Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Канада сотунун чечими Кыргызстанга ооду


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Эми алар талаштуу маселе боюнча башка сотторго кайрыла алышат.

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту кыргыз өкмөтүнө каршы төрт чет элдик компаниянын арызын өткөн айдын аягында карады.

Сөз болуп жаткан арыздар түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi жана Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компанияларынын, канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун адвокаты тарабынан берилген. Доо арыз ээлери Centerra Gold Inc. компаниясындагы “Кыргызалтындын” акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Талаштуу маселени караган Онтарионун Жогорку Соту Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарганын “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Бектур Сагынов “Азаттыкка” билдирди:

Кумтөр кени
Кумтөр кени

- 2016-жылдын 28-29-майында Онтарионун Жогорку Соту төрт компаниянын “Кыргызалтын” компаниясына жана кыргыз өкмөтүнө каршы доону карады. Андан көп узабай эле 11-июль күнү сот биз жалдаган юридикалык компания аркылуу чечимди бизге жеткирди. Чечимге ылайык, бизге каршылаш тараптын талаптары четке кагылып, “Кыргызалтындын” кызыкчылыгына жооп берген чечим чыгарды. Бул чечимде “Центеррадагы” акциялар “Кыргызалтындын” менчиги катары таанылды.

Сагынов кошумчалагандай, сотто “Кыргызалтын” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын эл аралык юридикалык компаниялар коргогон.

Канаданын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, сот өкүмүнө макул болбогондор кайра доо арыз жолдосо болот. Ошондуктан, кийинки соттук териштирүүлөргө жакшылап даярдык көрүп, Кыргызстандын акцияларынан өз пайдасына доо өндүрөм дегендердин демин толугу менен басуу керек, - дейт “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Кылычбек Шакиров:

- Бул акыркы баскычтагы сот эмес. Эми аталган төрт компания мындан аркы соттук баскычка доо менен кайрылса керек. Бирок азыркы соттун чечими адилеттүү эле. Себеби, биз башынан эле кыргыз өкмөтүнө каршы берилген доо арыз үчүн “Кыргызалтындын” акцияларын камакка алуу туура эмес экенин айтып келатканбыз. Мындан ары да бул жааттагы аракетти күчөтүп, өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек.

Валерий Белоконь
Валерий Белоконь

Негизи чет өлкөлүк компаниялар менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүү бир нече жылдан бери уланып келет. Маселен, түркиялык Sistem Muhendislik компаниясы Канада сотуна кайрылып, “Ак кеме” мейманканасына байланыштуу иш боюнча арбитраждык чечимди аткаруу үчүн “Кыргызалтын” ишканасынын Centerra компаниясындагы акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Бул компания өкмөт мейманкананы мыйзамсыз түрдө тартып алган деп эсептейт.

Ал эми Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting компаниясы Бишкек-Ош жолун курууда Транспорт министрлиги өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деген доомат коюп келет.

Латвиянын жараны Валерий Белоконь "Манас банкын” 2010-жылдан соң кыргыз бийликтери мыйзамсыз улутташтырган деген жүйөнү карманат.

Биз башынан эле кыргыз өкмөтүнө каршы берилген доо арыз үчүн “Кыргызалтындын” акцияларын камакка алуу туура эмес экенин айтып келатканбыз. Мындан ары да бул жааттагы аракетти күчөтүп, өз кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек.
Кылычбек Шакиров

Канадалык Stans Energy Corp. компаниясы Кеминдеги сейрек металлдар кездешчү Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясынын жокко чыгарылганына нааразы болуп келет.

Бул компаниялар Онтарионун сотуна кайрылып, “Кыргызалтындын” “Центерра Голддогу” акцияларын камакка алдырууга жетишкен. Эми Онтарио Жогорку Сотунун чечими чыккан соң камактагы акцияларды бошотуу аракети көрүлөрүн “Кыргызалтындын” жетекчи орун басары Бектур Сагынов “Азаттыкка" билдирди:

- Соттун чечими чыкканга чейин ал жерде Валерий Белокон жана Entes Industrial компаниясынын талабы боюнча биздин акцияларга жана "Центерра" жактан "Кыргызалтынга" төлөнүүчү дивиденддерге тыюу салынган. Эми биз сот чечиминен кийин ошол арестти алып салуу маселесин көтөрүп жатабыз.

Ошол эле учурда Кыргызстандын алдында мындан башка бир нече эл аралык териштирүү турат. Буга чейин кыргыз тарап бир нече соттон утулуп калган эле.

Айрым адистер эл аралык соттордо Кыргызстандын утулуп жатышынын себептерин чет элдик укуктук тажрыйбанын жетишсиздигине байланыштырышат. Мындан сырткары мурда чет элдик инвесторлор менен келишим түзүп жаткан учурда аларга укук жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген шарттар каралып калганын адистер белгилешет. Ошондуктан, чет элдик компаниялар менен иш алып барууда мамлекеттик органдар өз ишин тыкыр жүргүзүүнү үйрөнүшү керек, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров:

- Биз үчүн кооптонуу жаратчу документ, келишимдерди өтө тыкыр карашыбыз керек. Өкмөт анын ичиндеги органдар, Юстиция министрлиги бул маселелерге юридикалык экспертиза жүргүзүшү зарыл. Мындай кемчиликтерди, каталарды кетирбегенге аракет көрүү керек.

Канада соту төрт иш боюнча Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарганы менен, канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетип келген "Кумтөр" долбоорунун башы ачылбай турат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG