Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:50

Өзбекстандын өкмөт башчысы эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүп жатат.

Акыркы жылдары сууп кеткен кыргыз-өзбек мамилесинде кандай жылыш бар, соода-экономикалык байланыштар жандандыбы, чек аралардан кирип-чыгуу жеңилдедиби, чек араларды тактоо жана бекитүү боюнча эмне иштер аткарылды, дегеле коңшу мамлекеттердин алакасын активдештирүү жаатында кандай саясат жүргүзүү зарыл? Бул тууралуу “Арай көз чарай” уктуруубузда кеп кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев жана Өзбекстандын мурдагы жараны, Жалал-Абад шаарынын тургуну Равшан Ходжаев катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, өзбек өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун 15-17-августта Кыргызстанга келиши эки өлкө ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөт деп үмүт артсак болобу? Же катардагы эле протоколдук иш сапарыбы?

Биздин өкмөт башчыны жакында Кыргызстандын президенти болуп калышы мүмкүн деген ниетте, жакындан сүйлөшүп, Өзбекстанга болгон көз карашын, позицияларын билүү, изилдөө максатында келиши мүмкүн.
Талант Кушчубеков

Талант Кушчубеков: Мен бул жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү протоколдук эле болот дегенден алысмын. Менин түшүнүгүмдө бул киши балким биздин өкмөт башчыны жакында Кыргызстандын президенти болуп калышы мүмкүн деген ниетте, жакындан сүйлөшүп, анын тышкы саясаттагы, анын ичинде Өзбекстанга болгон көз карашын, позицияларын билүү, изилдөө максатында келиши мүмкүн.

Ошол эле мезгилде биз үчүн да маанилүү маселе - Өзбекстандын жаңы президентинин кошуна өлкөлөр менен карым-катышыбызды жаңы деңгээлге көтөрөлү деген ниети бар. Маалыматтарга караганда Өзбекстандын биринчи президентинин саясаты сынга алына баштады.

Ислам Каримовдун кошуна мамлекеттерге болгон тышкы саясаты сындалып жатат. Мына ушундан улам Кыргызстан кошуна Өзбекстан менен мамилени бекемдеп, алардын өкмөт башчысына позицияларыбызды ачык айтып, карым-катышыбызды чыңдашыбыз керек. Ошол эле чек ара маселесине келгенде аны өлкөнүн кызыкчылыгына жараша чечкенге даяр болушубуз зарыл.

“Азаттык”: Расмий маалыматтарда бул иш сапар учурунда эки өлкөнүн чек араларын делимитация жана демаркация маселеси каралат, деп жатышат кошуналар кайсы бир макулдашууларга жетишет десек болобу? Анын үстүнө эки мамлекеттин президенттери чек ара маселелерин чечүүгө ынтызарлыгын билдирип келишти эле да?

Талант Кушчубеков: Чек ара маселеси өтө оор, бир мезгилде эле чечилип кетет деген ойдон алысмын. Эң маанилүүсү - эки өлкөдө тең чечели деген эрк бар. Эки тараптын улуттук кызыкчылыгын эске алып чечсе, маселе буюрса оң жагына жылат. Мурдагы мезгилдерде чек ара боюнча комиссия жылына бир жолукса, азыр айына бир жолу жолугуп жатат деген маалыматтар бар. Эки мамлекеттин башчылары чек араны чечели деп ниет кылып жаткандан кийин комиссия мүчөлөрү да тездетүүгө аракет кылып жатса керек. Талаш жерлерди акырындап тактап, макулдашып, сүйлөшүп отуруп үч-беш жылда чек арабызды тактап алсак, бул дагы чоң утуш болот.

“Азаттык”: Эмил мырза, ушул убакка чейинки кыргыз-өзбек мамилелеринин сууп кетишине кандай себептер негиз түзүп берди деп ойлосуз? 2010-жылдагы окуябы, мамлекет башчылардын позицияларыбы, сырткы факторлордун таасириби же башка себептер барбы?

Кошуна өлкөлөр бизде эмне болуп жатканын байкап турат. Эртең ким президент болот, эртең ким премьер-министр болот, бул суроолор аларды да ойлонтууда.
Эмил Узакбаев

Эмил Узакбаев: Эгемендүү мамлекет үчүн тышкы саясат өзгөчө маселе. Бир кезде чогуу бир мамлекеттин курамында жүрүп, кийин өз алдынча бөлүнүп саясат жүргүзүүгө өтүү, аскерий же чек ара маселелерин чечүү оңойго турган жок. Өзгөчө аймагы, калкынын саны, экономикалык кубаты жагынан айырмаланган Өзбекстан менен жакшы мамиле түзүү оңойго турбады. Ал мамлекет да аймактагы лидерлик орду бар экендигин көрсөткүсү келди.

Албетте, Өзбекстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанга келип жатышы жакшы көрүнүш. Мен бул өлкөнү ичинен билген киши катары айтсам, Өзбекстанда тышкы саясатты премьер-министр жүргүзбөйт. Аларда тышкы саясатты президент өзү аныктайт. Бул киши президенттин тапшырмасы менен келе жатат. Ошентсе да биз Кыргызстан бүгүн кандай акыбалда турабыз, аны да эске алышыбыз керек.

Кошуна өлкөлөр бизде эмне болуп жатканын байкап турат. Эртең ким президент болот, эртең ким премьер-министр болот, бул суроолор аларды да ойлонтууда. Ошондуктан өзбек өкмөт башчысынын Кыргызстандын азыркы өкмөт башчысынын эртең президент болуп калышына саясий колдоо көрсөткөнү келди деген ойду четке кага албайм.

“Азаттык”: Равшан мырза, акыркы жылы мамлекет башчылары жолуккандан кийин эки өлкө жарандарынын чек аралардан кирип-чыгуусу жеңилдейт деп убада кылынды эле. Анжияндагы тууган-туушкандар менен карым-катыш оң жагына өзгөрдүбү, чек ара тилкелеринде соода-сатык жандандыбы?

Равшан Ходжаев: Мурдагыга караганда бир топ жеңилдеди десек болот. Чек ара жабык болгон учурлар да болбодубу. Бир туугандары өлгөн учурларда дагы өтө албай калган учурлар катталды. Азыр Өзбекстанга телеграмманын негизинде өтө алабыз, анда чакырыла турган адамдардын толук маалыматы жазылышы керек. Ал эми соода-сатыкта жылыш анчейин байкалбайт. Айрым ишкерлер мүмкүнчүлүгү жетишинче керектүү товарларды алып чыгып жатышат. Өткөрмө посттору аркылуу аткезчилик жолу менен да жүктөр өтүп жатат...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG