Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:46

Тажикстан талаштуу аймакка мектеп курду


Талаштуу аймактагы жаңы курулган тажик мектеби. Спитамен району, 27-апрель, 2016.
Талаштуу аймактагы жаңы курулган тажик мектеби. Спитамен району, 27-апрель, 2016.

Өлкө түндүгүндөгү Согдинин Спитамен районундагы Сарбанд айыл аймагы бир канча жылдан бери Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда талаш болуп келатат.

Айылдагы жалгыз мектеп да өзбек тилинде окутуп, Өзбекстандын билим берүү программасы менен иштейт. Бул талаштуу аймактагы Жами кыштагына Тажикстан эми алгачкы мектебин ачты.

Талаштуу аймакта Ташкентти тиктеген бир эле мектеп болгон

Жаңы мектеп Өзбекстандын Бекабад району менен чектешкен Фархад суу сактагычынын жанындагы Сарбанд жамаатына курулду. Тажиктер менен өзбектер жанаша жашаган чек аралаш бул кыштакта буга чейин Өзбекстандын мектеп программасы менен окуткан өзбек тилиндеги бир эле мектеп болгон. Мектеп мугалимдерине эмгек акы да Өзбекстандын бюджетинен төлөнөт.

Мектеп жайгашкан кыштак Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу аймак саналат. Ал географиялык жактан Тажикстандын аймагында турса, административдик жактан Өзбекстанга карайт. Мындай так эместиктен кыштак калкы да түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп келет.

Согди облусунун төрагасы Абдурахмон Кодири 26-апрелде мектептин ачылышында сүйлөп жатып ал тажик окуучуларына мамлекеттик мектеп программасын жеткирүү максатында жергиликтүү эл менен мугалимдердин демилгеси менен курулганын белгиледи.

Спитамен району
Спитамен району

Спитамен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баходур Турабаев “Азаттыктын” тажик кызматына Жами жана Дусти айылдарында мектеп болбогондуктан балдар беш чакырым аралыкта турган кошуна кыштактагы өзбек мектебине барып окууга аргасыз болуп, мунуна айынан 90 чакты тажик окуучусу кошуна өлкөнүн программасы менен билим алып келгенин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, азыр ошол өзбек мектебиндеги окуучулардын 70 пайызы жаңы тажик мектебине көчтү. Арасында этникалык өзбектердин да балдары бар. Алардын ата-энелери балдары мамлекеттик тилде окуусун каалашкан.

- Азырынча мектеп 9-класска чейин окутат. Эки жыл ичинде ал толук орто мектепке айланып, 11-класска чейин билим бере баштайт, - деген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектеп эки нөөмөттө 480 окуучуга ылайыкташканын кошумчалады.

Согди облустук акимчилиги чек ара аймагындагы тажик мектеби төрт айда курулуп бүтүп, 2 миллион 800 миң сомони же 354 миң доллар сарпталганын кабарлады.

Жами кыштагынын бир тургуну жаңы мектеп ачылышы менен балдары өз тилинде окууга мүмкүнчүлүк алганына кубанууда:

- Биз Тажикстанда жашайбыз, эне тилибиз - тажик тили. Өзбек кошуналарыбыз да балдары мамлекеттик тилде окуусун каалашат. Алар Тажикстанда жашагандыктан балдары мамлекеттик тилди билиши керектигин түшүнүп жатышат.

Бул айылдын өзбек тектүү бир жашоочусу Хуршеда Шокирова эки баласы өзбек мектебин бүтүргөнүн, эми неберелери жаңы мектепте окуп, мамлекеттик тилди үйрөнүүсүн каалап жатканын белгиледи.

Тажикстанда туруп, Өзбекстанга караган аймак

Тажикстан менен Өзбекстан бул жердеги Сарбанд айылын жана анын жанындагы Фархад ГЭСи менен суу сактагычын бир канча жылдан бери талашып келатат. Өткөн кылымдын 50-жылдары курулган ГЭСти Тажикстан өзүнүн стратегиялык маанидеги объекттеринин бири катары санайт. Бул суу сактагыч Өзбекстандын жүздөгөн гектар аймагын суу менен, ал эми ГЭС өнөр жай ишканаларын электр энергиясы менен камсыздайт.

Советтер Союзу ыдырап, андагы өлкөлөр өз алдынчалыгын жарыялаган 90-жылдардан кийин Өзбекстан ГЭС менен суу сактагычты жага ага жакын кыштактарды өз көзөмөлүнө алып, чек ара, бажы бекеттерин орнотуп алган. Бирок 2002-жылы Тажикстан бул жайларга көзөмөл жүргүзүүнү кайра өзүнө кайтарып, андагы айыл тургундарына Өзбекстандын Бекабад районуна тоскоолдуксуз барып келүүгө уруксат берген. Сарбанд айылынын бир аз бөлүгү административдик жактан Өзбекстанга баш ийип, андагы калк да өзбек жарандары болгондуктан көпчүлүгү кошуна Бекабаддагы металлургиялык комбинатта иштешет.

Талаштуу аймактагы көзөмөлдү колго алган Тажикстан эми бул айылга ошентип алгачкы тажик мектебин ачып отурат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG