Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

АКШ-Орусия: ууланган дипломаттар


АКШ Орусия тараптан кезектеги тымызын чабуул жүрүп жатканын, эки америкалык дипломат Санкт-Петербургда ууландырылганын айтып чыкты. Кремль бул айыптоолорду четке кагууда.

Былтыр ноябрь айында Бириккен Улуттар Уюму Орусияда коррупцияга каршы эл аралык конференция уюштуруп, ага катышып жаткан америкалык делегациянын эки мүчөсү ооруканага жатып калган. Бул окуяга байланыштуу Мамлекеттик департамент дипломатиялык каналдар аркылуу орус тарапка нааразылык жөнөткөнүн АКШ өкмөтүнө жакын булактар кабарлады.

Ал эми быйыл июнь айында АКШнын Орусиядагы элчилигинин алдында америкалык дипломатты орус күзөтчүсү суроо-сопкутсуз колун кайрып, жерге жыккандан кийин Вашингтондогу расмий өкүлдөр мындай көрүнүштөрдү атайын уюштурулган аракет катары кабыл ала баштады.

Былтыркы окуя тууралуу кабары бар америкалык мамлекеттик кызматкердин айтымында, БУУнун коррупцияга каршы конференциясы 2-6-ноябрда Санкт-Петербургда өткөн. Ууланган эки жаран ошол иш-чарага катышып жаткан расмий делегациянын мүчөлөрү болчу.

Дипломатка кол салуу. НТВ каналынан видеосунан алынган кадр. Орусия
Дипломатка кол салуу. НТВ каналынан видеосунан алынган кадр. Орусия

Бул 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алганы үчүн ага карата АКШ жана Европа биримдигинен санкциялар киргизилгенден кийин Орусияга жиберилген алгачкы америкалык расмий делегация эле. Жыйынга ондогон өлкөдөн адистер келип катышкан. АКШдан Мамлекеттик департаменттин бир нече башкармалыгынан жана Юстиция министрлигинен 21 адамдан турган делегация барган. Расмий делегациядан тышкары башка америкалык жарандар, окумуштуулар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү да болгон.

Америкалык тергөөчүлөр ноябрда ууланган жарандардын бири эркек, экинчиси аял экенин, экөө эки башка бөлмөдө токтогонун, бирок бир бардан суусундук алып ичкенин жана ага транквилизатор сээп коюшканын айтууда. Жабыркагандардын бири өзүн жаман сезип, догдурларга кайрылганда аны Санкт-Петербургдун батыш тарабындагы ооруканага алып барышкан.

Бирок оорунун себебин аныктоо үчүн бир да анализ алынган эмес. Себеби дал ошол маалда клиникада электр энергиясы капысынан өчүп калган. Албетте, бир нече күн өткөндөн кийин кандайдыр бир анализ алуунун кажети жок эле.

Ууланган жарандар расмий делегациянын курамында анча жогору эмес кызматтагылар болгондуктан АКШ тарап алгач буга анча деле маани бербөөнү чечкен. Дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлгөн протест да жоопсуз калган. Себеби, орус тарап ал адамдар чынында эле атайын ууландыруунун курмандыгы болгонун далилдеп берүүнү талап кылган. Өз маалында алынган анализдер жок болгондуктан америкалыктар далилдерин бере алган эмес.

Америкалык тергөөчүлөр: Санкт-Петербургга эл аралык конференцияга барган эки жарандын суусундугуна транквилизатор кошулган.
Америкалык тергөөчүлөр: Санкт-Петербургга эл аралык конференцияга барган эки жарандын суусундугуна транквилизатор кошулган.

Ошол эле учурда америкалык тергөөчүлөр орус тараптан окуя болгон күнү мейманканада иштеген кызматкерлердин иштөө жадыбалын сураганда менеджерлер дал ошол күн боюнча маалымат жок деп жооп берген. Бул америкалык тараптын шектенүүсүн ого бетер күчөткөн.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Элизабет Трюдо бул окуяларга байланыштуу төмөнкүдөй билдирүү жасаган:

- Соңку эки жылдан бери орус коопсуздук кызматтарынын жана жол полициясынын Москвада иштеген биздин дипломаттарды аңдып, артынан түшкөн фактылары көп катталууда. Биз дипломаттарыбыздын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аман-соолугуна өтө олутуу маани беребиз. Орус тарап бул жаатта эл аралык эрежелерди аткаруусу абзел.

АКШ Мамлекеттик департаментинин быйылкы жылдагы докладында анын кызматкерлери орусиялык атайын кызматтардын түрдүү басымына көп кабыла баштаганы, «кансыз согуш» маалынан бери мындай болбогону белгиленди.

Мария Захарова
Мария Захарова

Ал эми орус тарап, тескеричинче, өз дипломаттары АКШнын басымына дуушар болуп жатканын айтып келет. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул тууралуу Washington Post басылмасына жарыяланган макаланы «пропаганданын анык үлгүсү» деп атаган:

- Бул макала үстүртөн жазылган. Ал чындыкты чагылдырбайт. Башкалардын сөзүнөн алып эле жазып коюшкан.

Захарова орус дипломаттары америкалык атайын кызматтардын чагымына дуушар болуп жатканын да кошумчалаган.

Орусияда чет өлкөлүктөрдүн түрдүү ичимдиктерден ууланган учурлары аз эмес. Көбүнчө мындай аракеттер атайын жасалганы жана аларды тоноо максаты бар болгону белгилүү. Буга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти интернеттеги расмий сайтына «Орусиядагы барлардан ичимдиктерди абайлап ичүү керек» деген эскертүү жарыялаган.

(Майк Экелдин макаласынын негизинде даярдалды)

XS
SM
MD
LG