Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Министрлик: Кыргызстанда коронавирус көрсөткүчү төмөндөшүнө негиз бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны боюнча көрсөткүчтүн ылдыйлашына негиз бар. Бул тууралуу 24-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Мындан аркысы бийиктейт деп айткандан азыр алысмын. Ошентсе да жумушубузду күчөтүп, аракетибизди улантып жатабыз. Оору табылгандан бери улам лабораторияда изилдеп келдик. Ишибиз жакшы жыйынтыгын бере турган болсо ылдыйлагандын ичинде болушубуз керек. Анткени байланышта болгон 8,5 миң кишинин баарын толук текшерип чыгып, үй шартында да карап жатабыз. Акыры, болгондорунун баарын таап чыгып, негизи, ылдыйлоого негиз бар. Ошого жараша иштеп жатабыз».

Буга чейин өлкөдө коронавирус жуккандардын саны көбөйүшүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонгон болчу.

Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 656 киши болду, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап айыгып кетти. 326 бейтап ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда.

Үсөнбаев оорусу тастыкталгандар менен байланышта болгондор көзөмөлгө алынганын, ошого карабастан жеке коргонуу чараларын улантыш керек экенин айтты. Үй-жайды улам желдетип туруу, өзүн таза алып жүрүү, адамдардын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыкты сактоо деген талаптар актуалдуу экенин кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG