Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Кытай Украина менен Орусияга атайын чабарманын жиберет


Украинага Кытай делегациясын жетектеп бара турган Ли Хуэй.
Украинага Кытай делегациясын жетектеп бара турган Ли Хуэй.

Кытай 15-майдан тарта Украина, Орусия жана айрым Европа өлкөлөрүнө атайын чабарманын жиберет. Бул Орусияга Украинага согуш ачкандан бери Киевге Кытайдан барган алгачкы жогорку даражалуу өкүл болот.

Бээжин Украинадагы согушта нейтралдуу позицияны карманарын билдиргени менен, Москваны айыптабаганы үчүн эл аралык сынга кабылып келет.

Өткөн айда Кытайдын лидери Си Цзинпин алгачкы жолу телефон аркылуу украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөн. Көп өтпөй Бээжин Украинага делегацияны Ли Хуэй баштап барарын жарыялаган. Ал 2009-2019-жылдары Кытайдын Орусиядагы элчиси болгон.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь 12-майдагы маалымат жыйында Ли Хуэйдин Украина, Орусия, Польша, Франция жана Германияга сапарынын башкы максаты "украин кризисин саясий жайгаруу үчүн бардык тараптар менен сүйлөшүү экенин" белгиледи.

XS
SM
MD
LG