Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Кыргызстанга Польшадан жана Кытайдан медицина адистери келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө жардам бериш үчүн Кытайдан жана Польшадан дарыгерлер келет. Бул тууралуу 17-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Исмаилова «жакынкы күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатканын» маалымдады.

Президент өз сөзүндө коронавируска каршы иштеп жаткан кыргызстандык медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жана кошумча акчасын өз маалында берүү, инфекцияны жугузуп алуу коркунучун азайтыш үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу керек экенин айтты.

Кыргызстанда 18-марттан 17-апрелге чейин коронавирус 489 адамдан табылды, алардын 116сы медицина кызматкери.

Буга чейин өкмөт Кытайдан 15 адис келерин кабарлаган.

Польшада бүгүнкү күнгө карата вирус 8 миңден ашуун адамга жукту, алардын 318и каза болду.

Кытайда илдет 82 миңден ашык адамдан табылды, анын 4632 каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG