Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Наманганда жолугушуу өтүүдө


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги сүйлөшүүлөрү Наманганда өтүп жатат. Тараптар ушуну менен он бешинчи ирет кезигишти. Расмий маалыматтарга ылайык, жолугушуу 5-13-август күндөргө белгиленген.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери ай сайын тигил же бул өлкө аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда жүрүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары белгисиз. Тыянактар тууралуу тууралуу эки тарап тең кеңири маалымат таратпай келүүдө.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы такталып бүтө электиги маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG