Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Бабанов: Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү 32 ден 26% түшүп кетишин иликтөө керек


Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.
Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, президенттикке расмий талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, Кумтөр алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 22% га түшүп кетишинин себебин иликтөө зарыл деп белгиледи:

- Кумтөрдөгү биздин акциябыз 32 ден 26 пайызга түштү. “Центерра” Thompson Creek Metals деген финансылык абалы кыйын турган компанияны бир миллиард бир жүз миллион долларга сатып алды. “Центерранын" 80% каражаты биздин Кумтөрдөн тушөт. Урматтуу депутаттар, ушунун негизинде сентябрга жумушка чыкканда депутаттык комиссия түзүп, “Центерранын” Thompson Creek Metals компаниясын бир миллиард бир жүз миллион долларга сатып алышын жана кыргыз мамлекетинин үлүшү 32ден 26%га түшүп кетишин иликтөөнү биздин фракция сунуш кылат.

"Центерра Голд" компаниясына каршы нааразылык чарасы. Барскоон. 29.5.2013
"Центерра Голд" компаниясына каршы нааразылык чарасы. Барскоон. 29.5.2013

«Центерра Голд Инк.» компаниясы түндүк америкалык Thompson Creek Metals Inc. тоо-кен ишканасын сатып алганына байланыштуу Кыргызстандын үлүшү азайганы тууралуу маалыматты июль айында "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы ырастаган.

Мекеме анда "Центеррадагы" Кыргызстандын үлүшү азайса да, акциялардын санына таасирин тийгизбейт деп ишендирген.

“Кыргызалтындын” маалыматына караганда, Thompson Creek Metals Inc. компаниясынын активинде алтын, жез, молибден ɵндүргɵн кендер бар. Анын негизги активи болуп Канаданын Колумбия провинциясындагы Маунт-Миллигэн жез-алтын кени эсептелет. Бул Канададагы эң ири, кирешелүү тоо-кен долбоорлордун бири.

XS
SM
MD
LG