Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Мирзиеёвдин кыл үстүндөгү эки жылы


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-24-декабрь).

"Eurasinet" онлайн басылмасы Өзбекстанда бийлик алмашкандан кийинки эки жылдагы өзгөрүүлөрдү талдады. Буга чейин Азиядагы журналисттер бирикмеси президент Шавкат Мирзиёевди “Жылдын саясатчысы” деп атоону сунуштаган эле. "Ислам Каримов 2016-жылы сентябрда дүйнө салгандан кийин Өзбекстан өзгөрүүгө карай багыт алды. Жаңы лидер өлкө ичиндеги бизнеске эркиндик берүү менен гана чектелбестен, ошондой эле өлкөсүнүн эшигин дүйнөгө ачты.

Өткөн айда финансы министри Жамшид Кучкаров 2019-2021-жылдары ишке аша турган жаңылануу планын ортого салып, финансы секторунда дүйнөлүк “Fitch”, “Moody’s” жана “Standard & Poor’s” сыяктуу уюмдардын көз карандысыз ишкердик индексине кирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди. Экономикалык серепчилер Өзбекстандагы валюта базарына эркиндик берилгенин эң маанилүү бурулуш катары баалашты. Ошентсе да өлкөдө көйгөйлөр өтө эле көп.

Жеке менчик тармагы калкка жетиштүү жумуш орундарын түзө албай, эмгек мигранттарынын агымы токтой элек. Жумуш орундарынын көбү жеке ишкерлердин чөйрөсүндө эмес, дыйканчылык жана мамлекеттик кызматтар менен чектелүүдө. Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен экспорт жагынан тең тайлаша албай, буга кошумча Өзбекстандагы энергия булактарын ысырап пайдалануу экономикалык жана экологиялык зыянга өбөлгө болууда.

Франциядагы саясий аналитик Камолиддин Робимов азыркы реформалар, тескерисинче, карапайым калктын жашоосун кымбаттатып, пайдасы аз болуп жатканын белгилеп, Мирзиёев өз сөзүндө демократия, адам укуктары, коомдук пикир деген түшүнүктөргө кайрылбаганын, муну менен ал Каримовдун эле жолун улап, өз диктаторлугун чыңдоону максат кыларын айтат.

Ошол эле тапта ”Хьюман Райтс Уотч” уюму Өзбекстанда акыркы жылдары 35 саясий туткун эркиндикке чыкканын билдирди. Бул уюмдун изилдөөчүсү Стив Свердлов “полиция, сот жана прокурордун ишмердигин парламент менен медиа катуу көзөмөлгө алышы керек деген пикирде", - экенин жазды басылма. Ошондой эле немис окумуштуусу Себастиян Шиктин “Өзбекстан үчүн өнүгүүнүн мыкты модели – Сингапур” деген ою да камтылган.

Азиянын булганыч абасы назарда

Дүйнө элинин басымдуу бөлүгү Азияда жашагандыктан, эң булганыч аба Жердин дал ушул бөлүгүндө, андыктан чөлкөмдөгү мамлекеттер абаны тазартуунун кескин чараларын көрүшү керектигин Жапонияда чыккан "Asia Nikkei Review" басылмасы жазды.

Индия
Индия

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Азияда жашаган элдин баары уулуу заттар менен дем алып жатканын эскертти. Бээжинди каптаган кара түтүнгө карата бийлик азырынча үн ката элек. Кытайдын Гоби чөлүн жашылдандырып, айыл чарбасына айландыруу саясаты климаттык кырсыкка кептеди. Себеби Кытайдын түндүк ыптасы тынымсыз сугарылып, азык-түлүк булагына айланганы менен түштүгү суусуз калып, абанын сапаты начарлап баратат. Табигый ресурстар глобалдык саясатта өзгөчө орунга ээ, ал тургай аларга ээлик кылуунун айынан жаңжал чыгып келет. Учурда Азия дүйнөнүн эң ири энергия запасына ээ болгону менен, калкынын саны улам көбөйгөндүктөн, дал ошол энергияга муктаждык эбегейсиз.

Азиядагы өлкөлөр азыктануу маданиятын да өзгөртүшү керек. Этке болгон талап экологиялык көйгөйдүн башында турат. Мисалы, пайыздык чен менен эсептегенде, Кытай былтыр АКШга салыштырмалуу чочко жана уй этин эки эсе көп жеген. “Азиянын этке болгон талабы климатка эбегейсиз зыян алып келүүдө", - деген автор Борбор Азия өлкөлөрү да жаңы жылдан тарта айлана-чөйрөнү коргоо жаатында зарыл чараларды көрүшү керектигин кошумчалайт.

Коррупциянын дүйнөлүк картасы чыкты

"The Economist" журналы 2018-жылдагы коррупция боюнча дүйнөнүн түстүү картасын чыгарды. Анда жемкорлукка белчесинен баткан өлкөлөр кызыл түс менен белгиленген. Мындай тогуз өлкөнүн башкы сабында Сомали турат. Жалпы дүйнөдөгү мамлекеттердин 69 пайызы коррупциялашканы аныкталды.

Кыргызстан бул картада эң коррупциялашкан 29 өлкөнүн кочкул кызыл түсү менен белгиленген. Коррупцияга малынбаган өлкөлөр Түндүк Америка материгинде жайгашкандар, Европа чөлкөмүнүн Батыш бөлүгү, Австралия жана Жаңы Зеландия болду. Алардын рейтингдеги түсү таптакыр коррупциялашпаган ачык көк түс менен берилди.

“Transparency International” уюму 6 миллиард эл жемкорлук байырлаган өлкөлөрдө жашай турганын аныктады. Бул индекске удаа эле аталган уюмдун сөз эркиндигине байланыштуу изилдөөсү чыкты. Бахрейн өлкөдөгү жалгыз көз карандысыз гезитин быйыл жайында жаап, бул индексте эң төмөнкү саптан орун алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG