Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:53

Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы саналган Барак айылындагы социалдык маселелер дагы эле толук чечилбей турат.

Коңшу мамлекетте бийлик башындагылар алмашып, чек ара саясаты жумшара түшкөндөн бери жакшылыкка үмүт арткан элеттиктер каттоо азабын чечер бекен деп Бишкек менен Ташкентке үмүт артып турган чагы.

Барак айылынын башчысы Бурханбек Ашуров "Азаттыктын" суроолоруна телефондон жооп берди:

"Азаттык": Өзбекстанда бийлик башына келгендер коңшулар менен ымаланы чыңдоо жөнүндө тынбай сөз кылып жатат. Чек ара көйгөйлөрүн азайтуу убадалары берилип, кыргыз-өзбек өкмөттөрү бул жаатта үч айдан бери сүйлөшүү жүргүзүүдө. Сиздердин айыл 2013-жылдан бери дээрлик жабык. Азыр абал кандай?

Көздөн учкан Барак

Барак айылы Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы эксклавы болуп эсептелет. Ал жерде 300гө жакын түтүн жашайт. 2013-жылы январь айында Баткендеги Сох анклавында чыккан чырдан кийин өзбек тарап Баракка кеткен жолду бир тараптуу жаап койгон. Ошондон бери алар эки өлкөнүн ортосундагы “Достук” өткөрмө пунктунан жана Кызыл-Кыя шаарына жакын өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга катташат.

Бурханбек Ашуров: Быйыл эгемендик майрамына карата 21-августтан 19-сентябрга чейин Өзбекстан чек араны жаап, эл Кыргызстанга такыр өтпөй турду.

18-сентбярда Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация жана демаркация иштери боюнча жумушчу тобу Барак айылына келишти. Абалды көрүп, жагдайыбыз дурус эместигин байкашты. Маселе чечилет деген убадаларды беришти.

"Азаттык": Сиздер Кыргызстанга Кызыл-Кыядагы чек ара бекетинен гана каттап жүрөт эмессиңерби? Өзүңөргө жакын “Достук” пунктунан өтүүгө уруксат сурап жаткансыңар. Ал эмне болду?

Бурханбек Ашуров: Дагы эле Кызыл-Кыя менен каттайбыз. Бирок быйыл 3-ноябрда Өзбекстан тараптан кишилер келип, “бүгүнтөн баштап “Достук” өткөрүү пунктунан жол ачылды” деп айтышкан. “Достуктагы” чек арачылар деле эч кандай тоскоолдук кылышпады. Бирок Бажы кызматы менен Фитосанитария кызматында иштегендер “бизге эч кандай буйрук келген жок, өткөрө албайбыз” деп туруп алышты. Үч күн каттадык, 7-ноябрда кайра жабылды. Жакын арада бул маселе чечилет деген чоң үмүтүбүз бар. Муз ордунан көчтү дегендей, өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жатпайбы. Кыргызстандын жетекчилери көз карандысыз коридор боюнча демилге көтөргөнүнөн кабардармын. Анын картасын да көрдүм. Муну эми өзбек тарап талкуулап, макулдук берсе эле маселе чечилет.

"Азаттык": Дыйканчылык маселесин канттиңер? Бир-эки жылдан бери жыйган түшүмүңөрдү, пахтаңарды сата албай кыйналып жүргөнүңөрдү билебиз.

Бурханбек Ашуров: Кыргызстанга каттообуз 2013-жылы татаалдашпадыбы. “Достук” өткөрүү пункту биз үчүн жабылып, Кызыл-Кыядан айланып каттап калдык да. Ошондуктан үч жылдан бери пахта эгүүнү токтоттук. Анткени, пахта – стратегиялык чийки зат болуп эсептелет экен. Аны өндүрүп, сатуу чоң көйгөйгө айланган. Азыр эл буудай, жүгөрү, жашылча-жемиш менен эле тиричилик кылууда.

"Азаттык": Соода-сатык маселеси кандай болуп жатат?

Бурханбек Ашуров: ​Адамдар күнүмдүк тиричилик үчүн Кызыл-Кыядагы чек ара пункту аркылуу Кыргызстанга өтүп соода кылып келишет. Сата турган жемиштерин машинеге жүктөп кетишет. Ал жактан керектүү нерселерди алып келишет. Тиричилик өтүп жатат. Бирок жашоочулар да аз калды.

"Азаттык": Канча түтүн жана канча жан бар азыр?

Барактыктар ооруп калса, эмчи-домчулар менен дарыланып жүрүшөт. Чек арадан өтүп, базарга барганда дары-дармек алып келип коюшат. Өтө олуттуу ооругандарды чек арачылар менен сүйлөшүп, Ошко жөнөтөбүз.

Бурханбек Ашуров: Ушул тапта 23 түтүн туруктуу жашап жатат. 92 киши жашайт. Кара-Суунун Сары-Колот деген жеринен Барактын тургундарына деп 150 жер тилке бөлүнгөн. Бирок 13 кожолук гана үйдү бүтүрүп киришти. Башкаларында мүмкүнчүлүк жок. Мамлекет 200 миң сомдон жардам берди, ошентсе да турак жай тургуза албай жүргөндөр бар

"Азаттык": Барак айылындагы мектеп жана оорукана маселесин кантип атасыңар?

Бурханбек Ашуров: 2008-жылы заманбап фельдшердик-акушердик пункт салынган. Бирок иштегенге адис жок, жабык турат. Эл өзү менен өзү. Ооруп калса, эмчи-домчулар менен дарыланып жүрүшөт. Чек арадан өтүп, базарга барганда дары-дармек алып келип коюшат. Өтө олуттуу ооругандарды чек арачылар менен сүйлөшүп, Ошко жөнөтөбүз.

Кара-Суунун Акташ айылындагы Шеркулов мектебинин филиалы биздин кыштакта иштейт. Жети эле окуучу бар. Ар кайсыл класста окуйт. Аларга эки гана мугалим сабак берет. Колунда барлар балдарын Ошко же башка жактарга мектептерге беришкен. Мурда өзүбүздө Сулайманов атындагы №1 орто мектеп бар эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG