Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Пакистанда кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылды


Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистан. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистанда кыргызстандык дааватчыдан коронавирус табылды. Бул тууралуу 23-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн.

Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган жок.

Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

Бул өлкөдө коронавирус жуккандардын саны 800 кишиге жетти, бешөө каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG