Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

"Сулайман-Тоо" музейин Султан Абдыракманов жетектейт


"Сулайман-Тоо" музейи.
"Сулайман-Тоо" музейи.

Ош шаарында жайгашкан "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексине Султан Абдыракманов директор болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Быйыл апрелде "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев өз арызы менен иштен кеткени айтылган.

55 жаштагы Султан Абдыракманов мурда КТРК, ЭЛТР каналдарында иштеген. Акыркы жылдарда ОшТВ телеканалында эмгектенип жүргөн.

XS
SM
MD
LG