Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ “Акыйкат үчүн” кыймылы элдик курултайдын Каркыра боюнча элге кайрылуусун жарыялады. Кайрылууда курултайдын делегаттары эл Жогорку Кеңеш ратификация жасап берген төрт пансионат жана Каркыра жайлоосу боюнча келишим негизсиз деп табылышын, президент Курманбек Бакиевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E9C8414A-4F77-4186-85FA-F8442565AC3D.ASP Каркыра жана көлдөгү эс алуу жайлары боюнча чечимдерди бекитпей, кайрадан жумушчу топтордун кароосунда коомчулуктун катышуусу менен карап чыгуусун талап кылышы керектигин белгилешкен. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлеринин бири, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

-Аликбек мырза, сиздердин кыймылдын кайрылуусун эл кабыл алат деген ишеним барбы? Канчалык деңгээлде?

-Биз ойлойбуз эл кабыл алды. Анткени бардык региондордон пикирлеш ойлор айтылды. Анын үстүнө билесиңер, бийлик дүжүр чалдарды чогултуп алып, Каркырага жакын айылды чогултуп КТРден көрсөтпөдүбү, негизинен көлдөн бизге көп сигнал түштү, элдин ою башка деп.

-Ушул Каркыра жайлоосундагы жерди казак тарапка берүү тууралуу кыргыз-казак келишимин ратификациялоо маселеси 2006-жылы парламентке коюлганда сиз тышкы иштер министри болуп иштейт элеңиз. Ошол убакытта мурдагы президент Акаевдин колу коюлган келишимди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк жок беле?

-Мүмкүнчүлүк бар болчу. Биз ошон үчүн ратификацияны токтотконбуз. Өзүңүз билесиз, буга 2001-жылы кол коюлганда мен Австрияда ЕККУда элчи болуп жүргөм. Анан бардыгын билчү эмесмин. Келгенден кийин депутаттар менен сүйлөшүп, такташкандан кийин ратификацияны токтотуп салганбыз.

-Ошол учурда атайын депутаттык комиссия түзүлүп, алардын катарында ошол кездеги сиздин орун басарыңыз Таалайбек Кыдыров дагы Каркырага барып, өз көздөрү менен көрүп келишкени эсиңизде болуш керек?

-Ооба.

-Мурдагы тышкы иштер министри катары айтсаңыз, айрым саясатчылар кыргыз бийлиги билдиргендей Кыргызстандан 630 гектар жер Казакстанга өтүп, ал эми Казакстандын 1200 гектар жери бизге өтүп жатат деген маалыматтар чындыкка таптакыр дал келишпейт деп билдирип жатышат. Сизде бул боюнча маалымат барбы?

-Бул туура эмес. Өзүңөр билесиңер, 1926-жылдан баштап 1934-1936 жана 1969-жылдардын карталары бар. Эгер акыркы ушул 1969-жылдын картасын карасак, ошол берген 1200 гектар менен 620 гектар дагы Кыргызстандын жери болчу. Ошон үчүн булар элдин көзүн будамайлап, чындыкты айтпай жатышат.

-Бул келишимдердин ратификацияланышы ушул Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин Астанага бараар сапары алдында атайын жасалган иш-чара деген пикирлер айтылып жатат. Сиз кандай ойлойсуз?

-Туура. Негизинен саясий эрк жоктугунан Казакстан лидери биздин президентти жарга такап, “муну чечсеңер мындай болот, тигини чечпесеңер тигиндей болот” деп кыр көрсөтүштү. Мен ойлойм, мындай жолго барбаш керек эле. Анткени биздин адисттер айтып кетпедиби, эгер Каркыра менен пансионаттарды тартуулабаса дагы баары бир эки бир тууган мамлекет тил табышмак.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG