Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 17:15

Диний иш-чаралар токтотулуп, жума намазга чейинки баяндарга чектөө киргизилди


Бишкектеги Айт намазы.

13-мартта Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавируска байланыштуу диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү убактылуу токтотулду.

Маалыматка караганда, жума намазга чейинки баяндарга чектөө киргизилип, зикир жана дубалар кыска окулат. Даават иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле сыркоолоп калган адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталды. Мечиттерди жана диний окуу жайларды дезинфекциялоо тапшырмасы берилип, кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экени эскертилди.

Ал эми диний окуу жайларды каникулга таратуу өлкөдөгү жалпы абалга байланыштуу кабыл алынат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кырдаалга жараша чечимдер өзгөртүлүшү мүмкүн экенин, кооптуу абал жоюлса, убактылуу чектөөлөр алынып салынарын билдирди.

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши каза болуп, 70 миңдей адам айыгып чыкты. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG