Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

"Die Welt": Путиндин бийлиги кызына өтүшү мүмкүн


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-17-декабрь).

Германиянын батышындагы Верле шаарында жайгашкан "Westönne" шоколад фабрикасынын түтүктөрү жарылып, тонналаган суюк шоколад көчөлөрдү каптаганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Бул узаган жумадагы эң көп окулган кабар болду. "The Guardian" гезити фабрикадан аккан шоколад суукта тез эле тоңуп, аны тазалоо бир топ оор болгонун маалымдады. Көчөдөгү шоколадды казып, тазалаганга 25 өрт өчүргүч катышты.

Алар кайнак суу, бургалоочу жабдуулар, күрөк менен тонналаган шоколадды күрөштү. Фабриканын ээси Маркус Лакки жергиликтүү "Anzeiger" гезитине ишкана бир нече күндөн кийин шоколад чыгарууну улантарын кабарлады. Ал “бул кырсык Рождество майрамында болсо абдан чоң көйгөй жаралмак” деп кошумчалады.

Путин бийлигин кызына өткөрөбү?

Германияда чыккан "Die Welt" гезити Владимир Путин бийлигин кызы Катеринага өткөрүп бериши мүмкүн экенин жазды. "Орусияда саясий элита алмашканда азыркы муундун ордуна алардын балдары келип жатканы айтылууда.

Катерина Тихонова
Катерина Тихонова

Адатта Путиндин үй-бүлөсү коомчулукка ачык чыккан учурлар сейрек. Бирок жакында анын кызы Катерина "Россия" каналына интервью берип, Тихонова элге тааныла баштады. Балким 32 жаштагы Тихонова Путиндин мураскору болуп жүрбөсүн? Блогерлер, социалдык медиа эксперттери мындан ары орус коомчулугу Тихонованы байма-бай көрөрүн божомолдоодо. Ал арада Путиндин айланасындагы бийлик төбөлдөрүнүн балдары маанилүү кызматтарга отура башташты. Маселен айыл чарба министри Дмитрий Патрушев - Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, ФСБнын мурдагы жетекчиси, Путиндин ишенген адамы Николай Патрушевдин уулу.

66 жаштагы Путин 2008-жылы эле бийлигин Дмитрий Медведевге тапшырат деп айтылган. Бирок көп өтпөй такка кайра өзү отурду. Ошентсе да "Путинизмге" чекит коюлат деген имиштер 2007-жылдан бери эле айтылып келет. Бирок Станислав Белковский, Гарри Каспаров сыяктуу бийликтин сынчылары ошол маалда айткан божомолдорунун азабын тартышып, куугунда жүрүшөт.

Анткен менен Путиндин бийлиги өтө эле ийкемдүү болууда. Батыш өлкөлөрүндө аны жактырбаса да, өлкө ичинде кадыр-баркы дагы деле күчтүү. 2024-жылы анын президенттик мөөнөтү аяктайт. Бийликти кимге тапшырарын ачык айта элек. Балким 72 жаштагы Дональд Трамптай ал тактыдан баш тартпайт чыгар?", - деп собол салат гезиттин талдоочусу Павел Локшин.

Түркмөнстан аракка тыюу салды

Түркмөнстанда аракты сатууну жана ичүүнү чектеген жаңы эрежелер чыкканын "Eurasinet" басылмасы кабарлады. Жаңы жылдан тарта сыра, шарап, спирттик ичимдиктин бардык түрүн парктарда, токойлордо, суу жээктеринде, көчөлөрдүн боюнда, аба майдандарында, лифттердин ичинде, поезддерде, окуу жайларда, спорттук машыгуу залдарында ичүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле спирттик ичимдиктер көчөдөгү күркөлөрдө сатылбайт. Ал эми 2021-жылдан тарта ичимдиктер ресторан жана барларда дем алыш күндөрү эле сатылып, башка соода жайларында толук тыйылат. Буга чейин өлкөдө тамекиге да тыюу салынган болчу.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун спортко кызыгуусу өлкөнүн мыйзамдарына да таасир этүүдө. Ашхабаддагы шарап чыгарган комбинаттардын биринин өкүлү "ичкендерди тыюу мүмкүн эмес, алар иче беришет. Бирок экономикалык көйгөй мындай мыйзамдардын айынан тереңдейт", - деген көз карашын "Eurasinet" журналына айтты.

Сауд Арабиясы мусулман конгрессмендерге нааразы

АКШнын Демократиялык партиясы араб тектүү мусулман конгрессмендерин саясий майданга чыгарды. "Foreign Policy" журналынын талдоочусу Ола Салемдин пикиринде, жаңы эл өкүлдөрү Америкадагы консерваторлордун гана эмес, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги сыяктуу режимдердин да жек көрүү бутасына айланды. Бул үчүн Перс булуңундагы монархиялар расизмди, фанатизмди жана жалган маалыматты колдонуп жатышат.

Илхан Омар
Илхан Омар

​Жакынкы Чыгыштагы саясий режимдерге жакын айрым басылмалар Рашида Тлаибди, Илхан Омарды жана Абдул Алсаидди жамандап жаза башташты.

Социалдык медиада АКШда шайлоодон жеңген мусулман аялдарга каршы каралоочу кампания башталган. Кызыгы мындай каралоолор алардын түпкү мекенинен көбүрөк болууда. Себеби Жакынкы Чыгыштын диктатор жетекчилери бул аялдардын демократиялык бийлик сересине чыгуусун чоң коркунуч катары кабылдайт. Маселен саудиялык жазуучу, Дубай шаардык полициясынын мурдагы жетекчиси, Ахмед Ал Фарах өткөн айда Илхан Омар Дональд Трампты журналист Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн сындаганда чабуулга алган. "Арабөк дүйнөдөн келген бул бечаралар өз расасын душманынан да катуу жек көрөт", - деп жазган ал “Твиттердеги” баракчасына. Фарахтын 60 миңдей окурманы бар. Алардын басымдуусу бул жарыядан кийин Омарды жектеген комментарийлерди жаадырышкан.

Ошондой эле Омар "Мусулман жамааты" экстремисттик уюмуна мүчө жана өз агасына турмушка чыккан деген жалган айыптоолор жазылып, социалдык медиада белгисиз адамдар бир топ чуу жаратышканын эскерет "Foreign Policy".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG