Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

КТРК “Азаттыктын” "Ыңгайсыз суроолорун” көрсөткөн жок


29-июнда Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы эфирге чыгарына эки мүнөт калганда Фейсбуктагы баракчасына мындан ары "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" жана Азаттык+ программалары Улуттук 1-каналдан прайм-таймдан алынганын жарыялады.

“Бул күндөн тарта КТРКнын "Азаттык" менен болгон телеберүүлөрдү жайгаштыруу келишимибиз токтоду. Прайм тайм убагында көрсөтүлбөйт. “Азаттык” менен сүйлөшүүлөр жүрөт, прайм тайм учурунан башка убакыт берүүгө КТРК даяр. Радио көрсөтүү жайгаштыруу жана башка келишимдер күчүндө”,- деп жазат Илим Карыпбеков.

КТРК “Азаттыктын” жетекчилигине бул тууралуу алдын ала эскерткен эмес.

"Ыңгайсыз суроолордун" бүгүнкү чыгарылышында экс-президент Аскар Акаев менен интервью көрсөтүлмөк.

Буга чейин КТРК “Азаттык” менен келишимди 2005-жылы, 2010-жылы бир тараптуу токтоткон учурлар болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG