Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:15

Мигранттар Орусиядан Түркияга ооду


Түркия.
Түркия.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. (31-декабрь - 7-январь)

The Diplomat журналы Борбор Азия өлкөлөрүнүн мигранттары мурдагыдай Орусияны эңсебей калганын жазды.

"Орусияда рублдин куну түшүп, тартип сакчылары мигранттарга өкүмзордугун токтотпой келет. Дал ушул эки фактор эмгек көчмөндөрүн тили, дини окшош Түркияга агылуусун шарттап турган кез.

Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган мигранттар Түркиянын эмгек базарында эң көп жумуш уруксатын алган 10 өлкөнүн жарандарынын катарында.

Түркиядагы кыргыз мигранттары
Түркиядагы кыргыз мигранттары

2017-жылы Түркияга мыйзамсыз барган өзбек мигранттары көп экени аныкталган. Орусияга караганда Түркияда борбор азиялыктар ыдык көрбөй, тең шартта жашай алат.

Анткен менен айрым теракттарга өзбекстандык, кыргызстандык жарандардын аралашуусу түрк бийлигинин көз жаздымында калган жок.

Буга чейин Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары Түркияда 30 күн визасыз жүрө алышчу. 2018-жылдын аягында Режеп Тайип Эрдоган бул убакытты 90 күнгө узартуу чечимин кабыл алгандан кийин эмгек мигранттарынын саны дагы көбөйөрү күтүлүүдө.

Азыркы тапта Түркияда 30 миңдей өзбекстандык иштеп жүрөт. Бирок алардын 2 миңдейинин расмий уруксаты бар. Борбор Азиядан барган мигранттар Түркияга канчалык агылганы менен Эрдогандын өз элинин 3,8 миллиону, жаштардын 20 пайызы жумушсуз.

Мындай шартта боордошторду колдогон бийлик партиясынын саясатын оппозиция өз максатына колдонуп, антимигранттык сындарды жаадырышы ыктымал", - деген пикирде макаланын автору Хамза Шарифзода.

Жаңырган жылда кимдер байып, ким бөксөрөт?

Британияда чыккан Economist журналы 2019-жылдагы дүйнөнүн экономикалык картасын ички дүң өнүмдүн көрсөткүчүнө салыштырып чыгарды.

Economist Intelligence Unit аттуу эл аралык изилдөө компаниясынын божомолунда АКШнын ички дүң өнүмү 2,3 пайызга жогорулайт. Ал эми Кытайдыкы мындан эки эсе көбөйүп, 6,3 пайызга арбыйт. 2018-жылы АКШ менен Кытайдын соода тирешинин айынан дүйнөнүн эки ири экономикасында солгундоо сезилген.

Ички дүң өнүм боюнча эсептелди
Ички дүң өнүм боюнча эсептелди

Европанын акыбалы дагы деле олку-солку бойдон калмакчы.

Ошентсе да мартка карай жалпы ички дүң өнүм 1,5 пайызга чыгары божомолдонду.

Еврошаркеттеги өлкөлөрдүн ичинен 0,4 пайыз өсүш менен Италия 2019-жылдын алсыз экономикасына айланышы ыктымал.

Индиянын экономикасы башкаларга салыштырмалуу ыкчам илгерилейт. 2018-жылы Индиянын ички дүң өнүмү 7,4 пайызга жетти деп катталган. Вьетнам Кытайдын өндүрүш талаасын ээлегендиктен жаңырган жылдагы көрсөткүчү 6,7 пайызга көбөйөт. Кызыгы, согуш чеңгелинен жаңы бошоно баштаган Сириянын ички дүң өнүмүндө 9,9 пайыздык өсүш мерчемделген.

Жапония сыртка чыккандардан салык алат

Asia Nikkei Review журналы Жапонияда жумушчу күчү жетишпей 2018-жылы 362 өндүрүш компаниясы банкрот болгонун маалымдады. Мындай көрүнүш Күн Чыгыш өлкөсүндө 2013-жылдан бери күчүндө.

Тейлөө сектору, ресторандар, бала бакчалар жана карылар үйүндө жумушчулар жетишпейт. Элдин көбү айлыгы жакшы өндүрүш, маалымат технологиялары тармагына ооп кетүүдө.

Басылма 2019-жылы да жумушчу күчү жетишпегендиктен иши токтогондор көбөйөрүн божомолдойт.

Ал арада 1-январдан тарта Жапониядан чет өлкөгө аба, деңиз жолдору аркылуу чыккан эки жаштан өйдө адамдардын баары миң йенден салык төлөмөй болгонун Japan Today гезити кабарлады.

Салыктан түшкөн каражатты мамлекет туризмди өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого жана 2020-жылы өтө турган Токио олимпиадасына даярдыкка коротмокчу.

Миң йен 630 сомго барабар. 2019-жылы салыктын бул түрүнөн 50 миллиард йен түшөрү болжолдонгон. 2018-жылы Жапонияга барган чет элдиктер 30 миллиондой болгон.

Кытай Тайванды күч менен басып алабы?

Кытайдын лидери Си Цзинпин Тайван каршылык көрсөтсө, аралга аскер киргизүү толук мүмкүн экенин айтты.

"Тайвандын Кытайга тынчтык жолу менен биригиши үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берүүгө даярбыз. Бирок кандайдыр бир жикчил иш-аракеттерге жол бербейбиз. Биз Тайванга күч колдонбойбуз деген убада берген жокпуз жана зарыл болсо бардык керектүү чараларды колдонууга укугубуз бар", - деген Кытай лидеринин сөзүн Deutsche Welle агенттиги жарыялады.

Буга жооп катары Тайвандын президенти Цай Инвэн "Биз Кытай аныктагандай, Тайван - бир өлкө, эки система моделинин бөлүгү дегенге макул эмеспиз.

Си Цзинпиндин сөзү Тайванды Кытай менен бириктирүүгө байланыштуу биздин кооптонууларыбыз негиздүү экенин көрсөтөт", - деп Кытай бийлигин демократиялуу жол менен бул маселени чечүүгө чакырарын айтып, жооп кайтарды.

Тайвандын президенти Цай Инвэн
Тайвандын президенти Цай Инвэн

Тайван улуттук Ченгчи университетинин эл аралык мамилелер боюнча эксперти Дин Шухфан Кытай эл башчысынын сөзүн "Коммунисттик партиянын кысымы жана 2020-жылдагы шайлоону утурлаган популизм" катары баалады.

Тайван провинциясы Кытайдан 1949-жылы атуулдук согуштан кийин ажырап, эгемендигин жар салган. Кытай Тайванды өз алдынча субъект катары таануудан баш тарткан. Эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине да кол коюлган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG