Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Кыргызстанда 15-апрелден кийин да өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет.

“15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат”-деди Сулайманов.

Ошондой эле эл өкүлү учурда коронавирусту аныктоочу тест-системалар абдан аз болуп жатканын белгилеп, өкмөт көп сандаган тесттерди сатып алышы керектиги кошумчалады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынан Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан Чолпонбаев Космосбек Сариевич бошотулду.

Жогорку Кеңешке премьер-министр чакырылды

Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги кезексиз жыйынында «Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда. Мындан сырткары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин каралууда. Тиешелүү күн тартиби бекитилди.

Мындан сырткары коронавирусту жайылтпоо боюнча иштер тууралуу маалымат бериш үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке чакырылды.

Ошондой эле парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн иштен алынган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ордуна жаңы талапкерлер коалиция көпчүлүк тарабынан караларын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG