Линктер

шаршемби, 22-май, 2019 Бишкек убактысы 17:20

КТР: Султан Абдыракмановдун реформатордук салымы


"Азаттыктын" берүүлөрү Кыргызстанда жергиликтүү жыштыктарга чыгарылбай калганда кыргыз коомчулугу нааразылык жыйын өткөрдү. Бишкек. 28.2.2005.

Таанымал журналист жана публицист Султан Абдыракмановдун 2005-жылдагы КТРдин ыңкылапчы жетекчиси катары иш-аракети бул компаниянын берүүлөрүн мазмундук жактан жаңыртууга байланышкан.

Адатта, кайсы бир инсандын бейнесине карата жылуу пикирлерди ал инсандын көзү өтөөр замат же анын чоң мааракеси босогого келип калганда айта башташат эмеспи.

Мен журналист Султан Абдыракманов жөнүндө бул эки окуяга эч тийешеси жок эле жылуу пикир айткым келди (албетте, Теңирден ага бери дегенде 110 жашты суранабыз, өзү да бул жашка чыгууга аракеттенет деп ишенебиз).

Кылым башындагы алгачкы элдик ыңкылаптын ирегесинде калайык ал кездеги КТРдын (азыркы тапта “коомдук” макамын алып, КТРК деп аталып калган өлкөдөгү эң ири медиа каражатынын) бир жактуу берүүлөрүнөн өзгөчө тажап турганы эсте. Аны “Карыпкуловдун кара жашиги” деп да аташчу.

КТРКнын имараты.
КТРКнын имараты.

Ыраматылык Аманбек Карыпкуловду КТРдын заттык (материалдык) пайдубалын чыңдаган деп алкап да келишет. Албетте, улуттук университеттин бир корпусун КТРга тартып алып берген анын ыкмасы чоң мактоого деле арзыбайт (тескерисинче, бул тартып алуу — Жусуп Баласагын атындагы КУУну өзүнчө кампусу бар заманбап, кадыр-барктуу университет катары андан ары чыңдоого каршы кадам болгон), бирок, балким, ал кезде бул тартып алуу КТРдын жамааты үчүн укмуш эрдиктей көрүнгөндүр.

Маселе медиа компаниясынын заттык көйгөйлөрү менен чектелбейт. Авторитардык мамлекеттердеги өкмөттүк сыналгы каналдары тим эле алтындалган ак сарайларда жайгашкан, бирок алардын берүүлөрүнүн мазмундук өзгөчөлүгү — бийлик ээсин курулай мактаган көшөкөрлүктүн өрнөгү катары гана сынга алынып келет.

2005-жылдын жалган куран (март) айынын 24үндөгү элдик ыңкылаптын кечинин алгачкы жаңылыктарынын бири — КТРдын жетекчилигинин алмашкандыгы жөнүндө кабар болду. Анын аркасында КТР талап-тоноодон аман калганын кийин уктук. Дал ошол бурулуш сааттарда КТРдын жамаатын журналист Султан Абдыракманов башкарып калды.

Султан Абдыракманов ОшМУда. 19.5.2018.
Султан Абдыракманов ОшМУда. 19.5.2018.

Ыңкылаптан кийинки алгачкы айда эле Султан Абдыракманов КТРды жаңы сереге чыгаруунун бир аргасы катары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, калыс, бейтарап, курч берүүлөрдүн жаңы түрүн орток түзүүнү демилге кылды. (Мурдагы жетекчилердин далайы “Азаттыкты” душман катары карап келишкен. Албетте, Сатыбалды Жээнбеков, Түгөлбай Казаков сыяктуу демократиячыл көз карашы менен таанымал инсандар КТРКны жетектеп турганда “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүн Кыргызстанда ультра-кызыл жана орто толкунда жайылтууга данакерлик кылышканын ар дайым ыраазы боло эстеп келебиз).

Султан Абдыракманов болсо “Азаттыктын” таптакыр жаңы платформада — көгүлтүр экранда жалпы өлкө боюнча берүүлөр башташына демилгечи инсан болду.

КТРды “кара жашик” деген жаманаттыдан чыгаруунун бирден-бир жолу – анын мазмунун (азыр модага айланган “контент” деген сөздүн маанилешин колдонуп жатам) түп-тамырынан өзгөртүү чарасы болчу.

Бул жаатта КТРда башка да иш-аракеттер болуп жатты, бирок “Азаттыктын” берүүлөрү үналгы берүүсү катары гана чектелбестен, көгүлтүр экранга да чыгарылган форматка айланган учур — КТРдын эл аралык кызматташтыгынын 2005-жылдагы эң кубаттуу мөмөсү болду деп эсептейм.

Оболу 2005-жылдын бугу (май) айынын 4үнөн тартып “Ыңгайсыз суроолор” аттуу берүү “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун мурдагы башчысы, ошол кезде Азаттык Медиа” мекемесинин мултимедиалык өңүтүнүн продюсери Кыяс Молдокасымовдун алып баруусунда чыга баштады.

Кыяс Молдокасымов ошол жылы күзүндө КТРКнын жетекчиси болуп калган чакта, анын ордуна бул берүүнү “Азаттык Медианын” жетекчиси Кубат Оторбаев алып бара баштады.

К.Молдокасымов (оңдо) менен К.Оторбаев "Замандаштын" сыйлыгын алууда. Бишкек. 23.12.2005.
К.Молдокасымов (оңдо) менен К.Оторбаев "Замандаштын" сыйлыгын алууда. Бишкек. 23.12.2005.

("Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсү 2005-жылдын декабр айында "Замандаш" ассоциациясы жана журналы тарабынан "Жылдын мыкты сыналгы долбоору" сыйлыгына татыган жана бул сыйлык берүүнүн алгачкы алып баруучулары Кыяс Молдокасымов менен Кубат Оторбаевге орток тапшырылган).

Андан соң бул сыналгы берүүнү алып барууну Бүбүкан Досалиева, Аида Касымалиева, Айзада Касмалиева сыяктуу башка таланттуу кесиптештери да улантып, азыркыга чейин бул берүү калайыкка алымдуулугу жагынан айырмаланып келет.

Ошентип, дал ошол сыналгы берүүнүн киндигин кескен инсан — Султан Абдыракманов мырза экенин дагы бир ирет баса белгилейбиз.

Ал КТРдын жетекчиси катары 2005-жылдын жазында башка дагы бир олуттуу демилге көтөрүп, “Азаттык Плюс” жаштар берүүсүнүн сыналгы үчүн жаңы форматын чогуу баштасак кандай болот?” – деген сунушту билдирди.

"Азаттык+" берүүсүнүн алып баруучусу Аида Касымалиева. 16.1.2006.
"Азаттык+" берүүсүнүн алып баруучусу Аида Касымалиева. 16.1.2006.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жетекчилиги да бул сунушту таң калуу жана ыраазы болуу менен кабыл алган. Жай мезгилинде атайын машыгуу иретиндеги (обого чыкпаган) берүүлөр даярдалып, таланттуу жаштардан алып баруучулукка талапкерлер иргеле баштады (жаштар берүүсүн Прагадан Венера Сагындык кызы багыттап турду).

Тээ XI кылымда ысык-көлдүк бабабыз Махмуд Кашгари Барскани мисал келтирген карахандык макалда “Тавгач хандын торкосу телим, теңлемезип бычмас” (“Кытай падышасынын жибеги мол, бирок ал дагы жибекти өлчөп туруп гана бычат”) деп айтылгандай, жаңы сыналгы долбооруна зарыл болгон акча каражаты да бир күндө эле чечилбей турган машакаттуу маселе болчу. Султан Абдыракмановдун КТРдын жетекчиси катары сабырдуулугу да бул жаңы долбоордун ийгилигине огожо болду.

Ансыз деле “Азаттык” үналгысы (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматы) интернет жана башка улам жаңы каражат аркылуу калайыкка калыс маалыматты жеткирүүнүн жолдорун көбөйтүүнү көздөп жаткан маалда, албетте, Султан мырзанын бул сунушу жана колдоосу өз маалында жасалганын айта кетүү керек. Ошол кезде, 2005-жылы жаз жана жай айларында, ЭЕА/нүн жетекчилигиндеги Том Дайн мырза, Мишел Дубак, Жулиа Рагона айымдар кыргыз журналисттерин ырааттуу колдоп беришти.

Элдик ыңкылаптарды баштан кечирген Украина, Грузия сыяктуу эле Кыргызстан да пост-советтик медиа жаатында жанданып жатканынын бир далили — дал ушул берүүлөр болду.

Ошентип, 2005-жылы май (бугу) айынын 4үндө “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алгачкы чыгарылышы Кыяс Молдокасымовдун алып баруусунда обого түз чыккан. Бул саамалыкты колдогондордун арасында саясатчы (ал кездеги вице-премьер) Адахан Мадумаров болгонун, ал кездеги президент Курманбек Бакиев да каршы чыкпагандыгын калыстык үчүн айта кетүү керек.

Бул жаңы мазмун жараткан берүүлөр — КТР жана “Азаттык” үчүн эки тараптуу пайдалуу жол болчу. Кызматташкан эки жак тең коомдогу, анын ичинде жаштарга байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү жаңыча чагылдырган заманбап шоуга “суусап” жаткан.

(Айтмакчы, “Азаттык Плюс” деген аталышты “Азаттыктын” жамаатындагы ички сурамжылоонун маалында ал кездеги тыш кабарчыбыз Султан Раев сунуштаса, ал эми “Ыңгайсыз суроолор” аталышынын автору — анын алгачкы алып баруучусу Кыяс Молдокасымов болду).

Тагдырдын сыноолорунун бири — КТРдын “Азаттык” үналгысы менен заманбап кызматташтыгынын андан аркы улантылышына байланыштуу болуп келди.

2005-жылы күздөн тартып Кыяс Молдокасымов КТРды жетектеп калганда, акырындап авторитардык ыкмага оогон Ак Үй андан “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотуп салууну улам-улам талап кылган, бирок Кыяс андай кадамга эч барган эмес. Ошондо анын ордуна Мелис Эшимканов келип, акыры 2008-жылы октябрда Медет Садыркуловдун (ал кезде бул маркум агабыз авторитардык бийликти өзгөчө чыңдап жаткан; кийин бул бийлик анын мезгилсиз өлүүнө жоопкер болду), Максим Бакиевдин, Оксана Малеванаянын тымызын буюртмасы орундалган.

Кийинчерээк, 2010-жылкы чын куран (апрел) айынын 7синдеги экинчи элдик ыңкылаптан соң, Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева эжекенин сунушуна ылайык КТРды Кубат Оторбаев жетектеп калып, “Ыңгайсыз суроолор” менен “Азаттык Плюс” кайрадан КТРдан (КТРК) обого чыга баштады.

(2010-жылкы бул окуялар маалында КТРдын жетекчилигин алмаштыруу маселеси оң чечиле электе анын башкы сыналгы имараты демонстранттар тарабынан чабуулга алынып, далай зарыл жабдуулары талкаланганын өкүнүү менен эскерсек болот.

КТРдын айрым берүүлөрү экинчи ыңкылаптан кийинки алгачкы күндөрү ЭлТРдин имаратында уюштурулгандыгы да маалым. Маселен, 2010-жылы чын курандын 8индеги КТРдын берүүлөрүнүн бирин Султан Абдыракманов ЭлТРдин студиясынан алып барган. КТР менен ЭлТРдин ортосундагы бул журналисттик тилектештик өрнөгү тарыхта өзгөчө сөзгө алынууга арзыйт).

“Азаттыктын” КТРКны мазмундук жактан реформалоого кошкон зор салымдарын коомчулукта жакшы эле баалап айтып келишет. КТРКны жетектеген Кубат Оторбаевдин тушунда КТРКнын өзү да саясий темада кызыктуу ток-шоуларды, жаңы каналдарды баштады.

Анан “эски ооруга” кайрадан ыктаган Ак Үйдөн 2014-жылдан тартып “Азаттык” менен шериктештикти токтот” деген талап камтылган телефон чалуулар улам кайра башталып, бирок Кубат Оторбаев “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотпой койгону да маалым. Мындай кадамга КТРКны андан соң жетектеген ыраматылык Султан Жумагулов (1959—2018) да барган жок. Ал да өзүнчө эрдик кылды деп эми баса айта алабыз.

Акыры мурдагы Оксана Малеванаянын Секретариатынын командасынын өкүлү Илимбек Карыпбеков КТРКга жетекчилик кылып турганда гана Ак Үй өз мүдөөсүнө жетип, 2015-жылы 29-июнда “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрү цензурачыл маанайда бир тараптуу токтотулуп салынды.

Кудай жалгап, экинчи элдик ыңкылаптан кийинки медиа каражаттарынын ар түрдүүлүгүнүн шартында “Азаттык” үналгысы өзүнүн көгүлтүр экрандагы берүүлөрүн КТРКнын башка атаандаштарына шерик болуу жана интернет аркылуу ырааттуу улантып кете алды.

Айтмакчы, КТРК менен ЭЛТРде азыркы тапта да демилгелүү, таланттуу журналисттер, продюсерлер жана башка кызматкерлер арбын. Аларга чыгармачыл жана каржылык эркиндик жаратуунун өбөлгөлөрү тууралуу кыйла сунуштар айтып келдик. Алардын арасында – улам бир өкмөткө баш ийбегендей каржылык булак түзүү үчүн абоненттик төлөмдөрдү киргизүү жана бул компаниялардын коомдук канал катары ишин багыттоо үчүн орток Коомдук Көзөмөл кеңешин түзүү, ж.б. сунуштар да бар. Албетте, болочокку Ак Үйдүн да “медиага кураторлук кылуу” деген эски жосундан караманча баш тартуусу аба менен суудай зарыл.

Султан Абдыракманов жубайы Айжан менен. 2018.
Султан Абдыракманов жубайы Айжан менен. 2018.

Медиадагы бүгүнкү кырдаалды ар ким дээрлик жакшы билет, бирок КТРды реформалоонун олуттуу кадамдарын баштап, аны жаңы мазмун менен жабдуу максатында эл аралык шериктикке чакырылган “Азаттык” үналгысынын кош сыналгы берүүсүн жаратууда демилгечилерден болгон Султан Абдыракманов мырзанын журналист жана атуул катары 2005-жылкы эмгеги тууралуу ал өзү эмес, башка калемгер эскериши ылаазым деген ой менен ушул саптарды жазып жатабыз.

Журналист жана публицист Султан Абдыракманов мырзанын “Доор аяны” түрмөгү жана башка берүүлөрү кыргыз тарыхынын актай барактарын чагылдырууда опол тоодой жүк көтөргөнүн коомчулук билет.

Сулайман-Тоо музейи. 2017.
Сулайман-Тоо музейи. 2017.

Азыркы тапта Султан Абдыракманов мырза Ош шаарындагы айтылуу Сулайман-Тоодо жайгашкан музейди жетектөөдө. Бул ажайыпкананы жалпы Фергана аймагындагы жана Кыргызстандагы маанилүү музейлердин жана илим-изилдөө мекемелеринин бирине айлантуу үчүн ал жана анын чыгармачыл жамааты жасап жаткан иштерге албан ийгиликтер каалайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG