Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Дүйнө аялдары 8-мартты белгилешти


Пакистан полициясы жүрүшчүлөрдү коргоду.
Пакистан полициясы жүрүшчүлөрдү коргоду.

Коронавирус коркунучуна карабай дүйнөнүн ондогон шаарында түмөндөгөн адамдар гендердик теңчилик үчүн адаттагы жүрүшкө чыгышты. Алардын баарынын эле алдын милиция тоскон жок. Ал түгүл жаалданган топтон коргоп, арачалап калышты.

«Мачизм коронавирустан көбүрөөк өлтүрүүдө»​

2016-жылы Испанияда бир сот катуу резонанс жараткан. Памплона шаарында букаларды сынаган фестиваль учурунда беш эркек бир жаш кызды зордуктап салып, ошолордун үстүнөн сот болгон эле. Бул окуя өлкөдөгү активисттерди түп көтөрүп, аялдардын укуктарын коргоо кыймылы кадыресе саясий күчкө айланган.

Бийлик анда кыймыл менен эсептешүүгө аргасыз болгон. «Бир тараптын макулдугу жок ишке ашкан жыныстык катнаш зордуктоо болуп эсептелет» деп мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага чейин күч колдонуу же коркутуу болсо гана зордуктоо катары саналчу.

Быйыл дүйнөнүн ондогон өлкөсү Кытайдан тараган вирустан корунуп турат эмеспи. Бирок жүрүшкө чыккандарды ал токтоткон жок. Ал түгүл бир испан айым «Мачизм коронавирустан көбүрөөк өлтүрүүдө» деген плакатты карап алган. («Мачо» - испандардын «бука» деген сөзүнөн келип чыккан).

Испания.
Испания.

Дүйнө жүзү боюнча жүрүштүн максаты - аялзатынын укуктарын эркектерге теңөөгө чакыруу. Анын катарында бирдей айлык акы, бирдей шарттар, тең карьералык өсүш, түрдүү зомбулуктан, дискриминациядан коргоо жана башка талаптар бар.

Мыйзамы чала иштеген, коррупцияга баткан, жакыр өлкөлөрдө албетте, бул көйгөй курч. Бирок байманасы ашкан, алдыңкы технологиялар менен жашаган өнүккөн өлкөлөрдө деле эркек-аял теңдиги деген маселе олуттуу.

Франциянын борбору Парижде аялдардын укуктары үчүн чыккандар миңдеп саналды. Алардын айрымдары үйдөгү зомбулуктун курмандыгы болгон француз айымдарынын аттары жазылган тактаны кармап алышкан. Расмий эсепке караганда, былтыр Францияда 130 аял күйөөсүнүн же түгөйүнүн колунан ажал тааптыр.

Франция. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын аты-жөнү.
Франция. Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын аты-жөнү.

Айтмакчы, өнүккөн өлкөлөрдүн бул жагынан айырмаланганы - аткаминерлер маселе бар экенин танбайт. Андан качпайт. Өздөрү кошо чыгып, түшүнүүгө жана чечүүгө аракет кылышат. Маселен, теги пакистандык мусулман, Лондондун мэри Садик Хан жаанга карабай катарга кошулуп, «Кам көр» деген жазуусу бар плакаттын бир этегин кармап жүрдү.

Индияда жүздөгөн аялдар мотоциклдерге же мопеддерге минип, кээ бирөөлөрү учкашып жүрүшкө чыгышты. Кызыл-тазыл кийинген кыз-келиндер бул күндү майрамдап да, зомбулуктун курмандыгы болгон курбалдаштарын эскерип да турушту.

Баса, бул күнү Индиянын президенти Рам Натх Ковинд «Аялдардын күчү» аттуу сыйлыкты түрдүү тармактарда ийгилик жараткандарга тапшырды. Анын ичинде 104 жаштагы спортчу аял да бар. Ал сахнага желе-жорто шайдоот чыкканда жанындагылар суктанганын жашыра алышкан жок.

«Биз эркектерден кем эмес маанилүүбүз»

Ирактын ордо калаасы Багдаддын Тахрир аянтына жүздөгөн демонстранттар кайрадан чогулду. Алардын чакырыгы саясий коррупциянын тамырын жулуп, ирак аялдарынын укуктарын коргоо болду.

Ирактык активисттер.
Ирактык активисттер.

Негизи эле борбордук аянтка өткөн жылдын 1-октябрынан бери каршылык акциялары байма-бай өтүп келет. Эл коррупцияга малынган башкаруучу элитанын кетишин, Ирактын ички ишине чет өлкөлөрдүн, тагыраагы Иран менен Кошмо Штаттардын кийлигишпешин талап кылууда.

«Бул нааразылык акцияларына аялдар зор салым кошту, алар Тахрир аянтындагы чатырлардын кетип калган жок», - деди жүрүшчүлөрдүн бири.

«Аялдардын эл аралык күнүндө дүйнөдөгү бүтүндөй аялдарга үнүмдү жеткиргим келет. Биз - күчпүз, биз - элдин жарымыбыз, биз эркектерден кем эмес маанилүүбүз», - деп башкасы коштоду. Дагы бир активист аялзатына өкмөттүн бардык мекемелеринде, парламентте орун көбүрөөк берилишин талап кылды.

Пакистандын борбору Исламабадда жүздөгөн адам аялдарды жыныстык зомбулуктан жакшылап коргоону бийликтен талап кылды. Аларга кошулганы борборду көздөй бараткандарга топу кийген же селде чалынган ондогон жаалданган жаштар кол салып, таш-кесек, айрымдары бут кийими менен атып урушту. Паранжы кийген аялдар тобу да жүрүшкө каршы акция уюштурду.

Пакистандагы активисттердин жүрүшүнө каршы акция уюштурган аялдар жана эркектер.
Пакистандагы активисттердин жүрүшүнө каршы акция уюштурган аялдар жана эркектер.

Округдун комиссарынын орун басары Хамза Шафкааттын айтымында, кол салгандар өздөрүн «Кызыл мечит бригадасы» деп атап алган, жергиликтүү жоочулардан куралган уюм. Күч түзүмдөрү алардын жолун тосуп, ири кагылыштын алдын алды. Полиция эч ким жаракат албаганын билдирди. Бейбаштык кылган адамдарга карата кылмыш иши козголгону маалым болду.

Азери полициясы кыздарды кармабады

Азербайжан бийлик атадан балага өткөн, авторитардык өлкөлөрдүн бири болуп саналат. 8-мартта борбор Бакуда Азербайжан феминисттик кыймылынын «Көчөлөр биз үчүн ачык» деген маршы өттү.

https://www.azadliq.org/a/feminist-feallar-bakida-aksiya/30475973.html

Алар «Зомбулукка чыдаба, зомбулуктун алдында унчукпай калба!» «Аялдар, бириккиле» деген ураандарды чакырып өтүп баратышкан. «Азаттыктын» азери кызматынын кабарына караганда Низами көчөсүндө полиция жүрүшчүлөрдүн алдын тосту. Күч түзүмдөрү элди бир нече топко бөлүп, натыйжада түртүшүү, ызы-чуу келип чыкты. Полиция аялдарды кармаган жок. Бирок аларды колдоп чыккан бир топ жигиттер кармалды.

Ал эми Кыргызстанда милиция аялдардын майрамында кыз-эркегине караган жок. «Reuters» агенттиги «иш-чара башталгыча эле жүзүн бекиткен адамдар кол салып, плакат-транспаранттарын айрып, активисттерди урушту. Милиция чагым салгандарга тийишпей, маршка катышмай болгондорду гана кармады» деп жазды. «France-Presse» агенттиги окуя тууралуу баянына «Кыргызстан - Борбор Азиядагы эң туруксуз, кыз-келиндерди мыйзамсыз ала качуу менен атагы чыккан өлкө» деп кошту.

Ошентип, демейде анча көңүл бурулбай келсе, маанилүү бул күндө Кыргызстан демократияны, адам укуктарын коргогон тарабынан эмес, эл аралык коомчулукка зомбулукка жол берген жагы менен дагы бир ирет чагылдырылды.

Дүйнөдө жүрүшкө чыккандардын дээрлик баары «Унчукпай калба!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Алар күйөөсүнүн же үйүндөгү булчуңу күчтүү башка бирөөнүн зомбулугуна, ур-токмогуна кабылып, бирок жабылуу аяк жабылуу калса экен деген же жөн гана зомбулук үчүн жаза бар экенин, аялды уруу кылмыш экенин билбеген замандашына үн салууда.

Антпесе дүйнөнү кой Кыргызстанда эле, быйыл эле күйөөсүнүн колунан кеминде төрт аял өлгөнү белгилүү болбодубу.

Белгисиз калгандары канча?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG