Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Италияга коронавирус былтыр эле келгенби?


Милан шаары. Март 2020-жыл

Италия коронавирустан эң катуу жапа чеккен өлкө бойдон калууда. Жергиликтүү айрым дарыгерлер жаңы илдет өлкөгө былтыр күзүндө эле тараган деген теориясын айтып жатышат. Бирок бул пикирди талашкандар да бар.

Италия коронавирустан эң катуу жапа чеккен өлкө бойдон калууда.

Калкынын саны АКШ жана Кытайдан аз болгону менен, илдетти жугузуп алгандардын саны боюнча бул өлкө экинчи орунда турат. Өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашып, бул жагынан сап башына чыкты. Жергиликтүү айрым дарыгерлер жаңы коронавирус өлкөгө былтыр күзүндө эле тараган деген теориясын айтып жатышат. Бирок бул пикирди талашкандар да бар.

Алсак, Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия аймагынын калкы он миллиондон бир аз ашканы менен ал жакта COVID-19 илдетинен каза тапкандар Кошмо Штаттар менен Кытайга караганда көп болууда.

Эмне себептен Италия ушундай оор кырдаалга дуушар болду? Мунун башкы себеби катары адамдардын бири-бири менен аралашып, вирустун кеңири жайылып кетиши айтылууда.

Ошондой эле Италиянын өкмөтү кыймылды убагында чектебей койгону, элдин карантин киргизилгенден кийин да тартипти сактабаганы, италиялыктар картайып бараткан улуттардын катарына киргени, өлгөндөрдүн негизги бөлүгү кары-картаңдар экени тууралуу жүйөлөр да айтылууда.

Италиялык эпидемиолог, Милан университетинин медициналык статистика боюнча профессору Адриан Декарли жаңы коронавирус өлкөдө буга чейин айтылгандан алда канча мурда келип, билинбей тараган деп эсептейт. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги жазды.

Декарлинин айтымында, былтыр октябрь-декабрь айларында Ломбардияда, тактап айтканда Милан жана Лоди шаарларынын айланасында (экөө тең илдеттин Италиядагы очогунда жайгашкан) сасык тумоо жана өпкөнүн сезгенишине чалдыгып, ооруканаларга жактырылган бейтаптардын саны адаттагыдан көп болгон.

Профессор так сандарды келтире алган жок, бирок кеп «жүздөгөн» адам тууралуу жүргөнүн айтууда. Бейтаптардын кээ бири бул оорудан каза болгон.

Дарыгер азыр ошол кезде көз жумгандардын медициналык карталары, клиникалык маалыматтары менен таанышып жатат. «Коронавирустун 2019-жылдын аягында эле бизде пайда болуп же болбогонун билгибиз келет. Ошондой болсо, убакыттан бери эмне себептен эч ким аныктай алган эмес? Так картина эпидемиянын дагы бир толкуну келсе, чара көрүүгө жардам бермек», - деди эпидемиолог.

Декарлинин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгына жараша тиешелүү мекемелер былтыр ошол аймакта коронавирустан көз жумган деп шек саналган бейтаптардын сөөгүн эксгумациялоону сурашы мүмкүн.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон.

Ал эми башка адистер "вирус Европада 2019-жылы эле тараган" деген теорияга макул эмес.

«Вирус Европада январдын этегинде пайда болгон деген божомол эң туура деп ойлойм», - дейт Британиядагы Чыгыш Англия университетинин кызматкери Пол Хантер. Бул изилдөөчү континент инфекцияга чындап эле былтыр чалдыккан болсо, анда бүгүнкү кырдаал азыркыдан да жаман болмок деген оюн айтат.

Хантердин пикиринде, италиялык кесиптештеринин теориясын ошол маалда илдетти жугузуп алган деген адамдардын лабораториялык анализдери гана бышыктай алат.

Италияда коронавирустун алагачкы учуру 21-февралда расмий катталган.

Миландагы фармакологиялык институттун өкүлү Жузеппе Ремуцци Ломбардиядагы үй-бүлөлүк догдурлардын маалыматына таянып, чынында эле былтыр өпкөнүн сезгенишинен жабыркаган бейтаптар көбөйгөнүн айтууда. Мисалы, Жера д`Адда жана Крема шаарларынын айланасындагы райондордо өпкө кагынына (пневмонияга) кабылган бир топ адамдардын дем алуусу кыйындап, ооруну жөтөл, температура коштогонун байкашкан. Дал ушундай белгилер COVID-19га да мүнөздүү.

«Бирок ал мезгилде коронавирус жөнүндө маалымат жок болчу жана бейтаптын бирине да бул диагноз, албетте коюлган эмес», - деди Ремуцци.

Дарыгердин айтымында, илдет чындап ошол маалдан тартып жуккан болсо, анда бир нече ай аныкталбастан жайыла бериши мүмкүн дегенди билдирет.

Сарымсак коронавирустан cактайбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG