Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Италия коронавирустан ажал тапкан жарандарына аза күттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Италияда өпкөнү сезгенткен вирустун айынан мерт болгон миңдеген жарандарга байланыштуу 31-мартта аза күтүү күнү жарыяланды. Өлкө боюнча мамлекеттик туулардын баары түшүрүлүп, шаарларда бир мүнөт унчукпай эскерүү акциясы өттү.

Италия короновирустан көз жумган адамдардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Акыркы бир күн ичинде оору 800дөн ашык кишинин өмүрүн кыйды жана дүйнөдөн кайткандардын саны 11,5 миңден ашты.

Анткен менен өлкө бийлиги соңку күндөрү оору жугузуп алгандар азайып баратканын билдирди. Бул 12-апрелге чейин деп жарыяланган карантин чараларынын үзүрү экени айтылды.

Европа өлкөлөрүнүн ичинен азыр Испанияда да абал оор. Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир күн ичинде 850дөй адам каза болуп, бул сан эң чоң көрсөткүчкө жеткенин кабарлады. Бул мамлекетте дагы илдетке кабылгандар азыраак каттала баштады.

Испания бул оору сегиз миңден ашык адамдын өмүрүн кыйып, оору жуккандар 95 миң кишиге чукулдады.

Испанияда 31-марттан тартып катаал карантин башталды.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза тапкандардын саны 39 миң адамдан ашты.

XS
SM
MD
LG