Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Британия: машинеден 39 адамдын сөөгү чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Эссекс аймагынын полициясы үрөй учурган окуяга байланыштуу автоунаанын айдоочусун камакка алды жана ишти иликтей баштады.

Бул окуяга байланыштуу мыйзамсыз миграция, адам сатууга байланыштуу божомолдор айтыла баштады.

Жыл сайын миңдеген чет өлкөлүк жарандар, мигранттар, согуш, куралдуу кагылыш болгон аймактан качкандар, башка калка издегендер Европага ар кандай жолдор аркылуу келгенге аракет кылат.

Көбү азап-тозокко кабылып, айрымдары көздөгөнүнө жетпей жолдо-сууда ажал табат.

Эссекс аймактык полициянын билдиришинче, 39 адамдын сөөгү табылган автоунаа Грейс өнөр жай шаарчасында токтоп турган.

Ал өткөн ишембиде Британияга Болгариядан келген. Өлгөндөрдүн арасында бир өспүрүм бар экени белгилүү болду. Кылмышка шектүү катары автоунаанын айдоочусу, 25 жаштагы ирландиялык камакка алынды.


Эссекс полициясынын жетекчисинин орун басары Пиппа Миллстин маалымдашынча, полицияга окуя тууралуу Тез жардам кызматы 23-октябрга оогон түнү кабар берген. Азырынча дарыгерлерди ал жерге ким чакырганы белгисиз.

- Биз бул фура 19-октябрда Британияга Болгариядан Холихед порту аркылуу келген деп эсептейбиз. Куткаруучулар окуя болгон жерге барганда бирөө да тирүү калган эмес. Өлгөндөрдүн бири өспүрүм окшойт.

Пиппа Миллс бул "Эссекс үчүн өтө кайгылуу күн болгонун" белгиледи жана коомчулукка кайрылып, жүк ташуучу автоунаага, айдоочусуна жана окуяга байланыштуу билген-укканы болсо ал маалыматын полиция менен бөлүшүүгө чакырды.

Полиция азырынча окуянын мындан башка чоо-жайын жана өзүнүн божомолдорун расмий билдире элек. Бирок мыйзамсыз миграция, адам сатууга байланыштуу түкшүмөл ойлор айтыла баштады.

Британиянын коргоо министри Прити Пател бул окуя аны нес кылганын билдирди.

Британ парламентинде Эссекс аймагынан депутат Жеки Дойл-Прайс "Твиттердеги" баракчасына "Адам сатуу - жексур жана кооптуу бизнес" деп жазды жана ал адамдардын өлүмүнө себепчи болгондор табылып, жазаланат деген ишеничин билдирди.

Борис Жонсон
Борис Жонсон

Премьер-министр Борис Жонсон окуяны "жүрөктүн үшүн алган трагедия" деп баалады жана өлкөнүн Ички иштер министрлиги да иликтөөгө киришкенин билдирди.

Ирландиянын премьер-министри Лео Варадакар болсо муну "жалпы адамзат кайгысы" катары сыпаттап, кандуу жүк ташыган автоунаа өз өлкөсү аркылуу өткөн-өтпөгөнүн текшерүүнү убада кылды.

Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш улуттук агенттиги Эссекске кызматкерлерин жөнөттү жана анда бул үрөй учурган окуяга уюшма кылмыш топторунун тиешеси бар-жогу аныкталарын маалымдады.

Эссекс полициясы автоунаада сөөгү табылган 39 адамдын тек-жайын аныктоо узак убакыт аларын кабарлады.

2000-жылы июнь айында Британиянын Дувр шаарында 58 кытай мигранты жүк ташуучу автоунаанын ичинде аба жетпей, думугуп ажал тапкан жана эки адам аман калган. Бул окуяга байланыштуу автоунаанын айдоочусу камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG