Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Өкмөт: Бул мыйзам менен үч кодекске өзгөртүү кирип жатат. Өзгөчө режимдин тартибин бузган киши, оорусун жашырып же башкага жуктурган киши 2,5 жылдан 5 жылга чейин жазага тартылат.

Мыйзам кабыл алынса обсервация жана карантиндин эрежелерин бузгандар 30 миңден 60 миң сомго чейин айып пул төлөй турганы маалым болду. Депутат Сайдулла Нышанов Кыргызстан мындай абалда көпкө жашай албасын, андыктан тартипке баш ийбегендерди катуу жазалоо керектигин айтты.

Улукбек Ормонов: Тамак-ашка олуттуу карайлы. Ишкерлерге рахмат айталы кайра. Аларды кысып атып, таптакыр эч нерсе жок калбасын.

Юстиция министри Марат Жаманкулов бул убактылуу чара экенин, анткени жарандардан тамак-аш баасы негизсиз жогорулап жатканы тууралуу арыздар түшүп жатканын айтып жооп берди.

Өкмөттүн түшүндүрмөсү боюнча 218-беренеге өзгөртүүлөр кирип атат. Анда өзгөчө абалда же эпидемиологиялык кырдаалда тамак-аштын баасын кымбаттаткандарга айып жогорулайт. Физикалык жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом. Ошол эле шарт дары-дармек саткандарга да иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG