Кыргыз телеси 60 жашта
Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы Улуттук филармонияда белгиленди. Салтанатта КТРКнын тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордун ыр, күү, бийлери менен коштолду. Мындан 60 жыл мурда, 8-декабрда обого кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү чыккан. Бул күн Кыргыз телерадиоберүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. КТРКнын курамында учурда алты телеканал: "КТРК", "КТРК Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан",“КТРК Спорт” жана "Ала-Тоо 24" обого чыгууда. Филармонияда өтүп жаткан жыйынга президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев мамлекет башчысынын атынан 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Чыгарылыштар
-
Апрель 24, 2024
Байыркы жомокту Ошто койгон Талас театры
-
Апрель 17, 2024
Сүйүү жана эркиндик: "Жамийланын" мюзиклде жаңырышы
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
-
Апрель 02, 2024
“Музейдин ичи тар, кышында жылыбайт”. “Ата-Бейит” кароого муктаж
-
Апрель 01, 2024
"Тасма пираттарына чара көрүлүшү керек"
-
Март 29, 2024
"Оор заманда да ырды, чыгармачылыкты таштабадык"