Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

КООМДУК ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ УЮШТУРУУГА ПРЕЗИДЕНТ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫ БОЛДУ?


Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телерадиокөрсөтүү кылып кайра уюштуруу жөнүндө парламент кабыл алган мыйзамдолбоорун президент Курманбек Бакиев вето коюп кайтарып бергени коомчулукка ушул жумада белгилүү болду. Мамлекет башчынын кандай негиздерге таянып ушундай чечимге келгени жөнүндө президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Азаттыкка» айтып берди.

- Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн жооп катта президент мыйзамды ишке киргизүүгө болбой тургандыгы жөнүндө негизги аргументтер катары эмнелерди келтирди?

- Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга экспертиза жүргүзүлөт, андан кийин гана кол коюу жагы мыйзамда каралган. Президенттин мыйзамга кол койбой каршы болгон негизги себеби, мыйзам кабыл алынып калса аны аткарууга бюджеттен көптөгөн акча талап кылынмак. Бул жылдын да, кийинки жылдын да бюджетинен мындай акча каралган эмес. Бул негизги себеп. Мыйзамдолбоору Өкмөттүн экспертизасынан өткөн, ошондуктан өкмөттүн чечими негизги себеп болгон.

Экинчиден, массалык маалымат каражаттары жөнүндө, реклама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бар. Ушул мыйзамдын кээ бир пунктарына карама-каршы келген жерлери бар экен. Андан тышкары, өзүңүздөргө белгилүү, жыл башында Ош-3000 телерадиокомпаниясынын базасында коомдук телевидение түзүлдү. Анын техникалык базасы бүгүнкү күнү чыңдалып, кээ бир маселелер чечилип, дециметровый жыштыкта республика боюнча чыгууга иш жүрүп жатат. Мына ушундай коомдук телевидение, анын байкоочулар кеңеши түзүлгөн. Башкы директору байкоочулар кеңешинин элегинен өтүп гана дайындалды. Ушул теленин базасында коомдук телекөрсөтүүнү өнүктүрүп, өстүрүү маселеси турат. Ушул багытта иштөө биздин негизги милдет болуп саналат.

Кыргыз телевидениеси жөнүндө айтсак, бүгүнкү күндө мамлекеттик телевидение катары калып жатышынын негизги себеби - мамлекет болгондон кийин мамлекеттик идеологияны, саясатты, элдин маалыматка болгон талабын аткаруу үчүн кыргыз телевидениеси сөзсүз болуш керек.

- Азыр, КТР менен президенттин басма сөз кызматынын алакаcы, кызматташтыгы кандай? Мурдагыдай көрсөтмө берүү практикаланбай калдыбы?

Биринчиден, практикаланбай калды. Экинчиден, президенттин пресс кызматы башка пресс кызматтардай эле маалымат таратып иштейт. Кыргыз телевидениесинин акыркы бир жылдагы өзгөрүүлөрү, көрсөтүүлөрүндөгү жаңы алып баруучулардын чыгышы, техникалык жагын чыңдап жатканынан эле билинет. Алыс барбай эле, “Азаттык” радиосу кыргыз радиосунун толкунунда бир канча саат берилип жатканын айта кетели. Ошондой эле бүгүнкү күндө “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” деген атайын көрсөтүүсү, “Азаттык+” деген жаштарга белгилүү болуп калган бир канча көрсөтүүлөр кыргыз телевидениесинде көрсөтүлүп жатат. Ушунун бардыгы кайдан чыгып жатат? Ушунун бардыгы кыргыз телевидениесинде болгон реформанын, анын бүгүнкү күндө жаңы шарттарда, жаңы нукта иштеп жаткандыгынын натыйжасы болуп саналат.

Биз көрүп жатабыз, Кыргыз телевидениесинин дагы-дагы көптөгөн жаңы тепкичтерге, жаңы деңгээлдерге чыгуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Дагы айта кетейин, эмне үчүн мамлекеттик телевидение болуш керек, шериктеш мамлекеттерин албасак деле, Европанын өзүндө Франция, Чехия, Венгрия сыяктуу Европалык союздун өлкөлөрүндө да мамлекеттик телеканалдар бүгүнкү күндө иш жүргүзүп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG