Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Өкмөт: "Центерра" экологиялык талаптарды аткарууга даяр


"Кумтөр" ишканасы.
"Кумтөр" ишканасы.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү экологиялык талаптарды аткаруу боюнча "Центерра Голд" менен сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин жарыялады.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, канадалык компания Жаратылышты коргоо боюнча фондго каражат бөлүүгө жана талаптарды аткарууга макулдугун берди. Буга кошумча экологиялык жааттагы соттук доолор боюнча эки тарап бир пикирге келүү боюнча сүйлөшүп жатат.

Бул жаңылык акыркы учурда арабөк абалда турган Кумтөр боюнча бул жаңы өкмөттүн аракети катары бааланса, ошол эле маалда экологиялык жааттагы милдеттенмелерди "Центерранын" аткарарына ишенбегендер да чыгууда.

Акыркы учурда арабөк абалда турган Кумтөрдүн айланасындагы сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу өкмөт 5-сентябрда маалымат таратты. Анда кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында оң жыйынтыкка жетишип, эл аралык арбитраждагы доолорду сүйлөшүү жолу менен бүткөрүү аракетин көрүүдө. Башкача айтканда эки тарап экология боюнча бири бирине доо койгон арыздарды алып салууга ниеттенүүдө.

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Өкмөт - "Центерра": создуккан сүйлөшүү

Жергиликтүү телеканалдардын бири өзүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булагына таянып, Кумтөр боюнча жаңы документ даярдалып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Мындан сырткары канадалык "Центерра Голд" компаниясы жаңыдан түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион доллар которууга макулдугун берген. Бул каражат Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап суу тазалоочу түтүктөрдү курууга жумшаларын өкмөт билдирүүдө.

Ошондой эле өкмөт 2009-жылдагы келишимге ылайык, канадалык компания жыл сайын 310 миң доллардан которуп келсе, мындан ары 3 миллион долларга чейин көбөйөрүн да сүйүнчүлөдү. Мындан тышкары Кумтөрдөгү алтын иштетүүдөн кийин калган уу калдыктарын сактоочу жайды кармоо үчүн фондго "Центерра Голд" жыл сайын 6 миллион доллар которуп, ал Кыргызстандагы банктарга сакталары айтылууда.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, "Центерра Голд" Кыргызстан буга чейин талап кылып келген экологиялык милдеттенмелерди аткарууга макул болду:

- Биз жалдаган АМЕК деген эл аралык консультациялык компания абдан көп сунуштамаларды берген эле. Мына ушул сунуштарды толугу менен аткармай болду. Биздин мамлекеттик тиешелүү органдар бул келишимдин талаптары кандай аткарылып жатканына көзөмөлдөйт. Бул талаптарды камтыган келишимге жакын арада кол коюлары күтүлүүдө.

Улан Рыскулов бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кумтөр долбоорундагы Кыргызстандын үлүшү боюнча сөз болбогонун, бирок мындай жыйынтыктан улам өлкөнүн “Центерра Голддогу” акцияларынын наркы бир нече пайызга кымбатташы мүмкүн экенин кошумчалады.

Сапар Исаков башында турган өкмөт мындай келишимдин даярдалышын Кумтөрдүн айланасындагы сүйлөшүүлөрдөгү жаңы жылыш катары сыпаттап жатат.

"Убадалар көп болгон"

"Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы вице-президенти Кылычбек Шакиров мындай келишимдин даярдалышын оңунан баалап жатат:

- Бул жакшы жаңылык. Экологиялык талаптарды аткарып, Ысык-Көлдүн биосферасын сактоого 60 миллион доллар которобуз дегени чынында эле жакшы жышаан. Анын эл аралык соттошууну токтотобуз дегени дурус. Себеби бул башка инвесторлор үчүн да белги. Кыргызстанда экологияны сактап, мыйзамдарды аткарсаң эле эч бир тоскоолдуксуз иштөөгө болот деген ишара берип жатабыз.

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Эми алар талаштуу маселе боюнча башка сотторго кайрыла алышат.

Ошол эле кезде бул келишимди жаңы өкмөттүн өзүн-өзү жарнамалоо аракети катары атап, ага ишенбегендер да бар. Маселен, Кумтөр маселесин көтөрүп келген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева кезектеги тил эмизүү эмеспи деп чочулап турат:

- Өкмөт мындай нерселерди көп эле айтып келген. "Центерра" буга макул болду, тигиге макул болду деп көп жолу убада кылган. Бул ирет канадалык компания берем деген 50 миллион доллардын артында эмне турарын билиш керек. Жөндөн жөн эле макул болбойт. Экинчиден, бул келишим аркылуу болуп жатабы же бир жолу эле сөз менен берилеби ушуну такташ керек. Анткени бул компания абдан коррупциялашкан, ушундай каражатты берип туруп, артынан жүз эсе чоң нерсени алууну көздөшү мүмкүн. Ошого да этият болуш керек.

Иманкожоеванын болжолунда, "Центерра" Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн алдындагы алтынды казууну көздөп, мындай шарттарга макул болушу мүмкүн.

Кыргызстанда Кумтөр маселеси акыркы алты жылдан бери чечилбей келет. Буга чейин бийликке келген ар бир өкмөт бул маселени чечүүгө убада берип, бирок майнап чыккан эмес.

Бишкек райондор аралык соту Кумтөрдү иштетүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелери сакталбады деген доону канааттандырып, канадалык компанияны 7 миллиард сомго жакын айыппул төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга жооп катары "Центерра Голд" экологиялык зыян боюнча доону эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Ал ортодо "Центерра Голд" түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. тоо-кен ишканасын сатып алганына байланыштуу Кыргызстандын аталган компаниядагы үлүшү 32 пайыздан 26% төмөндөп кеткен эле.

Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан лидери Өмүрбек Бабанов "Центерра Голддогу" Кыргызстандын үлүшүнүн азайышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап чыккан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG