Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:44

Дүйнө таажы вирусун ынтымакка жана боорукерликке таянып жеңет


Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы чараларды талкуулады. 05.3.20.
Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы чараларды талкуулады. 05.3.20.

Коронавирустун (таажы вирусунун) жаңы түрүнө каршы чечкиндүү чаралар алгачкы жемишин берип жаткан маалда, кайдыгерликке жана шалаакылыкка жол бербешибиз абзел. Коронавируска каршы биргелешкен аракеттин зарылдыгы тууралуу блог.

Дүйнөнүн кайсы-бир бурчунда жер силкинсе, акындын жүрөгү болк этет деп айтылгандай, ар бир инсан өз элинде гана эмес, жалпы жер жүзүндө бейпилдик, бакубаттык жана саламаттык болушун тилейт.

Кээ бир өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу айрым “кытайдан чочулагандардын” (кытайфобдордун) жосунсуз жоруктары байкалды.

Монгол жүздүү беткапчан кишиге орой же сактануу менен мамиле кылгандар жөнүндө дүйнөдөгү маалымат каражаттары жана Интернеттеги коомдук тармактарда өз баракчасы барлар ачык жазып жатышат.

Ксенофобиялык көз караштагылардан кескин айырмаланып, бардык эле абийирдүү кишилер Кытайда жана дүйнө жүзүндө таажы вирусунун жаңы түрүнүн коркунучу тез арада артта калышын тилешет.

Чынында да, Кытайдан оору таркады десе эле, бүткүл Кытай калайыгы таажы вирусуна бирдей кириптер болду деп жыйынтык чыгарышка болбойт. 1 миллиард 300 миллиондон ашуун калкы бар бул мамлекеттеги көптөгөн аймактарда соңку күндөрү алааматтуу вируска чалдыккандардын саны кескин азайган, айрым дубандарында оору таптакыр байкалган жок. Кээ бир кытайлыктар бул илдетти өлкө сыртынан жуктурушкан экен.

Албетте, 7-марттын таңына карата жарыяланган маалымат коронавирус дагы эле коркунучтуу бойдон кала берип жатканын ырастайт.

Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалымдашынча, бул өлкөдө 80 651 киши коронавирус илдетине чалдыккан. Дүйнө жүзү боюнча 101 492 кишиден бул жаңы таажы вирусу табылган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, бул жаңы вирус 92дей өлкөдө табылды.

Эгерде бул жаңы вирус 3485тей кишинин өмүрүн алса, ал эми айыккандардын саны 55,000ден ашты.

Беткапчан жүргүнчүлөр. Түндүк Сирия. 01.3.2020.
Беткапчан жүргүнчүлөр. Түндүк Сирия. 01.3.2020.

Бир жагынан, айыгып жаткандардын саны улам көбөйүп жатканы кубандырса, экинчи жагынан, көптөгөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасынын чабалдыгы тынчсыздандыруу жаратат. Бул таажы вирусунун жаңы түрү “күн ысып калганда өзүнөн өзү жоголот” деген тастыкталбаган жоромолдор да шалаакылыкка ого бетер огожо болушу ыктымал.

Көптөгөн мамлекеттерде ири спорттук мелдештер, концерттер, жыйындар белгисиз мөөнөткө кечеңдетилүүдө. Ал түгүл жаңы илдет көбүрөөк катталган өлкөлөр менен аба каттамдары жана башка унаа байланыштары үзгүлтүккө учуроодо.

Сауд Арабстан кичи ажылык сапарларды убактылуу токтотуп койгондугу да дүйнөдөгү мусулмандар тарабынан туура кабыл алынды.

Ал эми айрым кыргыз ажыларынын айрымдарынын “биздеги дааваттардын күчү менен коронавирус Кыргызстанга келбей жатат” дегендей сөздөрү жоопкерсиздикти жана таажы вирусунун жаңы түрү жайылган мамлекеттердин калайыгына таш боор мамилени гана айгинелейт деп ойлойм.

(Мисалы, Иран мамлекетинде жана коронавирустун жайылышынан чочулаган Сауд Арабстанда мусулмандар Кыргызстандагыдан да арбын экени айтпаса да түшүнүктүү).

Вьетнамда коронавируска чалдыккандар бүт толук айыкты деген кабарды окуган айрым чаласабаттар “бул өлкөдө да мусулман дааватчылар жакшы иш алып барышты” дей көрбөсө болду.

Вьетнам –– мусулман эмес калктардын жана атеисттердин өлкөсү. Албетте, Вьетнамдын премьер-министринин орун басары Ву Дык Дам деле “коронавирустун башка да толкуну келбесе экен” деген тынчсыздануусун кошо билдиргенин айта кетели.

Кытайды бир тараптуу жаманатты кылгандар, бир жагынан, бул өлкө жугуштуу илдетке каршы өзгөчө сабаттуу күрөш жүргүзгөндүгү тууралуу кабардар эмес кишилер го деп ойлойм. Бул өлкөдө ар кыл этностор, ар кыл диндегилер байырлашат. Алардын арасында дээрлик 10 миллиондон ашуун сандагы “хуэй” (дунган) улутундагы сунний мусулмандар бар (алар да мындагы кыргыз, уйгур, казактар сыяктуу суннийлердин ханафий жолун тутушат).

Ухан шаарында илдет жарганаттын денесиндеги вирустун кишиге жугушунан улам чыкты деген жоромолду окугандардын айрымдары мындагы тургундардын бардыгы ошол жаныбардын этин жеген экен деген жалган айың кептерге ишениши ыктымал. Бирок бул илдет шаардагы эт жебеген вегетариандарга жана өзүн этият карманган дарыгерлерге деле жуккан.

Бул алааматтуу вирус мусулманына деле, буддистине (бутпарасына) деле, атеистине деле жуга берет. Мага Ибн Сина (980—1037) тууралуу “Дарыгер” (The Physician) деп аталган бир көркөм тасма жаккан эле. Ной Гордондун романынын негизинде 2013-жылы чыккан бул көркөм тасмада Исфахан шаарында жугуштуу оорудан калайыкты айыктырууда Ибн Синага бир каапыр жардамчысы (англис Роберт Коул) да көмөк көрсөтөт.

Азыр да бүткүл адамзат коронавирустун жаңы түрүнө да “ашар” жолу менен жалпылап каршы турушу зарыл болуп турган чак.

Кытайдын ичкерисинде калып калган далай чет өлкөлүк ыктыярчылар ушул вирустун алдын алуу үчүн коомчулуктун аракеттерине ыктыярчы катары кол кабыш кылып жатышат. Алардын арасында алатоолук кыргыз студенттер жана башка адистер да бар экендигин сыймыктана айтсак болот. Мисалы, алар Кытайдын тарыхындагы 13 мамлекеттин борбор шаары болгон айтылуу Сиан (Шиан; Xī'ān) шаарында ушундай коомдук чараларга ыктыярчы болуп көмөк кылып жатышат.

Айтмакчы, кээ бир кыргызстандыктар Бишкекте же башка шаарда март айына беленденген концерттери, той же башка чаралары өткөрүлбөй калганына кыжаалат болуп жатканын Интернеттеги коомдук тармактардан окуп калдым. Алардын каржылык жагдайын да түшүнөм. Бирок...

Кыргызстандан да бай мамлекеттерде коомчулук жана бийликтер калайык арбын чогула турган мындай иш-чаралардан качып жаткан кезде, менимче, биз да өзгөчө этият болушубуз керек. Мунайзат кени арбын Сауд Арабстандын ички дүң өнүмү 1,7 триллион долларга тете. Кыргызстандыкы –– 24,4 миллион долларга тете. Сауд Арабстан акчасы жоктугунан улам же дааватчылары кыргыздардыкынан азыраак болгонунун айынан кичи ажылык сапарларга бөгөт коюп отурган жери жок го. Бул ажылык сапарлар деле саудиялыктардын бүжөтүнө киреше түшүрчү булак болуп саналат.

Батыш Европада бир катар ооруканалар өтө зарыл учурларда гана бейтапты кабыл албаса, калгандарына Интернет жана телефон аркылуу гана кеп-кеңеш берген тартипке өтүп жатышат. Дүкөндөр да онлайн тапшырыктарды көбүрөөк тейлей башташты.

Мындай убактылуу зарылчылыкты кабыл алуу жана ага ыңгайлашуу аркылуу болочокку мындан да алааматтуу учурларга даярдык көрүп жаткандырбыз? “Сактансаң - Кудай сактайт” деген сөз бекеринен чыкпагандыр.

Кээде азил, такмаза аркылуу да калайык жаңы коркунучка беленденүүгө чакырып жатабы деп ойлойм.

Мисалы: “Кыргыздар коронавирус жуктурган жакыныбыздын ал-акыбалын сураш үчүн жанына барып, бетинен өөп койбосок болбойт деп котолой берип кырылып калаар бекенбиз” деген кара юмордун өзү да сергек, этият болууга үндөйт.

Айтор, азыркы опурталдуу кезеңде да ар бир пенде коронавируска кабылгандардын өлкөлөрүн же аймактарын жана бейтаптарды эч табалабастан, утурумдук жалпы адамзаттык кыйынчылыктарды адамгерчиликтүү жана боорукер мамиле аркылуу жеңип чыгуу үлгүсүн көрсөтүүсү абзел.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG