Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Дүйнөнү дүрбөтчү он согуш


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама.

"Foreign Policy" журналы келаткан жылы дүйнөдө согуш оту өчпөй турганын, тескерисинче, мурдагы жаңжалдар алоолоп, кагылышуулар күчөй турганын божомолдоп, тынчыбайт делген 10 өлкөнүн тизмесин чыгарды.

"Кандай болсо да, АКШ баштаган уюмдар эл аралык мамилелерди жөнгө салып, аскердик тартипти сактап турат. Бирок учурда Европа Биримдиги Брекзиттин айынан бутуна тура албай, Дональд Трамп эзелки өнөктөшүнөн ажырагандай.

АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын аскер адамдары Сирия демократиялык күчтөрүнүн өкүлдөрү менен Сирия-Түркия чек арасынын жанында. 4-ноябрь, 2018-жыл.

​2019-жылы Йемендеги жарандык кагылышуулардан улам курчуган абал гуманитардык кырсыкка алып барышы ыктымал. Бириккен Улуттар Уюму 16 миллиондон ашуун йемендик ачарчылык, жугуштуу оорулар менен алпурушуп жатканын билдирди. Йемен ушул тапта дүйнөдөгү эң ири гуманитардык көйгөйдүн торуна чырмалып, Ооганстан кандуу согуштун тузагынан бошоно албай убара.

2018-жылдагы жарылуулардан, кол салуулардан 40 миңдей адам өмүрү менен кош айтышты. Ушул жылы Кабулдагы талибдердин чабуулу 17 жыл мурдагы деңгээлге жетти. Учурда талибдер өлкөнүн дээрлик жарымын ээлеп алышты. Келаткан жылы да алардын кол салуулары күчөйт деп күтүлүүдө. АКШ менен Кытайдын тиреши адам өмүрүн албаса да, эл аралык кансыз согуштардын башкысы болуп калууда", - деп жазган басылма Сауд Арабиясы, Израил, Иран жана АКШнын өз ара пикир келишпестиги да 2019-жылдагы олуттуу көйгөйлөрдөн болорун эскертет.

Сирия согуш тизмесинде бешинчи орунда турат. Түркия, АКШ жана Орусиянын таасир талашы, күрт аскерлерине карата түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын согушчул маанайы далайлардын өмүрүн алышы мүмкүн экени жазылган. Нигериядагы президенттик шайлоо өлкөнү экиге бөлүп, жарандык согуш коркунучу күчөп баратканы баяндалат.

Мурдагы советтик мейкиндикте Грузиянын жикчил аймагын жана Крымды аннексиялаган, Украинанын Донбасс аймагына тынчтык бербеген Орусия эми Азов деңизинин тегерегинде чыр чыгарды. Британ жергесинде диссиденттерди ууландырып, Батыш өлкөлөрүнө киберчабуул жасады. Ал арада Кытай Түштүк Кытай деңизинде чыңалууну пайда кылып, канадалык жарандарды камакка алганы белгиленет. Буга кошумча тизмеде Түштүк Судан, Камерун, Украина менен Венесуэладагы кагылышуулар согуш чогун өчүрбөстүгү баяндалат.

Кытай: табыптар менен медицинанын тиреши

"Washington Post" гезити Кытайда рак оорусунан жабыркаган төрт жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин жылына 3 миллиард доллар пайда тапкан альтернативдүү медицина бийликтин каарына калганын кабарлады. Өлкөдөгү расмий медицинадан баш тартып, 15 жылдан бери аялдардын жатын ооруларын айыктырчу тампондорду, ракты дарылоочу чөп чайларды чыгарып жатабыз деп, элге сатып, пайда көргөн "Quanjian Group" корпорациясы өндүргөн товарлар текшериле баштады. Компания 2012-жылы рак диагнозу коюлган кыздын ата-энесин химия терапиядан баш тартууга көндүрүп, "чөп-чар, табигый май менен айыктырып беребиз" деген убада менен кызды дарылай баштаган.

Йо Янг аттуу кыздын абалы барган сайын начарлап отуруп, ата-энеси акыры аны химия терапияга алып барууга мажбур болушуп, 2015-жылы наристе өмүрү менен кош айтышкан. Янгдын окуясынан улам салттуу медицинанын өкүлдөрүн бийлик тез арада чогултуп, жүз миңдеген табыптар жоопко тартылды. Наристенин өлүмүнөн кийин өлкөдөгү биологиялык активдүү заттарды саткан ири компаниялар текшерилүүдө. "Quanjian" компаниясынын товарын сатууга тыюу салынды.

Кыздын атасы компаниядан ири суммадагы кенемте талап кылууда. Кытайда салттуу жана расмий медицинанын ортосундагы тиреш эзелтеден бери эле уланып келатат. Себеби элдин басымдуу бөлүгү салттуу медицинага ишенгендиктен, ошондой эле табыпчылык менен чөп-чардан жасалган дарылардан миллиарддаган киреше тапкан компаниялардын кубаттуулугунан улам расмий медицинадагы догдурлардын "оозун жапкан" учурлар арбын экенин "Washington Post" баяндайт.

Активисттердин элчиликке жүрүшү

"The Diplomat" басылмасынын талдоочусу Коллин Вуд Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан кыргызстандык активисттер тууралуу жазды.

"20-декабрда 150гө жакын адам Кытай элчилигинин алдына чыгышты. Улутчул топ элчиликтин Кытайдагы башка улуттар түшкөн лагерлери тууралуу түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Бишкектеги каршылык акциялары
Бишкектеги каршылык акциялары

Ошондой эле Кыргызстанда иштеп жүргөн Кытай жарандарын, атуулдук алган чет элдиктердин мыйзамдуулугун текшерүү талабын да коюшту.

Расмий маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстанга 35 215 кытай жараны кирген. Алардын көбү куруучулар. 2010-жылдан бери 268 кытай жарандык алган. Коомдук активисттер Кытайдагы кандаштарына кабатыр болгону менен эки өлкө ортосундагы соода, экономикалык байланыш Кыргызстанга саясий ири кадамдарды таштоого мүмкүнчүлүк бербейт. Ошентсе да коомчулукта, айрыкча социалдык тармактарда "Кытай баскынчыларына каршыбыз", - деген өңдүү ураандар жасалууда", - деп жазды Коллин Вуд.

Миллионерлер идиш жууйт

Миллионерлер Билл Гейтс менен Жефф Безос үй жыйнап, идиш жууйт. Эркектердин үйдөгү тиричиликке аралашуусу ойлоп табуу жана анализдөө жөндөмүн арттырарын​ "Business Insider" журналы жазат.​

Билл Гейтс үй-бүлөсү менен
Билл Гейтс үй-бүлөсү менен

Билл Гейтстин үйү 125 миллион долларга бааланган. Ал эми "Амазон" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун жылдык кирешеси 1 миллиард долларга чамалайт. Бирок экөө тең үйдө тамактанып бүтөрү менен идишин өздөрү жууйт. Окумуштуулар күнүгө кир жууп, айрыкча идишти алты мүнөттөн ашык кырып жууганда адамдагы ачуулануу 27 пайызга азайып, жашоодон ырахаттануу сезими 25 пайызга көбөйөт дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG