Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Биз эми өзгөрөбүз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дарыгерлер менен мугалимдерди төбөбүзгө көтөрүп урмат кылып жүрө турган доор келе жатканы тууралуу ойлоном.

Биздин эки революцияны, Акаевдин жана андан кийинки Бакиевдин бийлигинин кулашын… Аларды «Акүйдөн» кубалап чыккан «жапайыларыбыздын» же элдин эмнени эңсегени… ошолордун жонун тепсеп бийликке келгендердин берген убадалары… «Ата-Бейиттин» алдындагы «Бала-Бейит»… андагы кырчынында кыйылган жигиттердин бейиттери… сүрөттөрү… өсүп турган теректер…

Бийликтин тизгинин кармап, анын үзөңгүсүнө бутун коюп бараткандардын балдардын сөөгүн коюп жаткандагы элге берген анттары…

Келиңиздер, ар бирибиз ичибизден балдарга бата кылып, өткөндөрдү кайра баштан эстеп чыгалы?

Өнүккөн өлкө экениңе да карабай, өнүкпөгөн өлкө экениңе да карабай, Жер үстүндөгү адамдардын баарысынын үшүн бирдей алып, башына бирдей келген коронавирус биздин буга чейинки көз караштарыбызды эми өзгөртүүгө тийиш. Биз баарыбыз өзгөрүүгө тийишпиз. Биз эми курулай атак-даңктын, ач көздүктүн, миллиарддаган акча-тыйындын, көр дүйнө жыйгандын, бири-бирибизди көралбастыктын «кулдугунан» бошонушубуз керек. Биз эми өзгөрөбүз.

Дарыгерлер менен мугалимдерди төбөбүзгө көтөрүп урмат кылып жүрө турган доор келе жатканы тууралуу ойлоном.

Ар бириңиздерге ойлонуп көрүш үчүн улуу классик Виктор Гюгонун «Куугунтук жегендер» аттуу романынан төмөнкү жерин которуп сунуш кылууну туура көрдүм.

Улуу жазуучунун мындан эки кылымдай мурдагы же 1830-жылдагы француз революциясы жөнүндө жазганы…

ЖАПАЙЫЛАР

(Виктор Гюго)

Жапайылар…Булар кимдер экендигин түшүндүрө кетели. Революциялык башаламандыктын алгачкы күндөрүндө корккон жана үрөйү учкан эски Парижди басып алууга даяр турган самтыраган, кыжырданган, ачууланган, союлчан, жаалданган бул адамдар эмнелерди каалашты эле? Алар мындан ары эзүүнү таптакыр токтотууну, бөтөн зордукту токтотууну, согушту токтотууну, чоң кишилерге жумуш берүүнү, балдарга билим берүүнү, аялдарга камкордук көрүүнү, эркиндикти, теңдикти, бир туугандыкты, бардыгы бирдей нандуу болушун, дүйнө жүзүндөгү жер үстү бейиш болушун каалашкан. Прогрессти каалашкан. Кембагалдыктын жетер жерине жетип бүткөн, кедейликтен бөлөк жогото турган эч нерсеси калбаган, өтө коркунучтуу, айласыз ач-жылаңач, колдорунда союлу бар, көздөрүндө жек көрүүсү, ооздорунда ыза менен каргышы бар бул адамдар кымбат, ыйык, бакубат, керемет, бейпил турмушту талап кылышкан. Ооба, булар жапайылар болушкан, бирок цивилизацияны каалаган жапайылар болушкан.

Алар өз укуктарын, өз талаптарын жүрөк түшүргөн коркутуу жолу менен болсо да, баскынчылык жолу менен болсо да орноткусу келген; алар адам баласынын тукуму бейиште жашашын каалашкан. Алар бир караганда жырткычтарга окшоп турушкан, бирок адамдарды азап-тозоктон куткаруучулар болушкан. Кара чүмбөткө жамынып алып жарыкты талап кылышкан.

Ушул кыжырданган жана жаалданган, бирок жамандык үчүн эмес, жалаң жакшылык үчүн кыжырданган жана жаалданган адамдардан башка дагы сыпаа жылмайышкан, кийимдерине алтын жалатылган ленталар менен жылдыздарды тагынышкан, ак чачылуу шайы байпак кийишкен, сары мээлейчен, лакталган туфлийчен, өткөн доорлорун колдорунан чыгаргылары келбеген жана кандай болгон күндө дагы аларды сактап кала берүүнү эстетип турган мармар таш каминди айланта курчаган үстөлү бар: орто кылымды, өзүлөрү үчүн ыйык кылып алгандарынын укугун, фанатизмди, наадандыкты, кулчулукту, өлүм жазасы менен согушту, сылык сүйлөмүш болуп кылычты, тозоктун оту менен адамдын башын кесчү жайды даңктагандар да бар эле.

Эгерде биз цивилизацияны максат кылган жапайылар менен жапайычылыкты максат кылган цивилизациялуу адамдардын кимисин тандап аласыңар десе, сөз жок биринчисин тандап алмакпыз.

Бирок, жараткандын жазмышына байланыштуу өзгөрүүнүн балким башка да жолу бар. Өткөндөрдү сактап калыш үчүн же болочок жыргал үчүн баарын эле талкалап жок кылып же баарын эле туңгуюкка кулатып салуунун зарылдыгы жок. Деспотизмдин (жеке бийлөөчүлүк) да, террорчулуктун да кереги жок. Биз прогресске арабанын жолу менен баргыбыз келет.

Буга Кудай жардам берет. Биздин жолубуздун бирдей эместигинин баарын, тең эместигинин баарын теңдеп тура турган бир гана Кудай—Кудайдын бардык саясатынын маңызы ушунда.

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG