Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Ууруну урган каракчыдан пайда жок


Кечээки соттоочулар бүгүн соттолуп жатат. Кечээки «кесилгендер» бүгүн акталып жатат.

Кечээ баары мыйзам боюнча чечилет деп купшуңдагандар бүгүн сот адилеттигине ишенбестигин айтууда. Деги Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү орношу мүмкүнбү, орнотуу колубуздан келеби?..

Ууруну каракчы урса, сүйүнүш керекпи?

Утурумдук пайда, пас кумар, арамза мүдөө азгырыгы далайларды чүлүктөп алган азыркы кезде ак менен кара, чын менен жалган айырмаланбай (айырмаланышы барган сайын кыйындап), оор кеселге чалдыккан коомдун каны-жини аралашып калгансыйт. Айрыкча эң ири кылмышкерлерди сот актап жиберген же дегеле сурап койбогон шартта маанай мындан башкача болушу мүмкүнбү?..

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт. Ууруну каракчы урса, каракчыны дагы бир канкор өлтүрсө, ырас эле болду деп табалап койсок болчудай. Бирок каракчы уурдалган мүлктү ээсине кайтарып берейин деп ойлобойт, аны өлтүргөн желдет дегеле адилеттикти жактабайт. Ошондуктан уурулук азайбайт; каракчылык тыйылбайт; канкорлор кээде гана өз ара кырылышып, көбүнчө ууру-каракчылар менен биргелешип элдин канын соро берет.

Ырас, булардын арасынан мындай жагдай түбөлүк улантыла бериши мүмкүн эместигин, эртеби, кечпи, акыр түбү ар бир кылмышкер жазаланарын, өзү жыргап-куунап өтсө да, укум-тукуму каргышка каларын ойлоп, тобо келтиргендер болор (бирок канчалык каалаганы менен, кылмыш дүйнөсүнүн оп тарткан айлампасынан биротоло суурулуп чыга албай кала бергендер да жок эмес).

Ошол эле учурда бул дүйнөдө арам байлыкка тойбостордун тиги дүйнө тозогунан дегеле коркпостугу да нечен ирет далилденип келет. Анүстүнө кудайдын атын саткан айрым диний «аптарыйкаттар» бул жарыкта канчалык оор азап тартсаңар, бейишке барар жолуңар ошончолук кеңейет деп карапайым калайыкты ишендирип, ошол эле учурда желмогуздарга күнөөсүн дүңүнөн кечириштин опоңой жолдорун таап берип, аларды ого бетер кутуртуп жаткан жокпу?..

Төө жиниксе, ээсин тебелейт

Кыргыздын исламга чейинки «ак» менен «кара» түшүнүгү кийин диний адабияттардан этикага өтүп, мазмуну кеңейтилген «жакшылык» жана «жамандык» (добро и зло) деген түпкүлүктүү терминдерге туура келет. Ушул өзөк дөөлөттү ар ким өз пайдасына бурмалаган учурларга таасын мисал болгудай «готентот ыйманы» деген баян бар.

Готентот аттуу жапайы уруунун кишиси жакшылык менен жамандыкты кандай түшүнөсүңөр деген суроого минтип жооп берген экен:

- Эгер мен башкалардын катындарын тартып алып, мал-мүлкүн карактасам, бул жакшы. Менин катынымды жана мал-мүлкүмдү башкалар тартып алса, бул жаман.

Мына кечээ эле соттордун саясий чечим чыгарганына маашырлангандар бүгүн сот тутумунун адилеттигине ишенбестигин айтууда. Мыйзамды буйлалаган төөдөй пайдаланганда, ал кара күчтүн, зомбулуктун, залимдиктин гана куралы болуп, акыры мындай «төө» мурунку жетелегичин да эки чайнап, бир бүркүп салган ажыдаарга окшоп каларын азыркы бийлик башындагылар эле эмес, кечээки өзү казган орго бүгүн түшүп калгандар да түшүнбөй, түшүнгүсү келбей турат.

«Төөнүн» ээси – эл, бирок буйласы аны каалагандай пайдаланган утурумдук төбөлдөр менен байлардын колунда…

Ачыган «каймак», быкшыган кумалак…

Сүт иригендиктен, каймак ачып жатат, б.а. эл кандай болсо, башчылар да ошондой деп актанышат биздин «жакшылар». Эки жаат болгон «мыктылар» мыйзамды да, адеп ченемдерин да өз пайдасына гана иштеткиси келет. Бирок алар бурмаланган мыйзам менен адеп ички маңызынан айрылып, теңирден тескери нукта «иштеп» каларын ойлобой, көбүнчө муну билип туруп эле көнүмүш адатына салып жатышат. Чындыгында жалпы элди эмес, элдин атынан сүйлөгөн саясатчыларды көбүрөөк айыптоо керек.

Чалкыган көлдөй элдин ичинде мителер көп, айрыкча соңку жоопкерсиздик жылдарында бул катмар калыңдап кеткенсийт. Бирок баары бир жалпы катышта ак эмгеги менен тиричилик кылгандардын пайызы бир нече эсе чоңдук кылат. Чындыгында элибиз ошончо калың «каймактын», ичкериден быкшыган «кумалактардын» таасирине туруштук берип, такыр эле ирип кетпей, негизинен коом катары кристаллдык түзүмүн сактап келатат. Бирок тазарууга аракеттенбесек, айрыкча ачып-кычыган «каймактарды» калпып салбасак (тазаруу, б.а. люстрация жараянын жүргүзбөсөк), акыры калк насилин бузган жосундар кеңири жайылып отуруп, улуттун өзөгүн биротоло бүлдүрүшү толук ыктымал.

Ырас, тууганчыл, жердешчил маанайга ашыкча берилип, бүтүндөй мамлекеттин, өлкөнүн кызыкчылыгын, келечегин унутуп койгон, ар кайсы «аптарыйкаттардын» айткан-дегенин акыркы чындыктай кабылдашка көнүп калган баёолор көп. (Шайлоодо добушун миң сомго саткандар мындан да көп). Алардын «пири» кадимки эле бетпак, карөзгөй мүдөөсүн дүңгүрөк сөзгө ороп чыга калган учурларда, кооз калпты ашкерелегендерди көпчүлүк жактырбайт. Бирок, бактыга жараша, бара-бара бул адат деле үстөмдүк кыла албай калчудай. Жүйөлүү кепке конок бергендер, өзүнүкүнө дал келбеген ой-пикирди сабырдуулук менен уккандар, түшүнүүгө аракеттенгендер көбөйүп бараткандай туюлат.

Албетте, «төмөн жактан» өзгөрүүлөр дээрлик байкалбагыдай өтө жай темп менен жүрүүдө. «Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз атпайт», – деген экен залкар акын Жоомарт Бөкөнбаев. Астрономиялык мезгилди эч ким тездете албайт – отуз күндүк он эки ай өтмөйүнчө жыл жаңырбайт. Бирок рухий жетилүү мезгилин эл өзү ылдамдата аларын чечкиндүү жасалган, көздөгөн максаты айкын революциялар менен ырааттуу жүргүзүлгөн реформалар далай ирет тарыхтан тастыктап келет. Тескерисинче, эл ойгонбосо, айлар алмашып, жылдар агылганы менен, баары мурункудай кайталана бериши толук ыктымал…

Биримдикти калыстык гана бекемдейт

Кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкө өмүрүн арнап койгон Азамат Алтай соңку маектеринин биринде биздеги жердешчилик, тууганчылдык ж.б. жаатташуудан кантип арылып, жалпы улуттун биримдигин кантип бекемдесе болот деген суроого ушундай жооп берген: «Адилеттик гана биримдикке өбөлгө түзөт».

Президентпи же бүтүндөй мамлекеттин учурдагы абалын эле эмес, келечегин да ойлоп, көч баштап чыгууга жарагыдай башка лидерби, эгер бүгүнкү бытырандылыкты жойгусу келсе, саясий чайкоочулардын таасирин азайткысы келсе, ал биринчи кезекте калыс болууга умтулушу зарыл. Калыс киши кызматтарга татыктуу адистерди коёт, башкаруу тутуму элге иштеши үчүн аны ашка жүк, башка жүк түзүмдөрдөн арылтат, мителерди толугу менен кетирет.

Мамлекеттүүлүктүн негизи – мыйзамга гана баш ийген, үй-бүлөсүн бакканга кенен жеткидей айлык акы алып, таза иштеген сот бийлиги. Ага аткаруу бийлиги да, мыйзам чыгаруу бийлиги (парламент) да үстөмдүк кылбашы керек. Мыйзам бузгандар, биринчи кезекте мыйзамсыз чечим чыгарган соттор токтоосуз түрдө кызматынан айдалып, ашынган карөзгөйлөрү ири өлчөмдөгү айыпка жыгылышы, бейкүнөө адамдардын тагдырын сындыргандар, кылмышкерлерди актагандар түрмөгө отурушу керек.

Ушул зарылдыкты аңдап билмейинче, тазарууга карай чындап чечкиндүү кадам таштамайынча, «коррупцияга каршы күрөштөн» эч майнап чыкпайт – ууруну каракчы ура берет. Баягы эле «готентот ыйманы» менен жашап, «аптарыйкаттарга» мыйзам «буйлаланып», чындык бурмаланып, өзүбүз наадан «элитага» чүлүктөлүп жүрө беребиз.

Жолдош Турдубаев, публицист

Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG