Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:19

Пригожин Украина Бахмутта контрчабуулду баштаганын билдирди


Орусиялык «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.
Орусиялык «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин.

Орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Украина контрчабуулун баштаганын билдирди.

11-майда Телеграм-каналы аркылуу жарыялаган аудиосунда украин күчтөрү даярдыктан өткөнүн жана тиешелүү курал-жарак менен жабдылганын айткан.

Андан бир аз мурда эле украин президенти Владимир Зеленский Би-Би-Сиге курган маегинде контрчабуулга өтүү үчүн куралдуу күчтөргө дагы көбүрөөк даярдык зарыл экенин билдирген.

"Биз бир аз күтө турушубуз керек. Бир аз убакыт керек", - деди Зеленский.

Пригожин Зеленскийди анткорлукка айыптап, учурда контрчабуул толук жүрүп, украин күчтөрү Бахмут аймагында соккуларды уруп жатканын кошумчалады.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, "аймактагы жалпы кырдаал көзөмөлдө экенин" билдирди.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргендей, орус армиясы Бахмут-Авдеевка-Марьинка согуш тилкесинде сокку урууну улантып жатат.

Бахмут калаасынын 75% орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө экени кабарланган.

Согуштан келген маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG