Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери коронавирус коркунучун талкуулашат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 2-апрелде НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери коронавируска байланыштуу жагдайды талдап-талкуулашат. Жолугушуу уюмдун 70 жылдык тарыхында биринчи жолу видеоконференция форматында өтөт. Мунун алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг «биздин башкы максатыбыз - саламаттык сактоо жаатындагы бул каатчылык коопсуздук каатчылыгына айланып калышына жол бербөө» деген эле.

Европадагы оорунун очогуна айланган Италия менен Испанияда коронавирустун жайылышына каршы иштерге куралдуу күчтөр тартылып жаткандыктан, НАТО бул өлкөлөргө чукул жардам көрсөткөн.

Альянстын айрым мүчөлөрү өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан улам жаралган жагдайды кайсы бир өлкөлөр НАТОго каршы колдонушу мүмкүн экенин да айтып чыгышкан. Ушундан улам уюм жалган маалыматтардын таратылышынын алдын алуу иштерин да күчөттү. Кийинки убакта мындай дооматтарда Орусия менен Кытай көп атала баштады.

Өткөн аптада Орусия НАТОнун Европадагы мүчөсү болгон эки өлкөнүн чек арасына жакын аймактарында аскердик ири машыгууларды өткөргөн. Бул мамлекеттин Коргоо министрлиги муну кандай оору-илдет болбосун ага карата армиянын даярдыгын текшерүү максаты менен түшүндүргөн. Анткен менен Британиянын Аскер-деңиз флоту Ла-Манш кысыгында Орусиянын аскер кемелери «катуу жандана баштаганын», аларды көзөмөлдөп коштогонго аргасыз болушканын билдирген.

XS
SM
MD
LG