Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Коронавирус камаган кемедеги жашоо

«Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинде турат. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. Карантинге алынган кемедеги жашоо сүрөттөрдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча кемеде бир кыргыз жараны бар. Маалыматка ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жугузушу мүмкүн деген шек жаралган. Министрлик Жапониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG