Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков жыйындан кийин коалициялык көпчүлүктүн отуруму өтөрүн жарыялады. Андан кийин вице-премьер-министрликке сунушталган Аида Исмаилованын жана Саламаттык сактоо министрлигинин башына сунушталган Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги карала турганын кабарлап, депутаттардан кетпей турушун суранды.

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

1-апрелде мындан тышкары Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетинин жайылышына жана буга карата айрым шаар-райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган мыйзам долбооруна бир катар сунуштар киргизилгенин белгиледи. Ошондой эле депутат экинчи окууда кароо маалында тиешелүү кодекске өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин бузгандыгы үчүн көрүлүүчү чараларга да бир катар сунуштар берилерин кошумчалады.

Айсулуу Мамашева: Обсервацияда жаткан жарандар тартипти сактабай жатат. Булардын кайтарууну күчөтүү керек. Мындай аракеттери менен башка жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатышат.

Махабат Мавлянова: Кечээ Ноокатта эл 24 сааттык коменданттык саат кирет деген жаңылык маалыматты угуп алып, түнгө чейин тамак-аш алабыз деп кезекте турду. Милиция кызматкерлери эмнеге буга жол берип жатат? Эмнеге топтошкон элди тараткан жок?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG