттап «Кары» макамын алышкан. Орто мектепте окуган 32 бала айылдык медреседе жашап, диний билим алат экен. Мектебинен медресеси көп Кара-Бак айылына кабарчыбыз Жеңиш Айдаров барып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Ошто он күндөн кийин мечиттердеги окутуу лагерлери ишин баштайт. Бирмечитте кеминде 50-60, болбосо жүзгө чукул бала күнү-түнү жатып билим алат. Кээ бир жерлерде балдарга Ислам университетинин студенттери, айрым мечиттерде имамдар сабак өтөт. Бирок ошол эле кезде диний лагерлерде окуу шарт начар экендиги жана андагы балдар ар кандай агымдарга азгырылып кетүү ыктымалдыгы жогору экени айтылууда. Толугураак кабарчыбыз Эрнист Нурматов айтып берет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00
Түз линк

Жалал-Абадда медресеге ыктаган окуучулардын саны арбыды. Учурда облус аймагында апты медресе каттоодон өтсө, алардын ичинен экөө кыздар медресеси. Адистер болсо бул окуу жайлардын лицензияларын кайрадан карап чыгууну сунуштап жатышат. Анда билим алып жаткан жаштар менен кабарчыбыз Руслан Калматов баарлашкан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00
Түз линк

Нарын шаарында салынып жаткан 80 орундуу медресе ушул күздө ачылганы турат. Буга ислам илимин терең окууга умтулган мектеп окуучуларынын көбөйгөнү себеп болууда. Учурда Нарын облустук казыяттынын алдындагы балдар медресесинде 33 бала тарбияланып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү 9-классты аяктаган соң мектепти токтотуп, медреседен билимин улантып жаткандар. Теманы аймактан кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00
Түз линк

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда миңдей баланын мечиттерде жашап жатканын жарыялаган. Бирок Муфтият бул маалыматты четке кагууда. Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы бир да медресеге балдарды окутууга лицензия бербегенин билдирди. Кененирээк кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
Түз линк

Жылдан жылга балдарын жайкы медреселер, ислам лагерлерине жиберген ата-энелердин саны көбөйүүдө. Мындай окуу жайлар жеткинчектердин тарбиясына кандай таасир этет? Балдар арасындагы радикалдашуунун себеби чаржайыт ачылып жаткан диний окуу жайларда эмеспи? Радикалдашуунун алдын кантип алса болот? Кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаеванын суроолоруна Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетинин мудариси диний эксперт Зайнабидин Ажыматов жооп берди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG