Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Дүйнөнү коронавирус коркунучу каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вашингтон менен Сеул коронавирус коркунучуна байланыштуу март айына белгиленген биргелешкен аскердик машыгууну кийинкиге калтырды.

Түштүк Кореяда 27-февралда бул илдет дагы 330дан ашык адамга жукканы белгилүү болду жана илдетке чалдыккан кишилердин саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандар Кытайдан башка 50дөй мамлекетте катталды.

Түштүк Кореяда коронавируска чалдыккан адамдардын саны 1600гө чамалады. Соңку маалыматка ылайык, 12 адам ажал тапты. Сеул ооругандардын көбү Тэгу шаарынын тургундары экенин жана алардын басымдуу бөлүгү «Шинь-Чонжи» диний сектасынын жолдоочулары жана алардын жакындары, тааныштары болорун билдирди.

Аталган сектанын мурдагы жолдоочусу Ан Со Йоң азыр бул шаарда ооруганын жашырууга аракет кылгандарды табууга коомчулук жапырт жардам берип жатканын айтты:

«Саламаттык сактоо органдары 31-оорулууну издеп жатканы тууралуу маалымат келгенде, мен ата-энеме ал адам «Шинь-Чонжи» сектасынын мүчөсүнө окшош экенин айттым. Анан мен айткандай эле болуп чыкты. Баскан-турганын жашырып жүрүү - аталган сектанын маданияты. Мен ушундан улам ал «Шинь-Чонжи» сектасынан экенин билдим».

Иран.
Иран.

Түштүк Кореяда америкалык 28,5 миң аскер жайгашкан жана Вашингтон менен Сеулдун биргелешкен аскердик машыгуусу март айында өтмөк. АКШнын президенти коронавируска каршы күрөшкө жооптуу кылып вице-президент Майк Пенсти дайындады. Буга чейин Вашингтон вируска каршы чараларды күчөтүү максатында Конгресстен 2,5 миллиард доллар сураган эле.

Коронавирус коркунучунан улам Сауд Арабиясы 27-февралдан баштап бул өлкөгө кичи ажылык - умрага келе турган зыяратчыларды убактылуу киргизбей турганын кабарлады. Ошондой эле вирус катталган мамлекеттерден туристтердин келишине тыюу салды.

Италияда вирус 470тей адамга жукканы белгилүү болду. Ал арада Италиянын түндүгүндө вируска кабылгандар эң көп катталган Ломбардия аймагынын губернатору Аттилио Фонтана карантин шарттарын сактай турганын айтты. Мунун алдында анын кеңсесиндеги бир кызматкер вирус жугузуп алганы белгилүү болгон. Аттилио Фонтана өзүнүн анализдери таза чыкканын айтып, тургундарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды:

«Мен албетте, өзүм үчүн жана кызматкерлерим үчүн кубанычтамын. Бирок бүгүнтөн баштап кайсы бир жагдайлар өзгөрөт. Мен өзүм санитардык мекемелердин сунуштарын аткарып, эки жума бою карантин шартында жашаганга аракет кылам. Эми мени жакынкы күндөрү беткапчан көрсөңөр чочулабагыла. Бул биринчи кезекте менин жанымдагы адамдардын, менин менен жашаган жана иштеген адамдардын коопсуздугун сактоо аракетим. Мен жалпыбыздын аракетибиз менен бир канча күндүн ичинде вирустун жайылышын басаңдатып, андан кийин токтото аларыбызга, бара-бара кадимки жашообузга кайтып келерибизге ишенем».

Венеция, Италия.
Венеция, Италия.

Италияда мектептер, коомдук жайлар убактылуу жабылып жатат. Эл көп катышуучу иш-чараларды уюштуруп-өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул өлкөдө жалпысынан 55 миңдей киши жашаган бир канча шаарда карантин жарыяланды.

Жапонияда вирус жугузуп алгандардын саны 170тен ашты. Ал эми Иранда болсо 140ка чамалады. ИРНА маалымат агенттиги бул өлкөдө 20дан ашык адам өлгөнүн билдирди. АКШда 60 адамдан вирус чыкты. Бул оору менен ооругандар Германия, Франция өңдүү бир катар Европа мамлекеттеринде да катталды.

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирус 2700дөн ашык адамдын өмүрүн алды. Бул ооруну жугузган кишилердин саны 78 миңден ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG