Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Вьетнам жарандарынын сөөгүн тосуп алды


Британияда жүк ташыган машинеден сөөгү табылган мигранттын жакындары. Вьетнам. 27-ноябрь, 2019-жыл.
Британияда жүк ташыган машинеден сөөгү табылган мигранттын жакындары. Вьетнам. 27-ноябрь, 2019-жыл.

Британиядагы жүк ташыган машинеде табылган 39 вьетнамдыктын сөөгү мекенине кайтарыла баштады. 16 маркумдун сөөгү Вьетнамга шаршембиде жеткирилгенин бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Шаршембиде Вьетнамдагы кыштактардын бири ый-муңга бөлөнүп турду. Көзүнөн жашы куюлган, колдоруна бирден ак роза кармаган вьетнамдыктар Британиядагы жүк ташуучу автоунаанын ичинен табылган жакындарынын сөөгүн күтүп жатышты.

39 маркумдун 16сынын сөөгү Түштүк-Чыгыш Азиядагы мекенине жеткирилгенин Вьетнамдын Тышкы иштер министрлиги 27-ноябрда билдирди.

Алардын бири Хоан Ван Тиеп болгону 18 жашта болчу. Бийлик анын сөөгүнө караганда күлүн алып келүү арзанга түшөрүн белгилеп, туугандарына ушундай вариантты сунуштаган.

Ван Тиептин атасы баласынын жок дегенде сөөгү туулган жерине келгенине каниет кыларын айтты. "Сөөгүн бир айдай күттүк. Анын үйгө кайтып келгенине ыраазымын", - деди Хоанг Ван Ланх.

Британияда жүк ташуучу автоунаада каза болгон Хоан Ван Тиептин сүрөтү. Вьетнам. 27-ноябрь, 2019-жыл.
Британияда жүк ташуучу автоунаада каза болгон Хоан Ван Тиептин сүрөтү. Вьетнам. 27-ноябрь, 2019-жыл.

Вьетнам полициясы мигранттардын өлүмүнө байланыштуу ондой адамды камады. Лондон менен Ханой бийликтери калган мигранттардын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча биргелешип иштеп жатат.

Бул тууралуу Британиянын Вьетнамдагы элчиси Гарет Уорд билдирип, мындан ары адам аткезчилигин токтотуу боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташууну улантууга убада берди.

- Адам аткезчилиги эл аралык көйгөй жана аны чечүү үчүн биргелешкен кызматташуу керек. Биз бул трагедияга алып келген кылмыштуу схеманын бетин ачуу үчүн Вьетнам бийликтери менен тыгыз иштешебиз, - деди дипломат.

Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу бир жарым жылдан бери Британияга мигранттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенип жүргөнүн 25-ноябрда өткөн сотто мойнуна алды.

Анын айтымында, бул канал глобалдык түйүндүн курамына кирет. Судьянын суроолоруна видеобайланыш аркылуу жооп берген 25 жаштагы Мо Робинсон мыйзамсыз иммиграцияны уюштурууга катышып, ал үчүн нак акча алып турганын да кошумчалады. Робинсон менен кошо бул ишке катыштыгы бары айтылган төрт киши кармалган. Алардын үчөө күрөө койгондон кийин бошотулган.

Ичинде 29 адамдын сөөгү бар фургон Эссекс шаарынын жака белинде 23-октябрда табылган. Тоңуп өлгөндөрдүн баары Вьетнамдын жарандары эле. Арасында сегиз аял болгон.

Ичинде 29 адамдын сөөгү бар фургон Эссекс шаарынын жака белинде 23-октябрда табылган.
Ичинде 29 адамдын сөөгү бар фургон Эссекс шаарынын жака белинде 23-октябрда табылган.

Маркумдардын биринин тууганы ал Британияга баруу үчүн аткезчилерге 38 миң доллар төлөгөнүн Би-Би-Сиге курган маегинде айткан. Бул чөлкөмдүн тургундары негизинен айыл чарба жумуштары жана балык уулоо менен алектенишет.

Ар кандай маалыматтарга караганда, жыл сайын болжол менен 18 миң вьетнамдык Европага, негизинен Британияга жакшы жашоо издеп жөнөйт. Адам аткезчилиги менен шугулдангандар аларды алгач Францияга же Нидерландыга жеткиришет. Андан ары башка топтор бортунда муздаткычы бар автоунааларга салып Британияга алып өтүшөт.

Бирок бул мыйзамсыз “сапар” бир нече айга, ал тургай бир нече жылга да созулушу мүмкүн. Бул убакыт ичинде мигранттар ар кандай азап-тозокторду баштан кечирет. Бирок талдоочулар мындай кордук сыртта иштеп жүргөн туугандарынан келген акчага үй салып, машине алган коңшусун көргөн вьетнамдыктарды токтото албай жатканын белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG