Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 6-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:59

Жарандык коомго жарака кетпесин


8-март, 2020-жыл.

Аялдардын Жаз майрамы быйыл да ызы-чуу, жаӊжал менен коштолду. Муну болтурбай коюу мүмкүн беле? Же дал ушундай, балким, мындан да чуулгандуу чыр-чатак кимдир бирөөлөргө керекпи?

Аялдардын укугун коргоого ким каршы?

“Сөз билбеген муштуму менен коркутат” дегендей, жалаң кара күчтүн, уруп-согуунун, опузанын гана таасирин сезип, талаштуу кырдаалды акыл менен, жүйө менен чечишти такыр билбей калган пенделер бар. Коомдогу билимдин, маданияттын деңгээлине жараша алар көбөйүп же азайып турат. Дагы бир катмар – ээрчимелер, алар кайсы жаат үстөмдүк кылса, ошонун ураанын тамагы айрылганча кыйкырат, ошонун тукурган жагына эч ойлонбой кете берет, ошонун айтканын ашыра аткарат.

Аял эрине кыңк этпей баш ийиши керек, эркек аялын кааласа кетирет же үстүнө токол алат дегендер көбөйдү, чындап эле ушинткендер да жок эмес. Муну жөн эле дөгүрсүй айтып, кара күчүнө маашырлангандар да бар, бурмаланган салтка, тайыз түшүндүрүлгөн динге ж.б. такап айткандар да бар.

Ушундай жаштарга айрым “таксырлардын” айткан акылы:

- Бир жигит аялын таяк менен сабап жаткан экен. Ошол туштан өтүп бараткан карыя: “Балам, аялды таяк менен эмес, башка аял менен уруш керек”, - дептир.

Мунусу аялың жакпай калса, кетирип, башкага үйлөнөм же токол алам деп коркуткун дегени экен. “Аалым” айткан мындай “акыл” үй-бүлөдөгү зомбулукка шыкакчы болуп жатпайбы?

“Аял үйдө отуруп, тышкарыдагы жумуштун баарын эркек кылышы керек” деген илгертен бери айтылып келаткан сөз бар. Эркектердин көпчүлүгү сырттагы, алардын аялдары үй ичиндеги иштерди аркалайт. Сеники-меники дебей эле турмуштун арабасын чогуу тарткандары көп. Бирок өз алдынча ойлонбогон жигиттерди көкүтүп, турмушун бузган “таксырлар” да бар.

Артык эмес, тыртык кылып албагыла

Жыл башынан бери эле аялын күйөөсү өлтүргөн, катуу сабап салган, атүгүл өрттөп жиберген окуялар катары менен кайталанды. Күчкө салып ала качкан неменин колунан ажал тапкан Бурулайдын трагедиясы биздин коомго сабак болбоптур. Тескерисинче, жабыркаган, курман болгон аялдар өздөрү күнөөлүү болушу ыктымал деп, берки зөөкүрлөрдү акташка аракет кылгандар чыкты.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка, ала качуу деген жапайы адатка каршы турмак түгүл шыкакчы болгондор көп. Ушундай жосундарга каршы ураан-чакырыктар менен чыккандарды беткапчандар менен милиция куугунтуктады.

Митингчилерди каралаш үчүн социалдык желелерге илинген фотолор атайы жасалмаланып, ураандардагы жазуулар өзгөртүлгөндүгү да кийин белгилүү болду. “Күйөөгө тийбейм”, “Бала төрөбөйм” сыяктуу ураандар кечээги митингде болбоптур.

Ал эми “Менин жатыным – менин ишим” дегендей орой айтылган (жазылган) ураандар быйылкы эмес, былтыркы митингде көтөрүлүп чыккан го деп ойлойм. Эгер быйыл алып чыгышкан болсо, анда милиция кызматкерлери "Зомбулукка каршымын" деген маанидеги жөндүү ураандарды тим эле коюп, жатындын анатомиялык сүрөтү менен коштолгон орой, одоно ураан көтөргөндөрдү эле терип кармап кетишсе туура болмок экен, калпакчандарды аралаштырбай.

“Жаалданып айткан чындык жанын жеген калпка окшойт” деп англис акыны Уильям Блейк жазгандай, кээде чыркыраган чындыкты ыркыраган үрүшкө айлантып салышат. Жатын жөнүндө чакырык жасагандар аялдын ыктыярысыз боюна бүтүрбөш керек, БАЛА ТӨРӨГӨНГӨ АЯЛДЫ ЭЧ КИМ МАЖБУРЛАБАШЫ КЕРЕК деген эле ойду айтмакчы болгон окшойт. Өлсөң да, талсаң да бала төрө дегендер, уул төрөбөсөң, кетесиң деп өзүнүн өксүгүн аялына оодарган кемпайлар толуп жатат.

Эгер биз коомдо кара күчкө таянган залимдердин монологу эмес, бири-биринин оюн түшүнүүгө умтулган, түркүн көз караштарды жактаган жарандардын толук кандуу диалогу болсун десек, анда жарыя айтар оюбузду, ар бир сөзүбүздү дарыкананын таразасына тарткандай кылдат тандашыбыз керек.

“Сөз билбегендин муштумуна” орустун “күчүң батпай баратса, акылдын кереги жок” деген какшык кеби да туура келет. Бирок акылга салбай, жалаӊ кара күчкө салган жосун бийликти ал көздөгөндөн такыр тескери натыйжага алып барышы толук ыктымал. Эгер бийликтин мүдөөсү коомдогу жиктешүүнүн, кагылышуунун алдын алуу болсо, анда ар кандай нааразылык акцияларды дүңүнөн тыя бербей, каяша пикирлерди да уга билиши зарыл.

Кемиги менен керкиси, кеп билбеген беркиси

Эми ушул митингдерге байланыштуу көп талаштарга себеп болгон гейлер жөнүндө да учкай айта кетели. Бул маселе тууралуу түркүн түмөн карама-каршылыктуу көз караштар, түшүндүрмөлөр бар. Биз азыр мунун эки эле өңүтүнө токтололу.

Кош жыныстуу же арасат абалдагы адамдар байыртан бери эле боло келген, азыр да бар. Дене-бою, организми ушундай жаралып калгандарды куугунтуктап, кемсинтишке, укугун чектешке эч качан жол бербеш керек.

Бирок тулкусунда бир гана жыныска тиешелүү органдары болсо да, экинчи жыныска өтүүнү ойлогон (кыялданган) адамдар болот. Эркек (же тескерисинче аял) болсо да мүнөзү жагынан аялдардын (же тескерисинче эркектердин) жашоо таризине ыктап турган адамдар да кездешет. Эркек мүнөз аялдар үй ичиндеги эмес, сырткы жумуштарды жакшы көрөт, ал иштерди күйөөсүнөн жакшы орундай алат. Дээринен аял мүнөз эркектер тыштагы маселелерди чечкенге кайраты жетпей, аялына тапшырып койгон учурлар да болот. Мындай түгөйлөрдүн турмушуна кийлигишпей, эриш-аркак турмуш кылганына тоскоолдук кылбай эле коюш керек, айрым “таксырларга” окшоп. Булардын эч кимге зыяны жок, эркеги аял же аялы эркек болуп деле кетпейт. Алар атүгүл кийим-кечесин да чаташтырбайт.

Менимче, физиологиялык гейлер (кунаса ж.б.) менен моралдык-психологиялык гейлерди айырмалаш керек. Кош жыныстуу/арасат жыныстуу болуп төрөлгөн же кийин организминде ушундай өзгөрүү жүрүп кеткен адамдар операция жолу менен бир жыныстуу боло алат дешет. Бирок мунун ден соолук жана өмүр үчүн опуртал жагы да бар болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай адамдарга этият мамиле жасоо керек деп оозеки эле айтып койбой, юридикалык, административдик жактан коргоо чараларын да камсыздоо зарыл. Мисалы, сен "гейсиң, көгүшсүң" ж.б. деп акаарат кылган, кысым көрсөткөн жарандар токтоосуз түрдө жазаланышы керек.

Ал эми психологиялык гейлер бала чагынан зордуктоого же азгырыкка кабылгандан, эрди-катындын төшөк маданияты жапайы же өтө орой болгондуктан чыгышы мүмкүн. Адамдын рухий жашоосу түрмөдөгүдөй чектелген коомдордо, көркөм өнөр (адабият, музыка, сүрөт, бий ж.б.) чөйрөсүнөн алыс калган, эстетикалык керектөөлөрү канбаган пенделер баңгилик менен бачабази сыяктуу бузук жосундарга аралашат. Ала-Тоо аянтына кызыл-тазыл желек көтөрүп, аялы эркектей, эркеги аялдай кийинип-жасанып чыгууну жактагандардын көбү дал ушул топко кирет деп ойлойм. Жыныстын кырктан ашуун түрү бар деп тамшангандар дене кумарын табиятка жат нукта кандыруу адатын үгүттөп жайылтууга далбаса кылууда.

Бир жыныстуулардын баш кошуусун демографиялык маселени чечүү жолу катары карагандар да бар. 1970-80-жылдарда жер жүзүндө төрт миллиард киши жашаса, азыр жети миллиардга чаап барды. Ошол эле учурда диний көз караштагылар үй-бүлөнү пландоого, б.а. татыктуу табиялап өстүрүү мүмкүнчүлүгүнө жараша гана балалуу болууга каршы үгүттү токтотпой келет.

Кыскасы, коомдо өтө кылдат, назик маселелер бар, аларды сөз кылууга жабылуу аяк жабылуу деп тыюу салыштын да, экстремисттик маанайда одоно кеп кылып, чыр чыгарууга шыкакчы болуштун да кажети жок. Мамлекеттик органдар, айрыкча күч түзүмдөрү буркуйган булчуң, желим союл, тапанча ж.б. менен эле эмес, билими, маданияты, элге жакындыгы менен күчтүү болушу керек.

Коомдогу биримдикти муштум кезеген монолог эмес, өз ара түшүнүшүүнү көздөгөн диалог аркылуу бекемдеш керектигин унутпайлы.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG