Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Вьетнам COVID-19ду жайылткан жок


"Вьетнам аба жолдору" компаниясынын кызматкерлери. Дананг шаары. 23-февраль, 2020-жыл.
"Вьетнам аба жолдору" компаниясынын кызматкерлери. Дананг шаары. 23-февраль, 2020-жыл.

97 миллион калкы бар Вьетнам Кытай менен чек аралаш жайгашкан. 22-апрелге карата бул өлкөдө коронавирустан бир да киши каза тапкан эмес, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны үч жүзгө жетпейт.

Адистердин айтымында, Вьетнам буга чейин бир нече эпидемияны башынан өткөргөндүктөн айрым чараларды Кытайда коронавирус жайыла баштаганда эле киргизген.

Түштүк Азияда жайгашкан бул мамлекетте 2003-жылы чочко тумоосу кеңири тараган.

Өлкө башында турган Коммунистик партиянын коронавирустун жайылышын ооздуктоого багытталган күрөшүн сындагандар да бар. Алар бийлик бул күрөштү аскердик тартип менен ишке ашырып жатканын айтышууда.

Жыл башында коңшу Кытайда коронавирус илдети жаңы тутанганда эле Вьетнамдын аэропортторунда четтен келгендер текшерүүдөн өткөрүлө баштаган.

Өлкөдө алгачкы коронавирус жугузуп алган адам январь айынын соңунда катталган. Ал Кытайга барып келгенден кийин оорунун белгилери байкалган. Жугуштуу илдет аныкталган жарандар менен түз байланышта болгон адамдар гана эмес, алар үчүнчү-төртүнчү деңгээлдеги байланышта болгон кишилердин баары текшерилип карантинге алынган.

Баш калаа Ханой шаарындагы коронавирустун кооптуулугу жазылган көрнөк.
Баш калаа Ханой шаарындагы коронавирустун кооптуулугу жазылган көрнөк.

Ошентип алгач катталган он алты адамдын баары айыккандан кийин бир канча убакыттан кийин Вьетнамда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Бул ирет жугуштуу илдетти Европага барып келген жарандан табышкан.

Ошондон тарта коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган ар бир айыл-кыштак, районго карантин киргизилип, элден жапырт анализ ала башташты.

"The Conversation" басылмасынын жазышынча, тесттердин баары Вьетнамдын өзүндө чыгарылган.

Шаарлар ортосундагы каттамдар дээрлик токтотулган. Маселен, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Дананг деген шаарга келем дегендер, киргенден кийин сөзсүз мамлекеттик мекемеде он төрт күн карантинде болушу абзел. Бул убакыт ичинде жаран өзүн-өзү каржылайт.

Баш калаа Ханойдогу 3200 орундук ооруканада бир медкызматкер илдетке кабылгандыктан мекеме толук жабылган. Мамлекеттик, жеке ишканалар, туризм тармагы, бизнес толугу менен токтотулду.

Вьетнамдыктардын көбү бийликтин бул катаал чараларын колдошкондой. Алар Вьетнам бийлигинин коронавируска каршы жүргүзүп жаткан саясаты менен сыймыктанышат.

Бул факт адам укуктарын бузганы үчүн сынга көп кабылган Вьетнам Коммунистик партиясынын зоболосун көтөрүп жатканына тынчсыздангандар саналуу гана.

Беткап кийген вьетнамдык аял. 12-апрель, 2020-жыл.
Беткап кийген вьетнамдык аял. 12-апрель, 2020-жыл.

Ар бир аймакка аскерлер киргизилип, партиянын эл ичиндеги тыңчылары да жакшы иштеп жатканы айтылууда. Андан тышкары Вьетнам бийлиги коронавируска каршы күрөштө аскердик риториканы байма бай колдонуп жатат.

Ошол эле маалда коронавирус менен ооруган адамдардын аты-жөнү айтылбаса дагы алар тууралуу толук маалыматтын чыгып кетишинен улам бейтаптар дискриминацияга кабылган учурлар болду.

Маселен, Европадан жуктуруп алган барган вьтнамдык аял социалдык тармактарда талоонго калды. Аны эрежелерди бузуп, Европага барганы үчүн айыптап жатышты.

Вьетнам өнүгүп бараткан мамлекеттердин катарына кирет. Ар кандай маалыматтарга караганда, жыл сайын болжол менен 18 миң вьетнамдык Европага, негизинен Британияга жакшы жашоо издеп жөнөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG