Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

«Тамак жасабаган америкалыктар кыйналды»


Азамат менен Жаңыл Токтосуновдор балдары менен.
Азамат менен Жаңыл Токтосуновдор балдары менен.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу «Азаттык» күн сайын чет жактагы кыргызстандыктар менен байланышып, алардан кабар алып жатат.

Азамат менен Жаңыл Токтосуновдор үй-бүлөсү менен Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарына 2018-жылы көчүп барышкан. Учурда Жаңыл коллежде окуйт. Азамат штаттар ортосунда жеңил автоунаа ташып иштейт. Түгөйлөрдүн бир кыз, эки уулу бар.

«Дүкөндөрдө узун кезектер тизилип жатты»

Карантинде отурганыбызга үч жумадан ашып калды. Статистикага ылайык, АКШда коронавирус жуккандардын саны боюнча Калифорния штаты төртүнчү орунда. Биз жашаган Лос-Анжелес шаарында беш миллиондон көп адам жашайт. Алардын баарын күчтөп үйгө отургузуп коюу дароо мүмкүн болгон жок. Карантин жарыяланардан мурда эки жума даярданышты. Көп мекеме-ишканалар жабылгандан кийин гана адамдар көбүрөөк үйлөрүндө кала башташты. Антейин десең азыр деле көчөдө киши көп. Айрымдары беткап кийип, башкалары ансыз эле жүрүшөт. Бул жакта деле беткап, антисептик тартыш. Даараткана кагазын табуу кыйын. Айрым эле чоң дүкөндөрдө сатылууда. Ал жактарда да чектөө киргизип койгон, бир үй-бүлөгө бир эле блок сатып алганга уруксат берилет. Чектөө ошондой эле жумурткага, сүт сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө киргизилген.

Үйдөн машыгып жатышкан Байэл менен Алманбет.
Үйдөн машыгып жатышкан Байэл менен Алманбет.

Америкалыктар карантин жарыяланганда коронавирустан эмес, үйдө отуруп тамак жасоодон көбүрөөк кооптонушту окшойт. Анткени булар үйдөн дээрлик тамак жасап жешпейт. Көп иштешкендиктен ага убактысы деле жок. Ошондуктан көпчүлүгү тез татым тамактары же fast food менен азыктанышат. Ошондой коомдук жайлар жабыла баштаганда булар аябай дүрбөлөңгө түштү. Дүкөндөрдөгү кезектер бир нече чакырымга созулуп жатты. Бирок урушуп-талашпай эле биринин артынан бири аралыкты сактап турушту. Бул жакта өлгөндөр Нью-Йорктогудай болбосо да күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Учурда дал ошол маркумдардын сөөктөрүн жакындарына бербей атканы үчүн тууган-туушкандары нааразы болуп жатышканын жергиликтүү телеканалдар көрсөтүп жатышат.

«Бийлик аябай эле каралашып жатат»

Жергиликтүү бийлик бизге аябай эле каралашып жатат. Күндө эртең менен мектептен балдардын күнүмдүк тамагын алып келебиз. Үч баланын үч маал жей турган тамагын беришет. Анын ичинде сендвич, жер-жемиш, сүт сыяктуу азыктар бар. Ал тамакты каалабасаң албай деле койсоң болот. Ар бир ата-эненин өз эрки.​

Ошондой эле АКШ бийлиги эки жума мурда кризис маалында элине колдоо көрсөтүш үчүн атайын мыйзамдын алкагында чоң каражат бөлгөн. Ага ылайык, ар бир чоң кишиге 1200, ал эми балага 500 долларлык бир жолку төлөм каралган. Аны буга чейин өкмөткө салык төлөп келген ар бир адам ала алат. Бизге да берилет экен.

Ошондой эле пандемияга байланыштуу Интернет, коммуналдык төлөмдөр арзандатылды. Ал эми биз турган батирдин кожоюну ижара акысын шашпай бөлүп төлөөгө уруксат берди.

«Уулдарым онлайн машыгып жатышат»

Азыркы кырдаалга байланыштуу үч балам болуп онлайн окуп жатабыз. Улуу кызым сегизинчи класста, андан кийинки уулум бешинчи, ал эми кичүүсү экинчи класста. Мектеп онлайн билим алыш үчүн бардык шарттарды түзүп берген. Үйүндө кандайдыр бир себептер менен Интернети же компьютерлери жокторду камсыз кылышты. Маселен, бекер Интернет койдуруп беришти же болбосо мектептеги жеке компьютерлерин үйүнө алып кетип колдонуп турууга уруксат беришти.

Сабактар болсо ZOOM сыяктуу программалар аркылуу өтүп жатышат. Андан тышкары уулдарым эркин күрөш боюнча машыгышат. Алардын да машыгуулары онлайн өтүп жатат. Балдарым штат ичинде жакшы ийгиликтерге жетишип жатканы кубандырат. Мында жолдошумдун салымы чоң. Анткени кечке иштеп чарчап келгенине карабастан, балдарды кошуна шаарга машыгууга алып барып келчү. Азыр Калифорния штатынын атынан мелдештерге чыгып калышты. Кудай буюрса келечекте чемпион болуп калышабы деген үмүттөмүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG