Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Президент чыгашаларды азайтуу керектигин айтты


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 14-март, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 14-март, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу кырдаал Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизерин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 14-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Ал экономикалык кыйынчылыктар болоруна карабай, ар бир мамлекет жарандарынын саламаттыгы үчүн чек араларды, каттамдарды жаап жатканын белгиледи.

«Биз да, Кыргызстан, ошол багытта иштеп жатабыз. Ачыгын айтышыбыз керек, экономикага терс таасири тиет. Республикалык бюджеттен чыгашаларды үнөмдөөгө өтүп, чакырыктарга, кыйынчылыктарга даяр болушубуз керек», - деди президент.

Жыйында өлкөдөгү экономикалык абалга коронавирустун кесепеттеринин таасирин азайтуу боюнча докладдар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев баштаган бир катар министрлер жана Улуттук банктын төрагасы сөз сүйлөдү.

Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу эл арасындагы кооптонуулар боюнча да оюн айтты.

«Албетте, эл болгон соң ар кандай кептер айтылууда. Санарип заманында такталбаган маалыматтар социалдык тармактарга да тарап жатат. «Коронавирус Кыргызстанда жок» дегенден күмөн санап, шек санаган пикирлер айтылууда. Коңшу мамлекет Казакстанда бул илдет катталды дегенден кийин, бизде да кооптонуу күчөйт», - деген президент коомчулукка маалыматты ачык, ыкчам берип туруу керектигин билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG