Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:33

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн, жакын арада пенсиясына да каражат кошулуп каларын маалымдады.

Байкоочулар шайлоо алдында мугалимдерге көптөгөн социалдык камкордуктар убадаланып жаткандыгын, ошол эле учурда билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрү канааттандырарлык эмес экенин айтышууда.

Педагогикалык колледжди аяктаган Элнура Арстанбекова 22 жашта. Ал мугалимдин айлыгы аз деп башка жумушта иштеп жүрүп, эми өз кесиби менен иштейин десе орун жок болуп жатканын айтты:

- Жаңы бүтүп келген, жаш кадрларга 2-3 миң сом айлык дешкенинен мектепке иштөөнү каалаган эмесмин. Башка эле жумушта иштеп жүрдүм. Былтыртан тартып, айлык акы көбөйдү, 7-8 миң сомдон ашты дегенди угуп, мектепке иштейин деп барсам, орун жок деп жооп беришти.

Олчинбек: Оштон издегенимди Африкадан таптым

Олчинбек Рахманов Нигериядагы жалгыз кыргызстандык мугалим. Ал баш калаа Абужада жергиликтүү окуучуларды математикадан дүйнөлүк олимпиадаларга даярдайт.

Азыр педагогикалык билими бар, мектепке орношууга ынтызар Элнура өңдүү мугалимдердин катары өсүүдө. Ош шаарындагы ири мектептердин бири, №30 Алиев атындагы орто мектепте мугалимдер жетиштүү, иштейт элем деп келгендерге орун жок болууда. Мектептин директору Махбурат Маматалиеванын "Азаттык" үналгысына берген маалыматы боюнча, предметтик мугалимдер көп кайрылышат:

- Бизге жаңы окуу жылы башталганда кайрылгандар көп болот. Башталгыч класстын мугалимдеринен тартып, предметтик сабактардын мугалимдерине чейин көп кайрылышат. Орун жок деп кетиребиз. Мурункудай Орусияга, башка жакка кеткендер жок. Декреттик отпускага эле кетпесе, негизинен келип-кетүү аз.

Мугалимдик кесипке ынтызарлыктын артышын бийлик өкүлдөрү биринчи кезекте маянанын жогорулагандыгы менен түшүндүрүүдө. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын 13-июнда журналисттерге билдиргени боюнча, 2011-15-жылдарда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында мугалимдердин айлык акысы төрт эсеге көбөйдү:

- Бул реформанын алкагында мугалимдердин айлыгы 3,5 миң сомдон 13 800 сомго чейин жогорулады. Акыркы жылдары билим берүүгө мамлекет башчы тарабынан, өкмөт, парламент тарабынан мамлекеттик деңгээлде жакшы колдоо көрсөтүлүп жатат.

Социалдык камкордук убадасы

Өткөн жумада Ысык-Көлдөгү "Асыл" пансионаты да мугалимдерге берилгени кабарланды. Министрдин маалыматы боюнча, пансионаттын аймагында мугалимдер үчүн көп орундуу имарат курулушу башталуу алдында турат.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште мугалимдердин пенсиясын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык, 20 жылдан көп иштеп пенсияга чыккан мугалимдер азыркыдай 5 миң сомдун тегерегинде эмес, 10 миң сомдон ашуун, ал эми 25 жылдан көп иштегендер 13 миң сомго жакын пенсия алышат. Бул мыйзам долбоорун 12-июнда парламенттеги Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети карап, жактырган.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Мамлекеттин мугалимдерди камкордукка чечкиндүү алып жатышын байкоочулар күзүндө боло турган шайлоого да байланыштырышууда. Муну мугалимдердин бардык шайлоо жараяндарын уюштурууда негизги күч болуп келатканы менен түшүндүрүшөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов мугалимдерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүсө, алардын кадыр-баркы дагы өсөт деген ишеничте:

- Бийлик өкүлдөрү да, коомчулукта да мугалимдерди пайдаланууга аракет кылышат. Мисалы, кандайдыр бир иш-чараларда, жолугушууларда залды толтуруп берүүчү, даталуу күндөрү аянтты толтуруучу көпчүлүк күч катары колдонушат. Мындай болбошу керек. Илгеркидей, коомчулук устатты сыйлаган, мугалимди барктаган түшүнүккө келиши керек.

Билим берүүнүн чабалдыгы

Ошол эле учурда адистер мугалимдерге камкордук менен билим берүү сапатын чогуу колго алууга чакырып жатышат. Билим берүү жаатындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров билим берүү системасын, окуу программаларын түп-тамырынан бери өзгөртүү керек деп эсептейт:

- Тилекке каршы, биз окутуп жаткан нерсе, берилип жаткан билим аягында келип, баланы билимдүү адам кылып чыгарып жатабы деген суроо коюла элек. Аны ишке ашыруу үчүн эки нерсе зарыл. Биринчиден, мектептин программасын түп-тамырынан өзгөртүү керек. Экинчиден, мектептин ичинде мугалимдер бири-бирине кеңеш берип, усул-ыкмаларынан бөлүшүп, бири-бирин көзөмөлдөп, сапатты көтөрүп туруучу механизмдерди ишке киргизүү керек.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

Мугалимдердин билимин жана педагогикалык жөндөмүн текшерүү максатында быйыл жазда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы атайын тест жүргүзгөн. Аталган башкармалыктын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратовдун маалыматы боюнча, тесттин натыйжасында мугалимдердин гана эмес, мектептердин да билим берүүнү уюштуруу жөндөмү ачыкка чыккан:

- Биздин пилоттук тестирлөөбүздө айрым мугалимдердин билим деңгээли мыкты, өзүнүн предметин өтө жакшы билээри аныкталды. Бирок алар окуткан балдардын жетишкен ийгиликтери көрүнбөйт. Окуучуларынан такыр жыйынтык жок. Демек, бул мугалимдер өздөрүнүн предметин мыкты билет, бирок аны балдарга жугуза алган эмес. Педагогикалык тажрыйбасы, чыгармачылыгы өнүкпөй калган. Айрым мектептерде болсо, окуучулардын жыйынтыктары жакшы, ийгиликтери көп. Бирок, мугалимдеринин предметин билгени анча эмес. Демек, бул мектепте уюштуруу иштери жакшы, директордун талабы күчтүү, окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө түрткү берүү да жакшы. Булар жакшы педагогдор. Мамлекет мына ушундай жакшы жыйынтык көрсөтө алган мугалимдерге колдоо көрсөтүп, аларга кандайдыр бир деңгээлде стимул бериши керек.

Жалал-Абаддагы мектептердин бири.
Жалал-Абаддагы мектептердин бири.

Бул пикирди Ош шаарындагы Алиев атындагы орто мектептин директору да кубаттайт. Махбурат Маматалиеванын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, учурда мугалимдердин билимин өркүндөтүүнү Билим берүү министрлигинен гана күтпөй, мугалимдер өздөрү, мектептер да аракет кылып, ишке ашырууга тийиш:

- Билим берүү жана илим министрлиги да мугалимдердин адистигин өркүндөтүүчү курстарга чакырып турат. Бирок, аларды эле карап отурбай, биз өзүбүз да аракеттенип жатабыз. 2014-жылдан бери ОшМУнун алдындагы курстардан акы төлөө менен мугалимдерибиздин билимин өркүндөтүп жатабыз. Биздин мугалимдер компьютер менен иштөө, интернетти, интерактивдүү досканы колдонуу боюнча курстарда окушту.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдөгү орточо айлык акы 14 миң сом, ал эми минималдуу жашоо өлчөмү 6240 сом. Билим берүү жана илим министрлиги бүгүнкү күнү мугалимдердин орточо айлык акысы 12 300 сом деп маалымдоодо. Ал эми көз карандысыз эксперттер мугалимдердин орточо айлык акысы 7-8 миң сомдун айланасында деп белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG