Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Өзбекстан: имамдар элди пахта теримге үндөөдө


Пахта теримге чыккандар
Пахта теримге чыккандар

Өзбекстандагы айрым мечиттердин имамдары жума намазга келгендерди пахта теримге чакырып жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Алардын арасында пахта терүүнү исламдагы милдеттердин бири катары түшүндүргөндөрү да бар экени кабарланат. Ошол эле учурда өлкөдөгү көпчүлүк мечиттерде пахта терим үчүн акча да жыйналууда.

Бул маалыматтарды Ташкенддеги “Хазрати Али” мечитинде иштегендердин бири да ырастаган. Анын айтымында, имамдарга мындай көрсөтмө Өзбекстан муфтиятынан берилген.

Башка аймактарда да ушундай чакырыктар болгонун мечитке баргандар айтышкан. Кээ бир айылдык имамдар өздөрү да пахта теримге чыгууда.

Эл аралык уюмдар бир нече жылдан бери жарандарын пахта жыйноо сыяктуу оор талаа иштерине мажбурлаганы үчүн расмий Ташкентти айыптап келет.

XS
SM
MD
LG