Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

"Кытайдын Борбор Азияда көздөгөнү саммитте билинет"


Кытайда өтчү саммит, Оттава менен Бээжиндин дипломатиялык тиреши жана үч ата-энеден туулган бала. Дүйнөлүк басылмалар өткөн жумада жазган макала, баяндарга сереп.

The Diplomat 18-19-майда Кытайдын Сиань шаарында өтчү саммитти утурлай басып чыккан материалда Бээжин менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн алакасына токтолду.

Автор Кэтрин Пуц Кытай лидери чөлкөмдөгү беш президент менен Орусиясыз буга чейин онлайн режимде гана жолугушканын, биринчи жолу алар бир үстөлдө бетме-бет чогулушарын белгиледи.

Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги саммитти өлкө жыл башынан бери өткөрүп жаткан “биринчи ири дипломатиялык иш-чара” деп сыпаттаган.

Маалыматка караганда, Си Цзинпин “маанилүү сөз сүйлөйт”, президенттер Кытай-Борбор Азия алакасынын өнүгүү жолун карап чыгып, пикир алмашат, эл аралык, аймактык маселелерди талкуулашат жана саясий документтерге кол коюшат.

Макалада айтылгандай, “кайсы маанилүү саясий документтер” тууралуу кеп жүргөнү белгисиз, бирок ошол документтер Бээжиндин чөлкөмдөгү максаттарына көбүрөөк тактык киргизери калетсиз.

5+1 форматындагы кездешүүлөрдү Бээжин 2020-жылы баштаган, акыркысы былтыр январда болгон.

Автордун пикиринде, АКШ өңдүү көпчүлүк державалар Борбор Азиянын саясий көз карандысыздыгын баса белгилешет, ошол эле маалда беш өлкөнү бириктирүү менен эки тараптуу мамилелердеги сезимтал маселелерден качып кутулушат.

Макалада Кытай менен саммиттерде бара-бара экономикалык алакалар эмес саясий мамилелер үстөмдүк кыла баштаганына көңүл бурулат.

Андан ары 2013-жылы Си Цзинпин "Бир алкак, бир жол" демилгесин баштагандан бери Борбор Азия Кытайда маанилүү геосаясий талкуулардын чордонунда болуп келатканы баяндалат. Украинадагы согуш башталгандан бери Москванын позициялары солгундаган шартта Бээжин үчүн чөлкөмдө ири мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

Бул жерде Орусия менен Кытайдын мамилелери кеңири сөз болуп, талданат.

Макалада саммит Жапонияда "Чоң жетинин" лидерлери чогулуп жаткан учурда болору белгиленет.

"Эки жолугушууга тең Орусия катышпаганы менен талкуулардын чордонунда болмокчу", - деп жазды Пуц. Анын көз карашында, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү орус-украин согушунун создугуп кетишине кызыкдар эмес.

Кытайдын Канаданын ички саясатына кийлигишүү аракети

Ал арада Кытай менен Канаданын ортосунда ири дипломатиялык жаңжал тутанганын 9-майда The New York Times гезити жазды. Басылма окуянын чоо- жайына кайрылып, тараптар бири-биринин бирден дипломаттарын өлкөдөн чыгарганын баяндаган. Тагыраагы, расмий Оттава кытайлык дипломатты персона нон грата деп жарыялагандын эртеси, Бээжин Канаданын Шанхайдагы консулдугунда иштеген кызматкерге чыгып кетүү көрсөтмөсүн берди.

Гезиттин кабарчылары Йонетт Йозеф менен Вивек Шанкар жазгандай, бир нече айдан бери Канадада Кытайдын кийлигишүүсүнө байланыштуу ызы-чуу тынчыбай келет. Бир нече жергиликтүү абройлуу маалымат каражаттары чалгын кызматтарына таянып, Бээжин акыркы эки шайлоодо премьер-министр Жастин Трюдо жетектеген Либералдык партиянын жеңишин камсыздоо аракетин көргөнүн жарыялашкан. Маалыматка караганда, муну менен Кытай ага катаңыраак позицияны ээлеген деп эсептеген Консервативдүү партиянын жеңишин алдын алууну көздөгөн.

Бул кабар саясий жаңжалга алып келип, Канададагы демократиянын бекемдигине байланыштуу көптөгөн суроолорду жараткан. Кытай өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

The New York Times мартта жарык көргөн көз карандысыз отчетко таянып жазганына караганда, 2019-2021-жылдары болгон шайлоолорго Кытай, Орусия жана Иран аралашууга аракеттенген, бирок жыйынтыкка андай кыянат иштер таасир эткен эмес.

Ошол жашыруун документте Канададан чыгарылган кытайлык дипломат Жао Вей парламент мүчөсү, консерватор Майкл Чонгду жана анын Кытайдагы үй-бүлөсү тууралуу маалымат чогултуп жүргөнү баяндалган.

Эмне дегенде 2021-жылы депутат Чонг Шинжаңдагы уйгур азчылыгына каршы жүргүзүлгөн саясатты геноцид деп атоо демилгесине демөөрчүлүк кылганы үчүн Бээжиндин каарына калган. Андан кийин Кытай бийлиги ага каршы санкцияларды киргизип, өлкөгө кирүүгө, кытайлык жарандарга аны менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салган.

Жао Вей иштеген Торонтодогу консулдук дипломаттын дарегине айтылган дооматтар негизсиз экенин билдирди.

Макалада айтылгандай, Оттава менен Бээжиндин ортосундагы чыңалуу 2018-жылы өзгөчө курчуган. Анда Канада АКШнын өтүнүчү менен Huawei компаниясынын жогорку жетекчисин камакка алган. Жооп иретинде Кытай канадалык эки жаранды кармап, тараптар мунасага жетишкенден кийин бардыгы кое берилген.

Үч ата-энеден төрөлгөн балдар

Британияда үч кишинин ДНКсын колдонуу менен бир нече ымыркай төрөлдү. Дарыгерлер ЭКОнун же жасалма уруктандыруунун жаңы, заманбап процедурасын жүргүзгөнүн The Guardian 10-майда жазды.

Ньюкасл университетинин илимпоздору балдардын генетикалык оор илдеттерин алдын алуу ыкмасын иштеп чыккан. Бул ыкмада оорулуу эненин 0,1 процент ДНКсын гана пайдаланышат.

Британия өкмөтү баланын үч ата-энеден төрөлүшүнө жол ачкан методиканы 2015-жылы жактырган. Ньюкасл клиникасы тиешелүү лицензияны биринчи болуп алган. 2018-жылдан бери, Британиянын эмбриология жана жасалма уруктандыруу башкармалыгы билдиргендей, беш ымыркай ошондой жол менен туулган.

Гезиттин жазганына караганда, потенциалдуу ата-энелер менен кызматташа турган донорлор жетпей, жараян пандемиядан улам жайлап калган.

Үч ДНКны колдонуу менен төрөлгөн алгачкы ымырай жарык дүйнөгө Мексикада келген. Бирок процедура АКШда жүргүзүлгөн.

Ньюкаслдагы окумуштуулар өздөрүнүн изилдөөлөрү жөнүндө жарыялаганда ага каршы чыккандар да көп болгон. Мисалы Рим католик жана Англикан чиркөөлөрү үч тараптуу ЭКОнун этикага каршы келерин айтып жүрдү. Укук коргоочулар эми жуптар балдардын сырткы келбетин – көздөрүнүн, чачтарынын түсүн каалагандай, “заказ менен кылдырууга” киришет деп чочулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG