Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Кызылча, кызамык менен ооругандар үч жүздөн ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар быйыл жыл башынан бери 313кө жеткенин бүгүн 12-майда "Азаттыкка" Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Алардын көбү (158) Ош облусунда.

Былтыр бул оору менен бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган.

Ал эми кызамык (краснуха) оорусу быйыл жыл башталгандан бери 10 адамда аныкталды.

Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG